"Ата Журтту уурдап, тоноп кетишти..."

“Тил маданияты” Кыргыз эл акыны Омор Султановдун ырларын окурмандарга тартуулады.
Бүгүн “Тил маданияты” гезити гана жарык көрдү. Аталган гезит Финансы министрлигинин Мамлекеттик тил жана котормо бөлүмүнүн башчысы Роза Бектурованын "Мамлекеттик тил мамлекеттик кызматта канткенде өнүгөт?” деген аталыштагы макаласын басты. Роза кыз өз сөзүндө тилди үйрөнүү муктаждык болгон жерде, катуу талап коюлганда гана илгери жылаарын белгиледи. Ал ошондой эле ар бир үй-бүлөнүн балдары кыргыздын салт-санаасын, маданиятын сыйлоо менен тарбияланышы зарылдыгын, өнүккөн жапон өлкөсүндө ата-энелер балдарына башка тилдерди билүүгө шарт түзүү менен үйлөрүндө жалаң өз эне тилинде сүйлөшөрүн, өз элинин каада-салтын өтө катуу сактаарын мисалга тартты.

“Азыркы жаштар интернеттен эмес китептен окушса” деген тилегин Сокулуктун Асылбаш айылынын китепканачысы Айнура Канжаева билдирди.

Ысык-Көлдөн журналист Жээнбай Түрк Каракол шаарындагы жарыя такталардын дээрлик бардыгы орус тилиндеги жазууларга толуп турганын чакан макаласына кошуп, далилдүү фото сүрөттөрү менен жарыялады.

Театр ишмерлер союзунун башчысы Жаныш Кулмамбетов союз убагында Куурчак театрынын артисттери 40 жаштан эле пенсияга чыгып турганын, тилекке каршы азыр андай болбой калганын, анткени 40 жаштан кийин куурчактарды көтөрүп иштөө артисттерге кыйын болуп каларын, ошондуктан Эмгек кодексине бул норманы кайрадан киргизүү керектигин айтып маселе койду.

Айгерим Макенованын макаласы “Комузда кол ойноткон Наталья” деп аталып, Бишкектин №65 мектебинин комуз ийриминин жетекчиси Наталья Мокрополованын кыргыз балдарын комузга үйрөтүп келатканын баяндап берди. Көрсө Наташа Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын окуп бүткөн экен.

“Салбуурун” федерациясынын президенти Алмазбек Акуновдун маеги кыргыздын эзелтен келаткан салбуурун же тайган таптап, куш салуучулук өнөрү унутулуп калар кезинде кантип кайрадан жандантканын, бүгүнкү күндө салбуурунчулук боюнча Ысык-Көл менен Таласта сөзгө аларлык иштер жүрүп жатканын кенен айтып берди.

Эми мына ушул “Тил маданияты” гезитинин бир бетине толтура чыккан Эл акыны Омор Султановдун ырларынан окуй кетели. Акындын бардык элдин, бардык жердин кыздарына арнаган ыры мындай:

Таалайы бар кыздар сонун жансыңар,
Тандырбаган таттуусуңар, балсыңар.
Берилгенде көз бозоруп, көр болуп,
Бектер, хандар, президенттер алсыраар.
Ар кимиңде бар бир улуу касиет,
Азамат эр дал ошого баш ийет.
Кайдан, кантип келип калат билбейсиң,
Жанды эритип козгогон бир масилет.
Окшойсуңар суу төгүлгөн жоргого,
Дайым даяр тер төгүүгө жолдордо.
Бакыт конуп батасыңар жыргалга,
Балкып эрип бойго жетип толгондо.
Эңсеттирип турат дайым көзүңөр,
Жакшы гүлдүн жытына окшош сөзүңөр.
Жан сергитип турасыңар жадырап,
Табышмактуу тагдырсыңар өзүңөр.
Бардык элдин, бардык жердин кыздары,
Кызыл гүлдөй өсүп турган кыштагы.
Качан болсо сулуусуңар бактылуу,
Силерсиңер сарсанаанын душманы.
Силер деп мен болсом дагы кызыл май,
Сүйүүм өсөт,-деп жазгамын, -кызымдай,
Ал андыктан бардык кыздар мен үчүн.
Нурун төгүп турган бакыт кызылдай.

Эл акыны Омор Султановдун дагы бир – “Жылды узатуу” деген ыры:

Сен да кеттиң кеткен жылдын бириндей,
Баягы мен жакшылыктан түңүлбөйм.
Күнөөм бардай басып жүрөм жер карап,
Май түгөнгөн чыракка окшоп үлүңдөйм.
Сырымды айтып баарын сенден чыгардым.
Сен үндөбөй өзүнө окшоп чынардын.
Булар деле оңолбойт го деп ойлоп,
Курганалабай кир санаага чыландым.
Булар деле баягылар сыяктуу,
Ойлоп койбойт ыйман, намыс, уятты.
Бирин-бири аяр алдап турушат,
Күлүп сүйлөп, келип сөздүн кырааты.
Улуураагы жашыраагын көөлөшөт,
Жаштар кайра улууларды жөөлөшөт.
Калайык-калк киши таппай туу кылар,
Турган кезде айла кетип карайлап,
Уурдап атат баягы эле уурулар.
Сенде эмне кеп? Сен бир айкөл караансың,
Мезгил деген мелмилдеген араансың.
Акыл калчап жер чукулайм ой менен,
Жоо чапкандай мынча эмнеге таландым?
Кан жыттанган каракчыдай түндөгү,
Кантип, кайдан тоноп кетти ким мени?
Кандай гана болуп атат билбеймин,
Калп өңдөнөт кары-жаштын күлгөнү.
Болду дечи, менде да иштер ар кандай,
Айла жоктон жалган айтмай, алданмай.
Кокус мен да жаңылышып турамбы,
Кол чабуулар маа сезилет жалгандай.
Көптөр менен арасынан көчүңдүн,
Көрүп туруп көр сөздөргө көшүлдүм.
Ата Журтту уурдап, тоноп кетишти,
Акын туруп айтпаганга, кечиргин.,–дейт.