Баарынан тегиз корккон соттор

“Мезгил ньюс” гезити баш макаласын “Мурда Нарымбаевден корккон соттор эми кандай позицияны карманышат?” деп атады. Сот реформасы боюнча оюн билдирген укук коргоочу Рита Карасартова:

"Биринчиден, сот реформасынын ушундай нукта башталганына ошол кездеги комиссияны жетектеген депутат Өмүрбек Текебаев менен Президенттик администрациянын башчысы Данияр Нарымбаев күнөөлүү деп ойлойм. Анткени соттук реформанын башында ушулар турган.

Экинчиден, ушул кезге чейин соттор тууралуу кандай гана сөздөр айтылбады! Эмне үчүн балыктан үн чыкса да Жамашевадан үн чыкпайт? Деги Жамашева эмнеге шайланды эле? Соттор пара алууда. Соттор мыйзам негизинде эмес, Ак үйдүн көрсөтмөсү менен иш алып барууда. Соттор өз укугун өздөрү коргой албай кор болууда. Бирок Жамашаева үн чыгарбайт. Балким таянганы бардыр.

Соттор Ак үйгө эмес, эл алдында, өз абийир сотунун алдында отчет бере турган күн келеби? Ушул окуялардан кийин Жамашеванын Жогорку Соттун төрайымы болуп иштөөгө моралдык укугу барбы?" деген суроону койду.

Депутат Равшан Жээнбеков маек куруп, "Дүйнөдөгү саясый оор процесстер Атамбаевге жана анын айланасындагы адамдарга бийликти толугу менен көзөмөлдөөгө жол бербейт. Алар каалайбы, каалабайбы, жакынкы убакта Кыргызстанда өзгөрүүлөр болот. Бирок ал президенттин тегерегиндеги адамдардын кызыкчылыгына жооп бербейт. Ал өзгөрүүлөр Кыргызстандын улуттук, мамлекеттик кызыкчылыгына жооп берет",-деп айтты.

Азимбек Бекназаров маегинде Алмазбек Атамбаевге кимдер санаалаш, кимдер душман экенин Данияр Нарымбаев даана көрсөткөнүн кеп кылды.

“Азия ньюс” гезити ислам динин жамынган террорчулар тарабынан коркунуч тууралуу сурап, айрым адамдарга кайрылды.

Кадыр Маликов: 16-июлдагы теракт “Ислам мамлекети” дегендин мүчөлөрү Кыргызстанда да бар экенинин далили. Балким мындай топтордун дагы бир нечеси болушу мүмкүн. Бийлик аларга каршы катуу чараларды көрүш керек. Ал үчүн имамдар чыныгы исламдан кабар берип, адамдардын ар кандай радикалдык топтордун азгырыгына кирип кетүүсүнө жол бербөөсү зарыл,-деп,

Нуржамал Байболова: Кыргыздын салтына такыр туура келбеген кийим кийген аял-эркектер күн санап көбөйүп баратат. Коңшу Өзбекстан менен Тажикстан мындай кийимдерге тыюу салса, биздин бийлик байкоочу гана болуп турат, мунун арты жакшы болбойт,-деп,

Артур Медетбеков: Радикалдык топтордун геометриялык ылдамдык менен өсүшү милициянын ыкшоо иштеп жатканынан кабар берет,-деп жооп берди.

“ПолитКлиника” гезити “Кыргызстан АКШ менен кызматташуу келишимин бузду. Мунун өлкөгө кандай таасири тийиши мүмкүн?” деп суроо салды.

Марс Сариев: "Эмне үчүн Азимжан Аскаровго наамды беш жыл ичинде бербей, шайлоо болор алдында беришти?" деген суроо туулат. Бир технология бар. Келишим боюнча келген каражаттарды текшерүүгө мүмкүн эмес болгон, балким ошол каналды пайдаланат деген маалымат болушу мүмкүн. Антпегенде Кыргызстан мындай кадамга барбайт болчу деп ойлойм,-деп,

Эмил Үмөталиев: Бул чоң жаңылыш кадам,-деп,

Мирлан Бакиров: Аскаровго сыйлык ыйгарардан мурда Кыргызстан менен бир ооз кеңешип койсо болмок. Бул Кыргызстандын намысын тебелеген менен барабар,-деп,

Осунбек Жамансариев: Кыргызстан көз карандысыз өлкө экенин далилдеди,-деп,

Бакыт Бакетаев: Аскаровго сыйлыгын берип биринчи кадамды АКШ жасады. Ага жооп кылып экинчи кадамды биз жасадык. Ушундай эле кырдаал убагында Грузияда, Украинада, бизде Акаевдин, анан Бакиевдин маалында болгон. Анын үстүнө биз Орусияга жакындап Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Булар да таасир этти. Бул түстүү революциянын бир белгиси. Ар кандай революция болор алдында ар кандай нааразылыктар чыгат. Биз эми бул маселени ырбатып албастан баарын дипломатиялык жол менен чечишибиз керек,-деп жооп берди.

“Жаңы агым” гезити “Данияр Нарымбаев кармалды, Канатбек Турганбеков жоопко тартылабы?” деген, “Атамбаевдин коррупция күрөшүнө ишеним калдыбы?” деген, “Центеррадан” ажырай албаган Кыргызстан АКШдан кол үздү” деген, ”Кыргызстанда жардыруулар дагы болобу?” деген, “Азыркы парламенттен кутулдук, кийинкиси кандай болор экен?” деген макалаларды басты.

Ушул эле гезит жазуучу Олжобай Шакирдин “Тамыртоо” деген аталыштагы жазылып жаткан жаңы романынан үзүндү жарыялады.

Бишкектин Үсөнбаев көчөсүндөгү №3 үйдүн айрым батирлери сойкуканага айланып, аларды милициялар коргоп, калкалап келатканын, абийирсиз жоруктардан тажаган жашоочулар арманын журналист Назгүл Калмамбетовага айтып берип, макала “Мелис Турганбаев дартыбызды угар бекен?” деген ат менен жарык көрдү.