Гезиттер: желеге чырмалган чымын

“Фабула” гезити журналист Алмаз Темирбек уулунун “Өкмөт менен парламент жөргөмүштүн желесине чырмалган чымынды элестетет” деген макаласын тартуулады.

Макала “Унутулган убада”, “Эки жүздүүлүк”, “Бир ок менен эки коёнду атуу”, “Какаганга муштаган”, “Чапкан сайын көз чыкпайт”, “Жамандын коногу билет болбойлу”, “Жуурканыбызга карап бут суналы” деген майда темалардан туруп, негизинен өкмөттүн ишин сынга алды.

Баратбай Аракеев макаласында депутаттыктан түшпөй эле шайланып келаткан кыргыздын акчалуу жигиттерин бирден санап келип, “Бир дагы кыргыз жигити жеке акчасын сарптап, бир көзгө көрүнөрлүк ишкана ача элек. Эл көңүлүнө алынган азамат өңдөнгөн жигиттердин көпчүлүгү эли менен жеринин тагдырына кенедей да күйбөйт. Эгер күйгөн болсо, анда коррупция тизгинин тартмак, кылмыштуулук кескин азаймак. Эркин мамлекетпиз дегенден бери 25 премьер-министр алмашыптыр. Азыркы өкмөт башчыбыз Темир Сариев кыйын учурда өкмөт башына келди. Четинен ишти жөндөп барат. Бир нерсени байкадым, ал мурунку премьерлердин көбүндөй катталуу үчүн жер кыдырбай, конкреттүү маселе чечүү үчүн барып жатат. Сариев элдин купулундагы эл күткөн премьер, келечеги президент болчу жигиттердин сабында турат” деп жазды.

Ушул эле автордун “Жүз киши жана кыргыз” деген баяны чыгармачылыгы менен кыргыз урматтап турган акындар Жолдошбек Бузурманкулов, Кыялбек Урмамбетов, кинорежиссер Темир Бирназаров тууралуу болду.

Айбек Шамшыкеевдин жаргылчагы бул жолу саясатчы Мыктыбек Абдылдаевдин ишмердигин талдоого алды.

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Батыркановдун маеги “Уюшкан кылмыштуу топтун 16 мүчөсүн камакка алдык, көбүнчөсү Камчы Көлбаевдин тобундагы балдар” деген ат менен жарык көрдү.

Жаркынай Кадыркулова макаласында таланттуу ырчы Шахра Талипова тууралуу кеп салды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Примаковдун доору аяктады” деген аталыш менен кечээ Москвда 86 курагында дүйнө салган орус өкмөтүнүн мурдагы башчыларынын бири Евгений Примаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгонун кабарлап, Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин макаласын тартуулады. Ушунун эле жанына экс-президент Роза Отунбаеванын да чакан эскерүүсү басылып чыкты.

Аталган гезит андан ары президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизели деп демилге көтөрүп чыккан фракция башчылары Феликс Куловго, Өмүрбек Текебаевге, Чыныбай Турсунбековго кат жөнөтүп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул эместигин билдиргенин жана ошол эле убакта Баш мыйзамды терең талкууга алуу зарылдыгын, аны арыдан-бери эле өзгөртө салууга болбой тургандыгын белгиледи.

Ошентип референдум болбой калды. Буга карата ойлорун Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова, “Адилет” укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова, “Республика” фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков айтып чыгышты.

Баш мыйзамдын айланасындагы Нарын Айыптын макаласы “Несерьезные игры серьезных людей” деген ат менен басылып чыкты.

Ушул эле гезит жакында эле акыйкатчылык кызматынан кеткен Бактыбек Аманбаевдин интервьюсун тартуулады.

Мындан тышкары Ысык-Көлдүн туристтик сезону жөнүндө, Азиз Батукаев жөнүндө макалалар да бар.