Сөзүңө эмес, өзүңө ишен

“Искра” гезити шайлоого бараткан партиялардын үгүт материалдарын басты.

"Искранын" бул санына “Майдан Kg” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркуловдун “Такталбаган маалымат кетип калыптыр...” деген ат менен түшүндүрмө каты жарыяланды. Каттын аягында ал: “Андыктан ошол күнү жазылган тууралыгы аныкталбаган кабар үчүн гезиттин атынан “Кыргызстан” партиясынан жана Шаршенбек Абдыкеримовдон кечирим сурайм” деген сөзү басылып чыкты.

“Искра” гезити депутат Акматбек Келдибековдун сотунан стенограмма жарыялоону улантты.

“Көк асаба” гезити “Баталар” деген баш тема алдында Арстанбек, Карга аке, Мойт аке, Сарт акелердин баталарын окурмандарга тартуулады. Анда эмесе Арстанбек олуянын берген батасын дагы бир жолу эсиңерге сала кетели.

“Зөөкүрдү чабар камчы бол, Кургак жерге тамчы бол. Дүлөйлөргө кулак бол, чөлдүү жерге булак бол. Аргымак минген баатыр бол, алсыздарга жакын бол. Күлүк минген күчтүү бол, күйдүргөнгө миздүү бол. Жесирлерге жөлөк бол, жетимдерге көмөк бол. Канкорлорго касап бол, калп айтканга мазак бол. Ууруларга айгак бол, угуттууга каймак бол. Бечарага калка бол, бедерсизге арка бол. Айтаар сөзгө кыска бол, Аптыгып алкым агытпай, атпай журтка нуска бол. Карөзгөй болбой калыс бол, колтугуңдан мактаган, кошоматтан алыс бол. Усталарга балта бол, уяттууга калка бол. Калк чөлдөсө жамгыр бол, Карыларга кайрым бол. Алы жокко айбар бол, ашы жокко айран бол. Эрегишке элчи бол, эл-журтуңдун кенчи бол. Тобулгунун өртү бол, тону жоктун бөркү бол. Байрак кармар жетик бол, бакырларга кешик бол. Балалууга бешик бол, бак-таалайга эшик бол. Жери жокко конуш бол, эти жокко союш бол. Пейилдүүгө бейпил бол, тар дүйнөгө мейкин бол. Нысаптууга байыр бол, мүлдө журтка шайыр бол. Таразанын ташы бол, так чындыктын башы бол. Санат дүйнөң сан болсун, санжыра сөзүң сай болсун. Калың кыргыз элиңе, кадырың артык баа болсун!” деген экен Арстанбек бабабыз.

Ушул эле “Көк асаба” гезитине өкмөт башчы Темир Сариевдин “Таттыбүбү эже менен бирге киного тартылганыма сыймыктанам” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. 1973-жылы, же Темир 10 жаштагы кезинде, Фрунзе шаарындагы спорт мектебинде окуп жүрүп, жайкы каникулда айылга барып калып, сынактан өтүп, эки ай Белогоркада, 20 күндөй Меркеден “Атадан калган туяк” аттуу көркөм фильмге баланын ролун ойноп тартылганын, классташы “Таттыбүбү эже менен киного тартылдым” десе ишенбей коюп, кийин фильмди көргөн соң ишенгенин жана айтылуу актриса Таттыбүбү туралуу эсиндегилерин айтып берди.

“Вечерний Бишкек” гезити академик Жамин Акималиевдин “Мен нанга каршы саясатка каршымын” деген макаласын басты. Жамин Акималиев нан деген барынан улук экенин баары жакшы билерин, бирок дүйнөдө өсөйүн, өнөйүн деген өлкөлөрдүн баары өз эгинин айдап, өз нанын өзү таап жеп, өзүнөн ашканын өзгөлөргө сатып жашап жатса биздин өкмөт менен Айыл чарба министрлиги жыл сайын буудайды Казакстандан сатып алып келатканын, буудайдын ар гектарынан 70 центнерден түшүм берчү “кыял”, “тилек”, “жамин” аттуу үрөндөрдүн сортун сеппей, дыйкандар агро ыкмалардын ыгын билбей кыйналып, өкмөт болсо дыйкандарды колдобой жатканын айтты.

Академик макаласында кант өндүрүүгө да кайдыгер мамиле жасалып келатканын, бүгүн өлкө кант менен өзүн өзү 10 процент гана камсыз кыларын, өткөн жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн 35 млрд. сомго сырттан сатып келген чарбасыздыгыбызды, эгер дыйканчылыкка маани берип, жерди иштетүүнүн көзүн таап иш кылганда мына ушул башкаларга кеткен 35 млрд. сом өзүбүздүн дыйкандардын чөнтөгүндө калмагын айтып каңырыгы түтөдү.

Ал ошондой эле Айыл жана суу чарба министрлигинин ордуна Экспорт министрлигин түзүүнү, аны башкарган министр биринчи вице-премьер-министр даражасында болуусу керектигин сунуш кылуу менен, бүгүн бодо мал да, майда мал да көбөйгөнүн, бирок айыл чарба жана мал азык-түлүктөрүн сыртка сатууда дыйкандар менен малчыларга жардам бере албасак, өзүбүздүн чек арабызды коңшуларга ачып салган менен өзүүбүз өндүргөн товарларды ошол эле коңшуларга сата албасак, Евразиялык экономикалык союзга кирген күчтүү өлкөлөрдүн кысымында кала берсек, анда акырындап малчылардын да көңүлүн калтырып, анан мал багуу да токтоп, даана журтта каларыбызды жүйөлүү далилдер менен баяндады.