Он беттүүлөр турганда кантип оңолобуз?

Иллюстарция

Бүгүн жарык көргөн “Искра” гезити жаңы санын “Марат Султанов коррупционерби?” деген макала менен ачып, редакциянын “колуна” 2004-жылы Марат Султановго козголгон, бирок эмнегедир убактылуу токтоп калган кылмыш ишинин справкасы тийгенин эске салып, ал Улуттук Банктын төрагасы болуп турган маалында мыйзамсыз буйрук менен өзүнүн башка адамдарга катталган фирмасына 1 млн. 865 миң АКШ долларын бөлүп берүүнү тапшырганын, бөлүнгөн акча андан ары Марат Султанов өзү директорлор кеңешинин төрагасы болгон “Кыргызмунайзтка” (ГАК) которулганын, мамлекетке келтирген бул зыяндар ошол күндөн ушул күнгө чейин ордуна коюлбаганын, депутат Марат Султанов болсо кезектеги депутаттыгын жыйынтыктап, дагы бир партия менен Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн кайрадан аттанганын жазуу менен “тойгончо жеп, өлгөнчө карганган он беттүү шылуундар парламентке келсе Кыргызстан кантип оңолот?” деп суроо койду.

Президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Темир Сариевге Талас элинин кайрылуусун Таластагы Кара-Ой айлынын тургуну Чубак Жумалы уулу жолдоду. Кайрылуунун капталында автордун эл жөнүндө термеси кошо басылды. Кайрылуусунда Чубак Жумаалы уулу Таласка 15 чакырым темир жол төшөп, Суусамыр-Жамбыл жолун бир багытка жүрө турган кылып салып, газ түтүгүн орнотуп, 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере турган көп кабаттуу турак жайларды куруп, Таластын кен байлыктарынын элге тиер үлүшүнүн эсебинен металлургиялык комбинат куруп, сууларын суу түтүгү аркылуу агызып барып казактар менен өзбектерге сатып пайда көрүү керектигин жазган.

“Искранын” ушул эле санында саясий партиялар жөнүндө макала, Фейсбуктан алынган Өмүрбек Абдырахманов менен Адил Турдукуловдун баракчалары бар.

“Вечерний Бишкек” гезити жакында өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Нарын каскадында курула турган ГЭСтердин иши кандай жүрүп жатканын көрүү үчүн барып, бул долбоор жүзөгө ашса мамлекеттин энергетикалык коопсуздугу үчүн жакшы шарт түзүлөрүн, андыктан эл бул демилгени колдошу зарылдыгын, ал эми өкмөт элдин кызыкчылыгы үчүн экономиканы көтөрүүгө бардык мүмкүнчүлүгүн жумшарын, баарыбыз мамлекеттин күчтүү болушун каалап турганыбызды, ал үчүн бекем тартип керектигин белгилегенин, бирок тилекке каршы, стратегиялык маанилүү деген Нарын дайрасындагы ГЭСтердин курулушу эмнегедир кечеңдеп жатканын жазып чыкты. Жогорку Нарын каскадындагы курулуш тууралуу кеп козголсо эле Орусия тарап курулуш үчүн тиешелүү жер бөлүнүп берилген эмес, дегенди бетке кармап чыга каларын, бирок иш жүзүндө мындай эместигин, курулуш үчүн 1137 гектар жердин айыл чарбасына жарактуу 365 гектары гана министрлер кабинетинин кароосунда жатканын, өкмөт бул менчик жердин ээлерине акчалай компенсация төлөп берүү же башка жер менен алмаштырып берүү жагын 15-сентябрга чейин чечиши керек деген тапшырманы Темир Сариев бергенин жазып чыкты.

Аталган гезитттин редакциясында коомдук пикир боюнча тегерек үстөлдөгү талкуу өтүп, ага Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, публицист Эсенбай Нурушев, филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев, “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова катышканын, тегерек үстөлдү “Вечерний Бишкектин” кабарчысы, журналист Нарын Айып алып барганын окуйсуздар.

Кыргызстандын чиновниктери өлкөдө эпизоотикалык абал ойдогудай, тынчсызданууга эч кандай себеп жок деп элибизди ишендирип келатса казакстандык адистер андай эмес деп айтууда. Кимиси чын, кимиси жалган? Вячеслав Аникиндин макаласында ушул тууралуу кеп болду. Акыркы жылдары Кыргызстандын эти экологиялык жактан чындап эле таза экендиги тууралуу көп айтылып келатканын, а бирок эт азык-түлүктөрүн өндүрүү жагы аксап жатканын, стат далил боюнча алып карасак, республиканын сырттан сатып алган ар түрдүү азык-түлүк жана малдын импортунун суммасы 622 млн. долларды түзсө, экспортунун суммасы мындан үч жарым эсеге төмөн болгонун, статчылар өткөн жылы 204, 1 миң тонна эт өндүрүлгөнүн, бул 2013-жылга салыштырганда 10% арбын дегенди түшүндүрөрүн, медиктердин айтуусу боюнча, өлкөнүн ар бир жараны жылына 70 килограммдан эт жеши керек болсо, бизде бул көрсөткүч 48 гана килограммга жетерин жазып чыкты.