Бакиевдерди алып келүүгө кам көргөндөр

“Азаттык” радиосунун директору Венера Сагындык кызынын интервьюсун “Де-факто” гезити жарыялады.

“Фабула” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Европадагы иш сапарына атайын макаласын арнап, анын айткан айрым сөздөрүн шилтеме кылды. Алмазбек Атамбаев:

"Орусиянын президенти Путин менен достук мамиледе экендигим эч кимге сыр эмес. Ошол эле убакта Европа да бизге жакын. Молдовадан кийин мага эмнелерди гана айтышкан жок. Постсоветтик өлкөлөрдө олигархтар деп аталган адамдар көп маселени чечээрине таң калбай деле койсо болот. Украинанын президенти деле кедей адам эмес. Бизде деле Бабанов, Салымбековго окшогон партия лидерлери парламентке келип маселе чечиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүү боюнча бир топ келишимдерге кол коюлду” деп айтты.

Ушул эле санда интернеттен алынып басылган Камчыбек Ташиевдин Жаныш Бакиевге жолуккандагы сүрөтү чыкты. Сүрөттө Ташиев алдыда боло турган шайлоодо депутаттыкка шайланып, андан спикер болуп, анан президентти кулатып, Бакиевдерди алып келүүгө жол ача тургандыгы жазылганын маалымдаган гезит эми жакында Бабанов Лондондогу досу Максим Бакиевге бара турганы тууралуу кеп болгонун да кошумчалады.

Ушул эле гезит аркылуу кыргыз милициясы тууралуу жакшы сөздөрдөн турган макаласын жазган Баратбай Аракеев “Жүз киши жана кыргыз” деген баянын улантты. Анын бул жолку каармандары генерал Сүйүн Өмүрзаков, Улуттук университеттин мурдагы ректору, азыр бакандай институттун директору, профессору Искендер Исамидинов, депутат Тынчтык Шайназаров, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Таалай Курманов болду.

Ошондой эле бул санда “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Рыскелди Момбековдун “Бир нерсени билем, Жаныш аттыргандан да кайра тартпайт” деген ат менен көлөмдүү интервьюсу апрель окуясынын 5 жылдыгына арналып, ошол окуя кандай болгонун, ошондо кимдер эмне кылганын дагы бир ирет элдин эсине салды.

“Жанызак” басма үйүнүн директору Жаныбек Жанызактын маеги “Сойкукананын көбү депутаттардыкы экен, мыйзамдаштырып, салыкты олчойто салыш керек” деп аталды.

“Де-факто” гезити “Парламенттик шайлоого чейин “Кумтөр” маселеси чечилбейби?” деген, “Мөл булактай мөлтүрөгөн Расул Умбеталиевдин “калбырлары” деген, “Коррупция менен күрөшүү президентке эле керекпи?” деген макалаларды тартуулады. Маданият министри Алтынбек Максүтов “Маданияттын деңгээли көтөрүлсө, ошол мен үчүн чоң ийгилик” деп маек курду.

Ушул эле санга “Азаттык” радиосунун директору Венера Сагындык кызынын “Бийлик “Азаттыкты” жабам дегенде эки жолу, туура 28 күндөн кийин тактыдан кулаган экен” деген ат менен “Де-факто” гезитине маек курду. Ушул эле санда “Ажонун Европага жасаган иш сапары ийгиликтүү аяктады” деген теманын алдында эки бет толтура сүрөттүү баяны жарык көрдү. Ушул эле гезитте академик Абдылдажан Акматалиевдин “Манас” эпосу боюнча, саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин оппозиция боюнча маектери бар.

“Айбат” гезити баш макаласын “Ата Мекен” өлкөнү эмнеге түртүп жатат?” деп атап, анда партиянын “Кумтөргө” байланыштуу позициясы сынга алынды. Гезитте “Соймоңдогон тилдер сын таккандардын колунан бирдеке келеби?” деген, “Бир шахтаны иштете албаган Садыр Жапаров мамлекет башчысы болгусу келеби?” деген, “Бригаданын” балдары алды-артынан тал кармашты”, “Мамбюджетти майкандап, менчик бизнесин гүлдөткөн Ташиев” деген, “Келдибеков тууралуу “Ит арыгын баксаң ооз каңдайт” деген, “Порно-тасма чуусунан кийин кызматтан кеткен Эгембердиев Рахматулла кармалды” деген макалалар бар.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кыргызстан менен Европанын мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлөт” деген баш тема жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин “Кыргызстан Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жакшы көпүрө” деген сөзү менен менен ачты. Гезиттин эки бетинен президент Алмазбек Атамбаевдин Европага жасаган иш сапары кандай болгондугу менен толук маалымат алсаңыздар болот.

Ушул эле санда “2004-жылдын мыкты романы” деген рубриканын алдында белгилүү жазуучу Султан Раевдин “Жанжаза” романы өткөн жылдын мыкты романы деп табылганын, анын китеби боюнча пикирлерин Жазуучулар Союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, жазуучулар Мар Байжиев, Казат Акматов айтып чыгышканын кабарлады.

Аталган гезиттен ошондой эле илим доктору, профессор, “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору, “Кыргыз Тарых Коомунун" президенти Тынчтыкбек Чоротегиндин “Парламенттик демократия – тарыхый залкар мүмкүнчүлүк” деген макаласын окуйсуздар.