Уурусу күч болсо...

Иллюстрация

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” деген рубрикасы аркылуу бул ирет Талас облусунун акыйкатчысы Арзыкан Момунтаеванын “Менин үй-бүлөм да коркунучта” деп аталган кайрылуусун басты.

Кайрылууда Таластын Кара-Буура районунун сот аткаруучулары Ильгиз Карымбаев, облсоттун төрагасынын катчысы Алтынбек Алыбаев, Талас шаардык сотунун сот аткаруучусу Мукаш Кененсариев тарабынан зордукталдым деп мөгдөгөн Калия Арабекованын тарткан азап-тозогуна арачы болуп, кордолгон укугун коргоп келатканын, кылмышка барды деген үч жигиттин тең ата-энелери балдарды окуткан мугалимдер экенин, үчөө тең ага келип: “Эжеке, эптеп бул ишти токтотолу! Тиги кыздын алдына барып жыгылсак да болбой жатат. Сизди угат экен, баарыбыз биригип бир үй алып берели” дешкенин, “ортомчу боло албайм” деп болбой койгонун, ошондон тартып балээсине калганын, алар: "Арзыкан Момунтаева бизди Калияга үй алып бергиле” деп айткан болчу” деп курулай жалаа жаап киргенин, андан бери эки жыл өткөнүн, он сегиз жолу сот болуп, акыркысында “балдар 8 жылга соттолсун” деген соттун чечими чыкканын, эми күнөөлүү тарап апелляция жазуу мөөнөтү аяктаганга чейинки 10 күндү пайдаланып, Калиянын өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Карымбаевдин туугандары “Экинчи жолу зордуктады деп жок жерден чыгарып жатат” деп аны айыптап жатышканын, ушул окуяны мыйзамдуу териштирип, өз көзөмөлүнө алып коюу өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге айласы кеткенден кайрылып турганын жазды.

“ПолитКлиникада” мындан тышкары илим доктору Жолборс Жоробековдун “Америка зордукчул саясат жүргүзүүдө” деген, “Алдамчылыкка шектелген ырчы Омар реанимацияда” деген, “Атамбаев АКШ менен мамиле, Нарынбаев, шайлоо, бийлик мураскери тууралуу” деген макалалар бар.

“Фергана” эл аралык маалымат агенттигинин баяндамачысы Александр Травниковдун “Кыргызстанда шайлоо алдындагы жарыш башталды” деген аналитикалык баяндамасы жана орусиялык “Коммерсант” гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Кабай Карабековдун шайлоо тууралуу маеги, Сабира Күмүшалиева жөнүндө эскерүүлөр бар.

“Жаңы агым” гезити башкы редактору Аскер Сакыбаеванын президент Алмазбек Атамбаевдин сынга алган макаласы менен жаңы санын ачты. Журналист Тынчтык Алтымышевдин шайлоону талдоого алган макаласы “Партиянын көбү, элдин азы жакшыбы?”, “Саяпкерлер жана күлүктөр”, “Боор ооруткан оппозиция” деп аталып, коомчулукта Орусия “Ата Мекен” жана КСДП партияларына бирдей колдоо көрсөтөрү, акыркы окуялардан кийин Кыргызстандан көңүлү кайт болгон АКШ “Республика Ата-Журт” партиясына көңүл салып турганын жазып чыкты.

Автор корутундусунда эң эле кызыгы бийликке оппозиция болуп жүргөн саясатчылар Кубатбек Байболов, Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов бийликтин саясатын коргоп келаткан Феликс Куловдун партиясына кол куушуруп киргендерине таң калып жатканын, ушинтип бүрүшкөндөрү алардын ар-намысы жана абийири канчалык экенин ачыкка чыгарып салганын айтты.

Мындан тышкары жазуучу Нууман Сайдуллаевдин “Жээним Икрамжан Илмияновго дубай саламы”, Уран Ботобековдун “Сөз эркиндигин бир да хан жок кыла албайт” деген маеги, “Мырзакматовго чыккан мыйзамсыз өкүм” аттуу макала, “Мейкин Азия” фестивалы тууралуу сүрөттүү репортаж жана башкалар бар.

“Эгемен” гезити “Саясатчыларга жети суроо” деген рубриканын алдында 1-суроону “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевге ыйгарды.

Темасы “Агылган миллиондор, Мелис Мырзакматов жана Максим Бакиев карааны” деп аталды. Аталган гезит “Партиялар партияга арзуу айтып ачылат” деген, “Текебаевге “мани-мани” керек, Мырзакматовгочу?” деген, “Ата Мекен” мигранттардын атын сатпаса” деген, “Рина Приживойт Австрия элчилигинен акча уурдаганы үчүн куулган беле?” деген, “Жандалбастаган Александр Ким мыйзамсыз мүлкүн мыйзамдуу ээсине кайтарып бербейби?” деген, “Мурдунун учунан алысты көрө албаса да, качкын президенттерге кантип кошомат кылууну мыкты билген Эднан Карабаев” деген макалалардын топтому бар.

“Эгемен” гезити президенттин журналисттер менен Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуусун “Коррупцияга каршы күрөштө тандоо жок, шайлоодо алдоо жок” деген ат менен комментарийлеп берди.

Ысык-Көлдүн губернатору Эмил Каптагаевдин чакан маеги “Бишкектин ысыгынан качкандар көлгө келип жатат” деп аталды. Бакыт Абасбековдун макаласы “Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн багытталган” деген аталыш менен жарык көрдү.