“Искра” гезити “Жылдыз Жолдошеваны ээрден оодарууга кимдер кызыкдар?” деген макаласында “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидерлеринин бири, депутат Камчыбек Ташиев туруп-туруп эле, бир маалда, Чыңгызхандын образына кирип кетип, “жол турса кетип тескери” дегендей, бийликти басып алмакчы болуп, Ак үйдүн каалгасы турса темир кашаасынан секири, анысын бүтүндөй калайык калкка телевизор аркылуу көргөздүрүп, кылмыш кылды деп, түрмөгө түшүп калган кезинде биринчилерден болуп “Ата-Журттун” тайманбас депутаты Жылдызкан Жолдошева “Ташиев секирген эмес, жөн эле ишине бараткан” деп төшүн тосуп коргоп чыкканын, Жылдыз качан болсо Камчынын таламын талашып келгенин, эми болсо “Ата-Журттун” жети депутаты тымызын чогулуп, төрт депутат макул, үч депутат каршы болуп, Жылдыз Жолдошеванын ордун Дастан Жумабековго алып бермекчи болгонун, ушунун баарынын артында Камчыбек Ташиев турганы айтылып, жазылып жатканын маалымдады.
“Искра” гезитине академик Сабырбек Жумабеков “Оорулуу оорусунан айыгып, батасын берип, күлүп-жайнап ооруканадан чыгып кетсе, менин бактым ошол” деп интервью берди.
Кыргызстандын Тоо-кен жана геология бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев маегин “Жерүй кени боюнча өкмөттүк комиссия бир топ катачылыктарга жол берди” деп атап, ушул күнгө дейре тоо-кен тармагы боюнча сабатсыз, элдин кызыкчылыгын эске албаган саясат жүрүп келатканын, өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү аталган адамдардын тоо-кен тармагы боюнча түшүнүктөрү жоктугун, алар жеке кызыкчылыктарын дайыма элдин кызыкчылыгынан жогору коюп, мамлекеттин тапшырмасына жоопкерсиздик менен мамиле жасап келаткандыгын, ошондуктан тоо-кен тармагы боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү керектигин, антпесе Жерүйдүн айланасындагы чыр эч качан токтобой тургандыгын белгиледи.
Ушул эле гезит “Акыйкаттык издеген багбандын арманы” деген макала басты. Макалада Кадамжайдын Ак-Турпак айылында 8 гектар какыраган таштак жерди тер төгүп жүрүп 17 жылда гүлдөгөн өрүкзарга айландырган Садыбакас Мадымаров аттуу багбандын жерге документ жасап алгандар менен талашы жеринен чечилбей дөңгөлөнүп отуруп Кыргызстандын Башкы прокуратурасындагы таасирдүү адамдарга келип такалганын, багбандын Жогорку Кеңешке, президентке жазган каттары жеркуйга түшүп кеткендей жоопсуз калганын, өрүкзарды талашып жаткан Малик Жарматовдун уулу Улан Маликов жана анын келинчеги экенин, Уландын келинчеги болсо баш прокурордун мурдагы орунбасары Бекмаматов Темирбектин карындашы болорун жазды.
“Вечерний Бишкек” гезити “Сөздүн өзүнөн котормосу маанилүү болгондо” деген тема менен буга чейин кыргыз тилдүү гезиттердин ызы-чуусуна айланган бир жагдай боюнча журналист Нарын Айыптын “МК-Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов менен маегин жарыялады. Кепти башынан баштасак, 5-декабрда КТРКнын кезектеги “Тоолуктардын ток-шоу” берүүсүнөн жазуучу Баяс Турал кыргыздарды арстанга, ал эми башка улуттагыларды чөөлөргө салыштырып сүйлөгөнүн, бирок ага үн катып койбогон коомчулук, качан гана ошол сөздөрдү Бабакулов орус тилине которуп жарыялаган соң ызы-чуу салып чыкканын, буга байланыштуу берүүнүн алып баруучусу Мирхамид Токтогулов кызматтан кеткенин, балким тажырыйбасы аз, кругозору жетиле элек, профессионалдык жактан начар жаш журналистти мынчалык жазалабай, андан көрө окутуп, үйрөтүп алса болмогун, мына ушундай берүүлөрдү телеканалдан кетирерден мурда телекомпаниянын гендиректорунун орунбасары көрүп чыгышы керектигин, бир улуттан бир улутту жогору коюп сүйлөө эч качан эр жүрөктүүлүккө жатпай тургандыгын, улут аралык маселе деген өтө татаал экендигин, кылт этсе кырдан тайып кетерин эскертти.
Биз дагы “Азаттык” радиосунун атынан “Улутчул” менен “Мекенчил” дегендиктин айырмасы эмнеде экенин билбегендерге айта кетели. “Улутчул” деген өз улутун жанындай сүйөт, бирок улуттун проблемаларын, улутту улут кыла албай келаткан өксүк маселенин баарын өз улутунан көрбөй, башкалардан, башка улуттардан көрөт, өзүн күнөөлөбөй башкаларды күнөөлөйт.
Ал эми “Мекенчил” деген өз эли-жерин улутчул сүйгөндөн артык сүйбөсө кем сүйбөйт. Бирок улутту уят кылып аткан маселелерди, улутту өстүрбөй келаткан маселелерди башка улуттардан эмес, өз улутунун өксүк иштеринен көрөт. “Улутчулдук” менен “Мекенчилдиктин” айырмасы мына ушунда...