Парламенттеги "абысын айтыш"

“Алиби” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик ишине 2 жыл толгондугун жазып чыкты.
“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке келгенине эртең эки жыл толоруна арналган макаласы менен жаңы санын ачып, Кыргызстан деген мамлекеттин тагдыры жалгыз президенттин, өкмөттүн же 120 депутаттын эмес, ар бирибиздин колубузда экенин, бийликке отураары менен алкымын агыткан ач көз кадрлар бийликтин кадырын ого бетер кетирип келатканын, кыргыздын шору кул мүнөздүк, кошоматчылык, оозуна эмне келсе ошону сүйлөгөн ээн ооздук, бет тырмалыкта жатканын, ушундайыбызга Атамбаев күнөөлүүдөн бетер “кетсин эле кетсин” деп кыйкырып, элди дүрбөтүү менен Кыргызстан кыяматтан башка эч жакка баралбастыгын айтты. Эки жыл деген жалгыз президент эмес, арам дүйнө үчүн башын сайууга даяр турган саясатчылар үчүн да, баарыбыз үчүн да ойлоно турган аз мөөнөт эместигин эскертти.

Ушул эле санга вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Исмаил Исаков июнь коогалаңы болуп жатса 60 жылдык мааракесин өткөрүп, бийлеп жүргөн” деген аталыштагы интервьюсу басылды.

“Ачык саясат плюс” гезити “Сасыкбаева Ош коогалаңында провокация кылганбы?” деген кабарында Жогорку Кеңештин “абысын айтышында” Жылдызкан Жолдошева Асия Сасыкбаева жетектеген “Интербилим” бейөкмөт уюмунун Ош коогалаңына тиешеси бар экенин айтып чыкты, эгер чын эле анын бул коогалаңга тиешеси бар болсо бул аялды өлкөдөн кууп чыгыш керек” деп;

“Кара-Кечеде Бостери менен Жумгалдын “черныйлары” атышып, көлдүктөр кычыраган кышта көмүрсүз отурат. Өкмөт маселени тез арада чечпесе болбойт” деп;

“Кримавторитет “Женгону” Өмүрзаков калкалап жатса, Нурдинов издеп жатат” деген кабарларды таратты.

“Де-факто” гезити Нургазы Эсекеевдин “Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы: “Өз балдарын” коргоо амалы” деген макаласы жана “Акматбек Келдибековдун камалар алдындагы элге кайрылуусу” жарыяланды.
Өкмөткө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана улут аралык мамилелерди жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин деректири Накен Касиев “Коррупцияга каршы күрөштү саясый оюн деген туура эмес” деп интервью берип, азыркы жагдайда коррупционерлерди камоо оңойго турбастыгын, анткени бул илдетке чалдыккан чиновниктердин көбү туугандарына, жердештерине таянып, ар кандай башаламандыкты уюштуруп жибермейди салтка айлантып алышканын, ар бир башталган иштин тоскоолдуктары болорун, айрыкча коррупция менен күрөшө тургандардын душмандары күчтүү жана коркунучтуу экенин, бирок мыйзам андан да күчтүү экендигин, бардыгы мыйзам алдында бирдейлигин белгиледи.

“Фабула” гезити абакта жаткан Келдибековдун аялы өткөн жумада “баарыңарды чөгөлөтөм!” деп журналисттерди коркутса, кечээ аты Сталиндикине окшош Иосиф Аттокуров дегени “Төңкөрүш жасайбыз! Бийликти күч менен басып алабыз. Президентти айдап чыгабыз! Согуш ачабыз!” деп чыкканын, анын айтымында, бийлик Келдибековду тез арада камактан чыгарбаса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарын бат эле басып алып, анан Нарын менен Көлдү алдына салып айдап алып, Чүйдү чүлүктөп туруп, Бишкекти бир эле күндө алып, бийликти алмаштырып салат экен” деп жазган гезит, согуш дегенди көйнөгү жок баланын оюнундай көргөн Аттокуров деген ойлоп жатса керек “согуш!” десем эле “солк” эте түшөт деп, азыркы бийликти алеки заматта алмаштыра койчу күч жоктугун бу кысталак түшүнбөгөнүн, күч органдары бул ээн ооз сүйлөп, куру баатыр болуп көнгөн Аттокуровго ушул сөзү үчүн эле укурук салса боло тургандыгын билдирди.

“Жаңы агым” гезити “Ислам интеллектуалдары иштебесе болбойт” деген баштеманын алдында өткөн жуманын жекшембисинде Бишкекте өткөн “Орто Азиядагы исламдык ойгонуу процессинин алкагындагы интеллектуалдык демилге” эл аралык конференциядагы олуттуу ойлорго окурман көңүлүн бурду. Бул боюнча дин илимдеринин доктору Кадыр Маликовдун “Мусулман мусулманга тууган болуш керек” деген, Түркиядагы “Саодат” партиясынын башкы катчысынын орунбасары Якуб Будагдын “Демократия-мусулман өлкөлөрүн деградация кылуучу оюн” деген, Иран шейхи Саид Али Гази Аскардын “Иранда исламды жаманатты кылган диний агымдар аз” деген темада сүйлөгөн сөздөрү басылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Манас жаңырыгы” телерадиокомпаниясынын деректири Темирбек Токтогазиевдин “Манастагы Беш Бээжин бүгүн кайда?” деген аталыштагы иликтөө макаласынын алгачкы бөлүгүн тартуулады. Темирбек мырза жакында эле Кытай кыргыздарына барып кайтканын, атактуу манасчы абабыз Жусуп Мамай өз “Манасында” Бээжиндерди даана айткан менен, алардын каерде экендигин билбестигин, бирок Пекинде же Чоң Бээжинде болгондо кытай профессору Жаң Йоңхай Беш Бээжиндин бүгүнкү ордун көрсөтүп бергенин баяндады.