Ээси жок шаар

Бишкек шаары

Бүгүн 74 жашында каза болгон таланттуу жазуучу жана көрүнүктүү коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов менен коштошуу зыйнаты өтөт.

Казат Акматов чебер жазуучу гана эмес, өз элинин чыныгы мекенчил уулу болчу. Чыгармаларында адилетсиздиктин бетин аёосуз ачуу менен, турмуш чындыгын мыкты чагылдырган таланттуу кара сөз чебери эле. Казат Акматов Кыргызстандын коомдук-саясый турмушуна активдүү аралашып, Кыргызстан эркиндикке ээ болгон алгачкы жылдары өзгөрүүлөрдүн башында туруп, Кыргызстан Демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрдүн бири болгон, ал мамлекетти бекемдөөгө татыктуу салымын кошкон.

“Искра” гезити буга байланыштуу гезиттин башкы редактору Адилет Айтикеевдин “Кош болуңуз агай, же кошок ордуна...” деген макаласын жарыялады. Анын алдында Казат Акматов менен президент Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик жана маданият ишмерлеринин коштошуу көңүл айтуусу бар.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун сотунан стенограмманы басууну улантты.

“Вечерний Бишкек” гезити кечээ Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмуна мүчө өлкөлөрдүн же Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери катышкан жыйын өтүп, анда эл аралык террорчулукка жана башка коркунучтарга каршы биргелешип күрөш жүргүзүү үчүн кошулган алты өлкө дүйнөдөгү окуяларды талкууга алышканын, анда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бир катар маанилүү маселелерди койгонун окурмандарга тартуулады.

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен бюджетинин ачык-айкындыгы боюнча Орусия менен Грузиядан кийинки үчүнчү орунда экендиги белгилүү болду.

Журналист Зинаида Сорокина даярдаган беттен Бишкек шаарын кышка даярдоо кызуу жүрүп жатканын, бирок эгемендик келген жылдан баштап туш келди курулуп келаткан көп кабаттуу үйлөр улам көбөйүп, тигил же бул мекемелердин ортосунда алдын ала макулдашылган бирдиктүү иш-пландын жоктугунан, үйлөр бүткөндөн кийин жылуулук өтө турган трассалар казылып, эбак эскилиги жетип, чирип бүткөн трубаларды алмаштыруу башталарын, бир жеринен суу шаркырап агып жатса, бир жери адам өтө алгыс аң-чөнөккө айланганын, жайды жайлай тим жатып, кышка саналуу айлар калганда гана башталарын, албетте чакчелекей түшүп жаткан мындай көрүнүштөр шаардыктарды жүдөтүп жатканын жазып чыкты.

Андан ары шаардык гезит Аламүдүн базарынын айланасы адам менен машиналардын кыймылынан оңой менен жан өтө алгыс абалда келатканын, плансыз курулуштар курула берип инженердик коммуникация барган сайын өзүнө түшкөн жүктү көтөрө албай, кооптуу абалга кептелгенин, кыскасы Кыргызстандын борбору кожоюну жок шаарга айланганын, кожоюну жок үй да ушундай чаңы сапырылып, чакчелекей түшүп жатарын жазып чыкты.

1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы көбөйгөнүн, буга карата мамлекеттен 2,2 млрд. сом каралганын, эми ал акча кандай шарт менен бөлүнөрүн билим берүү министри Элвира Сариева “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде айтып берди.