Торко жашын тор артында тоскондор

Сүрөттүн макалага тиешеси жок

“Фабула” гезити бүгүнкү санында мурунку министр Ибрагим Жунусовду “Ата-Журт” партиясын “кидайт” этип, туруксуз адам экенин аныктаган кадамга бара жатканы ачыкталды",- деп сындап, Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясына мүчө болору 3-октябрда белгилүү болушу мүмкүн деп жазды.

Ушул эле гезитте Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун көлөмдүү маеги басылып, анда 8-кичирайондогу Совет-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги белгилүү ырчы Керим Тураповго таандык делип жаткан жерде кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөт отургузулуп калыбына келтирилери, мурунку бийлик үч жылда 18,5 чакырым жол оңдосо, азыркы бийлик 120 чакырым жолду оңдогонун айткан.

Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиевдин Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин басмаканадан жаңы чыккан “Агындылар” деген китебине жазган баш сөзү “Ыр менен жазылган поэма” деген темада басылды.

Ал эми “Алиби” гезити журналист Дайырбек Меймановдун “Бийликтен көзү каткандар” деген көлөмдүү макаласына орун берди. Анда автор "кырдаалга жараша утуру бир жакка ойт берип келе жаткан генерал Өмүрбек Суваналиев, атына заты жарашпаган Байболов, Бакиевдердин кол баласы Максат Кунакунов" деп сыпаттап, алардын ишмердүүлүгүнө учкай токтолгон.

“Алиби” гезитинде 80 сом жана шалдыраган телефон уурдалды делип шектелип кармалган Вадим Сокольников деген Бишкектин тургуну Октябрь райондук соту тарабынан 5,5 жылга эркинен ажыратылганын, 80 миллион уурдагандар эл башкарып жүргөнүн кабарчы Канышай Мамыркулова жазып чыкты. Гезит “Атасына таянган, айыл чарбасына сүйөнгөн саясатчы” деген темада Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин саясий ишмердүүлүгү боюнча эл арасынан сурамжылоо да жүргүзгөн.

“МК Азия” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында “Каракчы абышкалар” деген темада Кыргызстандын жаза өтөө жайларындагы карылардын жашоо-шарты баяндалган. Анда абакка кесилгендердин 6 пайыздан 9 пайызга чейинкилери жашы улгайып, арасында 80 жаштан өткөн абышка-кемпирлер, көзү азистер, майыптар бар экени айтылат.

Ушул эле гезитте парламенттин он депутатынын 2012-жылдагы кирешелери тууралуу декларациясына 1 миллион сомдон ашуун каражаттары бар экендиги, дагы он депутаттын алган айлыктарынан тышкары киреше булактарынан түшчү каражаттар 3,5 миллион сомдон 62 млн. сомду чапчыганы көрсөтүлгөн.