"Фабула” гезити Конституциялык соттун чуулгандуу чечими жөнүндө жазды.
Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити “Кыздары кыйын кыргыздын” деген рубриканын алдында “Таасири зор Ала-Тоонун алты айымы” аттуу Мирлан Дүйшөнбаевдин, “Тарыхы жаман партия жарга такалат” аттуу Малика Саматованын, “Кумтөрдү референдумга алып чыгуу менен өлкөнү башаламандыкка түртүү пландалганбы?” аттуу Аман Иманалиевдин макалаларын, “Бизде шарият полициясы менен шарият соттору иштөө керек аттуу Нурлан Мотуевдин маегин тартуулады.
“Де-фактого” ошондой эле депутат Бакыт Жетигенов “Ушунча жыл жер сатып келгенибиз жетишет” деп интервью берди. Ал айрым курч окуялар мыйзам менен, өз убагында чечилбей баратса эле мурдагы бийликтегилерге шылтап коюу модага айланып кеткенин, бирок чек ара маселесинде чын эле өткөндөрдүн кесепети бар экенин, Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны саткан соң Баткен тараптагы кичине жерлер такыр эле көңүл сыртында кала бергенин айтты. Депутат айрым саясатчылардын “Атамбаев колуна бийликтин баарын топтоп алды” дегендерине кошулбастыгын, аз болсо да жылыш болуп, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын кошумчалады.
“Алиби” гезити саясий маалыматтардан тышкары айтылуу Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” аттуу китебин кыргыз тилине биринчи болуп которуп чыккан маданият ишмери Төлөгөн Козубековдун “Жусуп Баласагын- Ала-Тоолук кыргыз кулуну” деген макаласын басты. Макалада Баласагындын кыргыз экенин жазуучу Козубеков анын китебиндеги көптөгөн сөздөр түп нускасында эле нукура кыргыз тилиндеги сөздөр экенин далилге тарткан. Маселен: “калайык, черик, душман, жүрөк, торко, улар, төр, кымыз, жуурат, сүт, кишен, арка-жөлөк” жана ушул сыяктуулар.
Ал эми эмгек сиңирген мугалим Алымбай Кызаев “Казак элинин “казак” болуп аталышы жана кыргыздар” деген иликтөө макаласында 8-10-кылымдарда кыпчактар келип жайгашып, азыркы Казакстандын эң чоң аймагы “кыпчак талаалары” деп аталганын, 12-кылымда кидандар же кара кытайлар келип алар менен аралашып кеткенин, казак деген ат Чыңгызхандын башкаруусунан улам пайда болгонун кызыктуу фактылар менен баяндаган.
“Кыргыз туусу” гезити бул санын Баткенге байланыштуу “Өз жерибизге өзүбүз ээ боло албай калабызбы?” деген макала менен ачып, Ак-Сай элинин атынан: "Баткенде баары эле жайында эмес”, “Чек арасы татаал аймакта чече турган иш арбын”, “Баткендиктер: “Жаңжал чыкканда эле келесиңерби?” деген аталыштагы чек ара көйгөйлөрүнө арналган макалалардын топтомун жарыялады. Ушул эле гезитте журналист Мырзакат Тыналиевдин “Бажы биримдиги өргө тартабы же көргө тартабы? “аттуу анализ макаласы да бар.
“Фабула” гезити Айбек Шамшыкеевдин “Конституциялык палатанын кооптуу чечими коомчулукту дүрбөлөңгө салды” деген макаласын басты. Автор Конпалатанын төрагасы Мукамбет Касмалиев буга чейин Башпрокуратура тергебеген, бирок башка укук коргоо органдары тергеп аягына чыгарган кылмыштуу иштердин баарын жокко чыгарганын, Башпрокуратура гана тергеши керек, калганы мыйзамсыз деген чечим чыгарып салып мыйыгынан күлүп турганын, Бакиевдердин кандуу кылмышын прокуратура эмес Ички иштер министрлиги иликтеп, сотко ашырганын, эми бул чечимден кийин алардын кылмыштары жокко чыгып, акталып кетерин айтып жаны кашайды. Журналист андан ары Конституциялык соттун төрагасы Касмалиев Улуттук коопсуздук комитетинде 2007-жылга чейин Жаныш Бакиевдин кол алдында иштегенин, анын ушундай чечим чыгаруусуна оңбогондой суммадагы “жашылбайлар” кетиптир дегендей түркүн кеп-сөз кызуу талкууга алынып жатканын, адистер эми Конпалатанын чечимин өзгөртүү кыйынга турарын, кыргызды кыйратып кеткен Данияр Үсөнов өңдүү далайлар эми кутулуп кетип, баштагыдан да жаман кутуруп турганын кейиш менен жазып чыкты.
“Жаңы агым” гезити “Эң туура чечим” деген кабарында президент Алмазбек Атамбаев быйылкы жылды “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деген жарлыкка кол коюп туура кылганын, анткени так ушундай жарлык зарыл экендигин, анткени түштүк чек арада тажиктер менен атышып, түндүк чек арада уйгур сепаратисттери басып кирип жаткан маалда журт башчысынын өлкөнүн бүтүндүгүнө, элди биримдикке чакырган аракети абадай керек болуп жатканын кабарлады.
Аталган гезит “кечээтен баштап Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясы менен Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бириккендиги жөнүндө кеп тарады” деп;
“Нарын телеси светти төлөбөй жагып жүргөндөрдүн тизмесин көрсөттү. Баарынан кызыгы тизме башында карызы 43 миң 915 сомго жеткен Ат-Башынын акими Жакып Субакожоев, карызы 35 миң 603 миң сомго жеткен салык кызматкери Элмира Мураталиева, шаардын соту Медел Султаналиев, шаардын вице-мэри Алмаз Суранов, обладминстрациянын кызматкери Акматалиева бар экен" деп маалымдады.