Кыргыз соту Москванын көз жашына ишенбейт

“Кыргыз туусу” гезити экономика доктору Айылчы Сарыбаевдин “Кризистен кантип чыгабыз?” деген аталыштагы маегин басты.

Айылчы Сарыбаев өлкөдө экономиканы натыйжалуу башкаруу системасы, ошол системаны түзүп жана кандайча иштете турган адистер зарылдыгын, эгер адистер бар болуп иштетели десе өлкө ар кандай деңгээлдеги коррупцияланган мыйзамдар менен чырмалып, коррупция адамдардын аң-сезимин бетондоп салганын, ошондуктан алар өлкөнүн буту-колун тушап, өнүктүрбөй, талкалап келаткан туура эмес мыйзамдарды, инструкцияларды, жол-жоболорду, көрсөтмөлөрдү мамлекеттин кызыкчылыгынан, Кыргызстандын келечегинен жогору коёрун белгилеп, өнүгүүнүн 12 жолун мисалга тартты.

Аталган гезитте журналист Жыпар Исабаеванын кичинекей манасчы Үмөт Болот уулу жөнүндө макаласы да бар.

“Айбат” гезити “Ушул жылдын 1-сентябрынан тартып 40 жылдык стажы бар эркектер, 35 жылдык стажы бар аялдар үчүн пенсияга 500 сом, ал эми калган пенсионерлер үчүн 250 сомдон кошулмай болду деп;

“Саясат таануучу Марс Сариев шайлоодо кырдаал курчуп кетиши мүмкүндүгүн, себеби КСДП менен “Ата Мекен” тирешип калса, аны сырткы оюнчулар пайдаланып кетиши ыктымалдыгын билдирди” деп;

“Инвесторлорго бут тосуп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеп жаткан саясатчыларды жоопко тартыш керек деп экономист Шумкарбек Адилбек уулу айтты” деп кабарлады.

“Фабула” гезити “Кадимки Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаеванын “колун” сураган партиялар көп болуп жатканын, “аяш эмеспизби, Данияр жок болгон менен мен бар эмесминби?” деп “Эмгек” менен бириккен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров колун сурап жатса, ортого алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовду “жуучу” салып, “Кыргызстан” партиясы да колун сурап жатыптыр, өз баркы менен байлыгын жакшы билген Динара “барсам КСДПга гана барам, башкага барбайм” деп жуучу түшкөндөрдүн супсунун суутуп жатыптыр” деп,

17-июнь күнү "Россия-1" каналы дагестандык Хасбулла Магомедов деген 76 жаштагы хирург кырк жылдан ашуун иштеп, 5 миңден ашуун операция жасаган деп жер-сууга көтөрө чаап мактаганын, аны карап туруп бүгүн 88 жаш курагында да кадимкидей иштеп, өзүнүн узак жолунда 20 миңден ашуун операция жасаган, азыр да жасап жаткан биздин атактуу академик Мамбет Мамакеевге салыштырганда орусиялык хирург жөн эле кенже класстын окуучусуна окшоп каларын журналист Баратбай Аракеев жазды.

Баратбай Аракеевдин дагы бир макаласы “Акчаны табарсың, абийирдичи?” деген ат менен жарык көрдү.

“Де-факто” гезити вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин чек ара маселеси боюнча маегин тартуулады. Журналист Назгүл Осмонованын макаласы “Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүк” деп аталды.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин маеги “Бийлик тазаланбай, анын натыйжасында баркы көтөрүлбөй жатат” деп аталып, бүгүн кадрлардын баягыдай эл алдында баркы, кадыры жоктугун, анткени алар эл менен иштегенди билбестигин, анан да эч ким “качан кетесиң?” деп сурабаса деле, президент “мөөнөтүм бүтсө бийликтен кетем” дей берчү болгонун, баары бир ал “калам” деген күндө да Баш мыйзам калтырбай тургандыгын, азыр сандаган партиялардын ичинен эл эки-үч гана адамдын атын билерин, өзүнө болсо партиялардын ичинен купулуна толуп турганы “Кыргызстан” партиясы экенин, партиялар бирикпесе болбой турганын айтуу менен Кыргызстанда Роза Отунбаева, Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Иса Өмүркулов, Алиясбек Алымкулов сыяктуу акылы тунук адамдар бар экенин кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Жогорку Сот мыйзамдарды бузуп жатат” деген макаланы коштоп москвалык адвокат Василий Сайкиндин “Мен Жогорку Соттун чечимине таң калдым” деген маегин басты. Сайкин өз сөзүндө буга чейин гезиттин чыр-чатагына байланыштуу эки инстанцияда кабыл алынган судьялардын каталарын Жогорку Сот оңдойт деп ойлогонун, анткени кандай мамлекетте болбосун сот ошол мамлекеттин мыйзам жоболоруна таянуу менен гана чечим чыгара аларын, бирок Кыргызстанда такыр башкача экенине таң калганын айтты.

Кабарчынын “Кыргызстандын айрым маалымат каражаттары сиз жөнүндө да сөз кылып, Бакиевдин ымалалашы деп жазды эле” дегенине Сайкин анын баары “Вечерний Бишкек” гезитин, ага кошуп аны каралаш үчүн ойлоп табылган кеп-сөздөр экенин, эгер чындап эле Максим Бакиев менен байланышы бар материал табышса, антип ушак-айың кылбай эле эмгиче элге алып чыкмагын, сот деген телеканалдар эмне көрсөтүп, гезиттер эмне жазып жатканына көңүл бурбашы керектигин, сот деген кара кылды как жарган калыстыгын гана көрсөтүшү керектигин, кыскасы Кыргызстандын Жогорку Соту мындай калыстык кылалбаганын айтты.