“ПолитКлиника” гезитинин “Президентке кат” рубрикасына бул ирет Мамлекеттик каттоо кызматкерлери Б. Жакыпбеков, Б. Карыбеков, К. Суюмбаев жана башкалар колун койгон “Коррупциялык схеманы түзгөн Шаикова жоопко тартылсын” деген кат жарыяланды.
Аталган гезиттин жакшы жаңылыгынын бири 2009-жылдан бери Швейцарияда жашап жаткан журналист Жеңишбек Эдигеев “Кыргыз-француз сүйлөшмө сөздүгүн” жарыкка чыгарганын кабарлады.
“Аксы окуясы унутула элек, Акаев болсо сөөгүм Кыргызстанга коюлса дейт” аттуу макалада Аксы окуясы эскерилди.
Депутат Алтынбек Сулаймановдун маеги “Жоомарт Оторбаев бечелдигин көрсөтүп келатат” деп аталса, Албина Караева Кыргызстандын экономикасын талкалаган программалар жөнүндө сөз кылды. Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн бири Жусуп Абдырахмановдун күндөлүгү жана Айгүл Бакееванын Абдырахмановдун кызы Ленинадан алган маеги да бар.
“Азия ньюс” гезити аркылуу анын башкы редактору Асланбек Сартбаев “Камактан чыктым, кайра баштайм!” деп билдирди. “Карышкырга” эмне үчүн “Манас” орденин бербейбиз?” деген макалада журналисттер арасында “карышкыр” деген каймана аты бар Сабыр Муканбетовдун атуулдук позициясы, түз айтып, түз сүйлөгөнү, айрым жагдайлардагы көкжалдыгы, жигиттиги тууралуу кеп болду.
“Азия ньюстун” дагы бир кабары “Суваналиев менен Мадумаров бириксе, өлкөдө саясий кырдаал өзгөрөт” деген ат менен Акыл Жайлообаевдин Ош шаарынан келген катын жарыялады. Экс-депутат Урмат Аманбаева “Кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлде көтөргөндүгүм үчүн мени каралашууда” деп маек берсе, экс-губернатор Жусупбек Жээнбековдун маеги “Жаныш Бакиев мага Жалал-Абаддагы банктагы акчаны алып чык деп айткан” деп аталды.
“Баягы асаба” гезити кайрадан жарык көрүп, бул санына Аида Салянова менен маекти басты. Кабарчынын "330 машинасы бар экен деген чынбы?" деген суроосуна "карандай калп" деп жооп берди.
Күйөөсүнүн көмүр боюнча күнөөлөнүп жатканына жооп кылып, көмүр чуусуна тиешеси жоктугун, тескерисинче тендерге президенттин өзүнүн тиешеси бар деп айтылып жатканы тууралуу андан Атамбаев укканын, сыягы ага ушул сөздөр катуу тийсе керектигин белгилеп, ал иштеп жүргөндө президенттин колдоосуна муктаж болбогондугун, бирок качан ага чабуул башталганда Атамбаев четтен карап турганын, колдоонун жоктугун ошондо сезгенин, албетте мансаптууларга кылмыш ишин ачып, көп душман топтоп алганын, Нарын аймагындагы ийгиликтүү жолугушуулардан кийин бийлик ага, анын партиясына ар тараптан тоскоолдуктарды уюштура баштаганын, бирок ал саясий ишмердигин уланта берерин айтты.
Аталган гезитте дайынсыз жоголгон жоокерлерди таап берип келаткан Каныбек Мырзакановдун баяны да кызыктуу.
“Асман плюс” гезити Динара Бейшеналиеванын “Ишкерлердин укугу корголобу?” деген макаласы менен жаңы санын ачты.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков маек куруп, Акаев бийлигинин кулаган мезгилине 10 жыл болгонун эскерип, Акаевди ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов, коргоо министри Эсен Топоев, достору Ташкул Керексизов менен А. Малабаев сатып кеткенин, ошол кездеги мамкатчы Осмонакун Ибраимов Акаевдин саясатына каршы экенин айтып отставкага берсе, администрация башчысы Тойчубек Касымов да Ак үйдөн зуу койгонун айтуу менен башка жагдайларга кенен токтолду.
Депутат Каныбек Иманалиевдин “Карга канча каркылдаса да, бүркүт болбойт” деген аталыштагы маегинде депутат Карганбек Самаковго байланыштуу суроолорго жооп берип келатып, Жаныш Бакиев Минскиден киши жиберип Карганбек Самаковду издетип жүргөнүн, Жаныш Бакиевдин атын укканда Карганбектин жүрөгү болк этерин, “Манас” эпосу, жер маселеси тууралуу кеп кылды.
“Айат” гезитине Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев “Бизге карата “кара пиарларды” көралбастар айтып жатат” деп маек куруп, акыйкатчынын тарыхында биринчи жолу ар кандай талылуу маселелер боюнча 7 доклад даярдалганын, алар жакында Жогорку Кеңешке берилерин, мындан сырткары балдардын укугун коргоо боюнча эки чоң долбоорду ишке ашыруу башталганын, бүгүн элдин жана мамлекеттин абалы абдан оор деп айтуу анын акыйкатчыдан мурда кыргыз элине мүнөздүү жигиттик милдети экенин баса белгиледи.
“Айат” гезити “Талкаланып жок болуп бараткан эсил кайран оркестр” деген ат менен Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, Кыргыз эл артисти Сагынбек Акматалиев менен Бишкек мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, Кыргыз эл артисти Бакыт Тилегеновдун кайым айтышы жана ага карата маданият ишмерлеринин ойлорун ортого салды.