Чоочун маданияттын азгырыгы

“Азия ньюс” гезити “Манас Ордо”коомдук фонддун төрагасы Анарбек Усупбаевдин интервьюсуна окурман көңүлүн бурду.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын “КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбат бензин Кыргызстанда”” деген, “Бажы биримдигине чыдайбызбы?” деген макалалар, саясатчы Адил Турдукуловдун “Бийликтин ыплас саясатына каршы ачык күрөшө беребиз” деген чакан маеги менен ачты.

Ушул эле гезитке интервью берген Жогорку Кеңештин “легендарлуу” деп аталган парламентинин төрагасы, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов, чет өлкөлөр менен мамиле түзүү өзүнчө бир чоң искусство экенин, демек кандай гана мамлекет болбосун анын башка мамлекеттерге өзүнүн жүзүн көрсөтө турган күзгүсү –Тышкы иштер министрлиги болуп саналарын, ошондуктан чет өлкөлөрдө иштеген жана иштеп жаткан дипломаттардын алтын фондун түзүү керектигин, азыр чыныгы дипломаттарга көңүл бурулбай калганын айтты.

Парламенттин табияты жөнүндө сөз кылган тажрыйбалуу саясатчы Медеткан Шеримкулов, бийликтеги башкаруу бутактарынын ичинен сынга эң көп туш болгону парламент болуп саналарын, кайсы мамлекетти карабагын сын парламентке, андагы депутаттарга көп айтыларын, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин, эми кийинки парламенттик шайлоого бир жылга жетпеген убакыт калганын, элибиз жарышка түшкөн партиялардын, андагы талапкерлердин тизмесин өтө кылдаттык менен карап, ойлонуп туруп, улам эле өкүнө бербегидей болгон татыктуу адамдарды тандап алуу керектигин белгиледи.

Медеткан Шеримкулов сөзүнүн акырында, 15 жылдан бери аны президенттик жана парламенттик шайлоого катыштырбай, болушунча бут тосуп келатышканын, сотторго кайрылса жогор жактын айтканынан чыгалбай коюшканын, эмдиги парламенттик шайлоого сөзсүз катышарын, ал муну бийликке тойбогондунан эмес, саясаттагы тажырыйбасын, билимин жаштарга үйрөтүп кетиш үчүн жасап жатканын, кайсыл партия менен шайлоого аттанары жакында белгилүү болорун, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кеп кылды.

“Динге катуу ишенген мекендештерибиздин айрым жүрүм-турумун сынга алсаң эле чычалап жатып калышат. Биздин исламга эч каршылыгыбыз жок. Болгону исламды жеткире түшүнбөгөндөр бурмалап, дин маданиятын эмес, башка элдин маданиятын таңуулап жаткандыгына бушайман болуп жатабыз. Дүйнөнүн кайсы гана элиникинен ашса ашкан, бирок эч качан кем калышпаган каада-салты, маданияты, тарыхы бар кыргыз эмне үчүн араб маданиятына башын байлашы керек?". Мына ушул суроолордун тегерегинде ой калчаган “Манас Ордо” коомдук фондунун төрагасы Анарбек Усупбаев “салттуу ислам” дегени “кыргыздын салтын кармап иш кылгыла” деп атканы болорун, азыркы чоң молдонун жашы ашып кетсе 40та болгон менен сакалы саксаярын, кыргыздын салтында сакал дегенди 60тан ашканда атасы өлгөн адамга коюуга уруксат берилгенин, аны да бети менен мойнун каптатып эмес, ээгине эле чокчо сакал кылып адептүү койгонун, ал эми кырктан ашканда мурут койгонун, сакалдары сапсайып жүргөндөрдү биздин ата-бабалар кулдары катары көргөнүн, анткени кулдарда сакалын тегиздеп турган устара деген болбогонун белгилеп, кыргыздын өз каада-салтына, өз маданиятына суктануу, чындап эле биз дүйнөдөгү укмуш маданияты бар эл турбайбызбы деген сезим, бекем ишеним жакында өткөн “КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНАН” кийин пайда болгонун, жүрөгүбүз толкуп, көзүбүз ачылганын, кыргыздын кызы көзүнөн башкасын көргөзбөй кара чүпүрөк хиджаб кийинип, жигити саксайып, өмүрү таралбаган сакал коюп бүкүрөйүп баспай эле, бийкечтери шаңкылдап, жигиттери шартылдап, ат үстүндө шамал менен жарышып, улак тартып, тыйын эңип, мезгил менен теңата жашап келгенин көрүп ушундай каада-салтты туу тутуп сактап келген КЫРГЫЗ деген эл жашарына сыймыктанып, Кырчын жайлоосунда дүйнө жүзүнө салам жолдоп турганыбызды айтты. Ал эми динчилдер ар качан аялды эркектен төмөн санап мамиле кылганы кыргыздын каада-салты менен кайнаса каны кошулбастыгын, эгер ойлонуп көрсөңөр, кайсыл кудай урган дин бала төрөп, тукум улап, эркектин колу-буту, үйдүн куту болуп келаткан ардактуу аялзатын эркектен төмөн, кем санарын, кыргыз тарыхында, табиятында АЯЛГА ЭНЕ катары мамиле кылганын, АЯЛДЫ кымбат көрүп, ЭНЕНИ ыйык деп келгенин, кыргыз эркек балага катуу айткан менен, кызын ар дайым көкөлөтүп келгенин, бети-башын думбалабай, булуттай ачык, булактай таза сактап, башканын бүлөсү болгонго чейин сыйлап-урматтап жашаганын кеп кылды.

“Айат” гезити депутат Кенжебек Бокоевдин өкмөттү сынга алган интервьюсун жарыялады.

“Параграф” гезити аркылуу эмгек ардагери Капар Жолоев Кеминден кеп салып, кенедей Кыргызстанга 120 депутаттын кереги жоктугун, элүү депутатты кыскартканда эле 225 млн. сом үнөмдөлөрүн, ал эми төрт жылда 800 млн. сом үнөмдөлөрүн, бул акчага башка көйөгөйлөрүбүздү чечип алсак болорун жүйөгө тартып, ушуну ойлонуп көрүүгө башкы мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаевге чакырык салды.