Желим бөтөлкө көп ишке жарайт
“Көк асаба” гезитинен врач Абазбек Шералиевдин мончонун ден соолук үчүн пайдасы тууралуу берген кеңешин, 10-кылымда катуу селден жок болуп кеткен Кочкор-Башы-Суяб деген шаар болгонун, азыр анын ордун эки жарым метрге чейин топурак, кум басып калганын, орус изилдөөчүсү Н. А. Аристов бул жерден миңдеген адамдардын сөөгү, буюмдар чыкканын убагында жазып кеткенин, тарыхый баалуу аймактын көбүн менчикке бербей сактап келатканын, 2013-жылы археологиялык музей ачканын Кайырбек Коңурбаевдин “Кочкор өрөөнүндөгү алааматтуу сел” деп аталган макаласынан окуйсуздар. Акын Муратбек Рысбековдун 60ка чыкканын, анын поэзиясы башкалардыкынан башкачалыгы менен айырмаланарын Улуттук университеттин окутуучусу, акын Кыял Тажиева сөз кылды.
Жазуучу Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” жөнүндөгү баяны уланды.
Музыкалык 54 аспапта ойногон атактуу музыкант, Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин кызыктуу маегин да ушул “Көк асаба” гезитинен табасыздар. “Манас” таануу теледолбоору жакшы башталганын тележурналист Кундуз Аманованын маегинен окуп билсеңиздер болот. Колу жөндөмдүүлөр пластикалык бөтөлкөлөрдөн адамдын оюна келбеген нерселерди, мисалы гүлдөрдү, гүл салгычтарды, күнөсканаларды, баткакта кие турган көлөчтөрдү, күндөн калкалагычтарды, көлдө сүзө турган кайыктарды жасап, үй курса болорун ушул гезиттеги сүрөттүү баян менен таанышканда ишенесиздер.
Журналист кызматчыга айландыбы?
“Вечерний Бишкек” гезити “Грантжегичтер” деген баш тема менен жаңы санын ачты. Москвадагы Жеңиш парадынан кайтып келген 13 ардагер жана аскердик парадга катышкан Улуттук Гвардиянын жоокерлери тууралуу макаланы тартуулады.
Журналист Нарын Айыптын “Кто последний к Икраму?” деген макаласы жарык көрдү. Автор бир катар "Вечерний Бишкектин" юристтери телеканалдарды сотко берүү үчүн даттануу документин даярдап жатканын маалымдап, аталган телеканалдар “Вечерний Бишкек” гезитин бир жактуу жамандаган гана материалдарды берип туруп алганын, алар бир гана жогору жактын буйругу менен иштеп жатканын жана антпей койгонго аргасы да жоктугун, анткени жетекчилеринин колу-буту байлануу экенин, маселен биринин сигналдарды таркатуучуларга миллиондогон карызы болсо, экинчисинин эсепке алынбай келаткан аябагандай көп рекламалары барын белгилеп, деги эле биздин өлкөдө бир дагы ак иштеген бизнесмен, артында калбыры жок бир дагы чиновник, бир дагы журналист калбай калганын, ошентип бийликтин заказын аткарган журналисттер журналист болуудан калып жөн гана бийликтин кыл дегенин кылып чуркап турган кызматчыга айланарын, мына ушундай адилетсиз иштер болуп жаткандыгына карабастан Кыргызстандагы “Журналист” деп аталган коомдук бирикме, “Медиаполис институту” жана Журналисттер Союзу ушул убакка дейре бир дагы билдирүү менен чыкпагандыгы түшүнүксүз болуп жатканын жазып чыкты.
“Вечерний Бишкектин” бүгүнкү санына “Кыргызстан, 120 миң долларды кайрып бер” деген макала басылды. Макалада Кыргызстан кайрадан эл аралык чыр-чатактын борборуна айланганын жана бул боюнча саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин түшүндүрмөсүн окуп алсаңыздар болот.
“Биометрия ишеними” деген теманын алдында “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов, Боршайкомдун мүчөсү Ишенбай Кадырбеков, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов, “Адилет” укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова жана Саясат-укук иликтөө борборунун башчысы Тамерлан Ибраимов катышкан талкуу менен таанышасыздар.
Аз каражат жумшап, көп түшүм алса болобу? Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасы долбоорунун адистери Чүй облусунда прогрессивдүү ыкмаларды колдонуу менен ойдогудай түшүм алса болорун далилдеп жаткан дыйкандардын эмгеги тууралуу баяндады. Муну менен таанышкыңыз келсе, “Вечерний Бишкек” гезитиндеги “Урожай под флагом ООН” деген макаланы окусаңыз болот.