Маданият мамлекеттин өзөгү

“Кыргыз Туусу” гезити жазуучу Самсак Станалиев жардамга муктаж болуп жатканын жазып чыкты.
“Кыргыз Туусу” гезити жаңы санын Нарынкүл Назаралиеванын “Ар бир алтынчы кыргызстандык Ата Мекендик согушка катышкан” деген макаласы менен ачты.

Кыргыз эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев “Жазуучу жардамга муктаж” деген кат аркылуу акын, сынчы, адабиятчы, 16 китептин автору, анын ичинен Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматовго арналган романдарды жазган жазуучу Самсак Станалиев жүрөк ооруга чалдыгып эки күндүн биринде төшөктө жатканын, аялы иштебесин, бойго жеткен кызы шал оорусуна кабылып, тубаса майып экенин, өзү жалаң чыгармачылык деп жүрүп пенсияга да документ топтобогонун, азыр карегин операция кылганга каражат таппай карайлап турганын, жардам кылган жакындарынын көзү өтүп кеткенин, ошого байланыштуу комиссия түзүп, жардам бербесе болбой калгандыгын жазуу менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышты.

“Сиз далайдын ажаатын ачып жүрөсүз. Элдин башы катары, калемдеш катары бул жолу да жардамга келериңизге үмүт чоң, Самсакты колдобогон бир да журналист, бир да жазуучу болбосо керек” деп аяктайт кат.

Кечээ облустук бийликтин имаратынын алдына митингге чыккан баткендиктер президенттин Баткенге келип, эл менен жолугуп, чечилбей келаткан чек ара маселесин тажик тарап менен биргелешип чечип берүүсүн, Баткендин губернатору Жеңиш Разаковдун ордуна Мамат Айбалаевди губернатор кылып дайындап беришин талап кылып тарашканын бүгүн жарыкка чыккан “Алиби” гезити маалымдап, эски, бирок мыкты жетекчилердин бири Мамат Айбалаевдин “Мен кеткенде тажиктер сүйүнүп той беришкен” деген аталыштагы маегине окурман көңүлүн бурду.

Айбалаев чек ара маселесин чечүүнү сыр кылып атпаганын, аны чечүүнүн жолдорун ыңгайы келген жерден айтып эле келатканын, бирок бийликтегилер анын айтканын укпай жатканын, биринчиден, эки элге илгертен бери урушуп-талашпай бир туугандай жанаша жашаган эл экенибизди түшүндүрүү керектигин, экинчиден, Тажикстандагы кыргыздар менен Кыргызстандагы тажиктердин жашаган аймагы менен элин алмаштыруу зарылдыгын, антпесе маселе тынчыбай калгандыгын, бийлик өзү элге үлгү болуп, маселени чечмек тургай бийликке жалаң ызы-чуу, жаңжал менен келгенди үйрөткөнүн, эгер өкмөт элдин талабын угуп, аны губернаторлукка коё турган болсо баткендиктерди азапка салган маселени чечкенге даяр экенин билдирди.

“Алиби” бүгүнкү санына “Кыргызстанда билими жагынан мага тең келчү саясатчы жок” деген ат менен доктор Апастын интервьюсун, өзгөндүк талант, ардагер мугалим Тургунбай Тагаевдин “Аймончок кыздын арманы” аттуу ыр-дастанын жана башка материалдарды тартуулады.

Чек ара маселесине бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити да кайрылып, айрым адамдардын ой-пикирине орун берди.

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров “20 үй-бүлө колдончу электр энергияны бир эле саунасына короткондор бар” деп маек берди.

“Фабула” гезити менен маегинде белгилүү кинорежиссер Артык Сүйүндүков “Кинодепартаменти менен “Кыргызфильмди” бириктирүү керек...” деп айтты. Маданият болбосо мамлекет болбостугун, бийлик ушуну түшүнбөй көп нерсени уттуруп жатканын, кээде эли кандай болсо, президенти да ошондой болот дегенге ишенип кетерин белгилеген кинорежиссер: “1- жана 2-президенттер эмнени кыйратты? Болгону мамлекетти талкалады, элди кыйнады. Эми чет өлкөлөрдө олтуруп алып уялбай акыл үйрөтүп жатышат. Азыркы президентибиз Кудайга шүгүр, бирок мындай тарыхый учур ал кишиге бир эле жолу келет, экинчи кайталанбайт. Ошондуктан катуу, чечкиндүү болуп, мыкты иштеп берсе болот эле” деп айтты.

Артык Сүйүндүков бийлик маданиятты майрам-салтанаттарды тейлей турган тармак катары көрөрүн, бул ары дегенде кесирлик, бери дегенде акмакчылык экенин, бирөөлөр жакшы иш жасап жатса ага жылуу сөз айтуунун ордуна көралбастык кылып жаткандар көп экенин айтып кейиди.

Ушул эле гезитке “Ата Мекендин” атасы Текебаевдин мыйзамына коомчулук каршыбы?” деген теманын алдында эксперттер Марс Сариевдин, Базарбай Мамбетовдун, Нурлан Орозбаевдин ойлору жарыяланды. Үчөө тең Текебаевдин Жогорку Кеңешке сунуштап жаткан “саботаж жөнүндөгү” мыйзамын анын шайлоо алдында элдин кызыкчылыгын көздөмүш болуп жаткан пиар-акциясы деп мүнөздөштү.