Гезиттер премьерликке талапкерлерди саноодо

Бейшемби, 20-мартта жарык көргөн кыргыз гезиттерине сереп.
“Айат” гезити бул санын “Карганбек Самаков премьер болобу?” деген кабар менен ачып, өкмөт башына келет дегендердин катарында Асылбек Жээнбеков, Феликс Кулов, Мелис Мырзакматов, Жоомарт Оторбаев, Карганбек Самаков бар экенин маалымдады.

Журналист Бурул Мусабекова макаласында кыргыздын беш бармагын, боз үйүн, “кара жорго” деген бийин казактыкы кылып менчиктеп алган казак туугандар эми ЮНЕСКОдогу маданий мурастарынын тизмесине кыргыздын көк бөрү оюнун да казактыкы кылып каттатканы жатканын, ал эми маданият министрлигинин бул боюнча кабары да жоктугун жазып чыкты.

“Асман плюс” гезитинин жаңы санына белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Осмонакун Ибраимов үч айда Бекназаровду жок кылабыз деген” деп интервью берип, Осмонакун болуп турган маалында “Бекназаровду 3 айдын ичинде сүйлөгүс кылабыз, ал ким экен? Биз Феликс Куловду, Данияр Үсөновду талкалаганбыз” деп айтканын эске салуу менен Аксы окуясындагы “Азаттык” радиосунун акыйкаттыкты элге жеткирүүдөгү кылган кызматын баяндап берди. Ал учурда Кыяс Молдокасымов “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кызматына башчылык кылып турган.

Айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Айдаралиев министрлик “Айыл чарба министрлиги” деп аталганы менен ветеринардык инспекциядан бөлөк мал чарбасын көзөмөлдөгөн бир дагы органы жоктугун, ошондуктан министрликти мындан ары дыйканчылык министрлиги деп атаса туура болоруна жана алдыдагы жасай турган иштерине токтолду.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын Улукбек Маматаевдин “Украина бүттү, кезек Кыргызстанда” деген макаласы менен ачып, Бабырбек Жээнбековдун “Бакиевдин катачылыктарын Атамбаев кайталоодо” деген интервьюсу менен улантты.

Эки күн мурда жерге берилген жапжаш кыз Камила Дүйшөбаеванын сөөгү Байтик айлындагы мүрзөдөн табылганын кабарлаган гезит кыздын атасы Эшмамбет Дүйшөбаевдин айтып бергендерин басты. Кызын мыкаачылык менен өлтүргөн канкордун көзүнө тике карап туруп “Эмне максат менен өлтүрдүң?” деп сурагысы келип турганын, мындай айбандарга өлүм жазасы да аздык кылаарын, бир гана айтаары, Кыргызстандын мен деген оперлери, күч органдарында иштеген кызматкерлерине кайрылып, кызын кыйнап өлтүргөн кан ичкичтерди таап бергиле” деп суранарын билдирди.

“Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев Ак үйдөгүлөр намаз окушуп, паранжынын ичинен сойкулук кылып жатышат. Учурдагы депутаттар, аткаминерлер кабинетинен чыгып намаз окуп, кайра кирип уурулук кылышат” деп интервью берди.

“Баягы, баягы Асаба” гезити “Кыргыз улутун ким жайлайт? Мусулманчылыкпы?” , “Россия күнкорсуз 11 республикага бөлүнөбү?” деген макалаларды, Бекназаровдун уулу, БЭК партиясынын жетекчиси Руслан Бекназаровдун “Атамбаев “атаңа караганда сени жакшы көрөм” деген” аттуу маегин тартуулады. Аталган гезиттин “Атыңдан айланайын, айылым!” деген рубрикасындагы баяны аркылуу бул ирет акын Токтаалы Жапаров өзүнүн Казыбек айылы тууралуу кеп салды.

Кымбат Турдубекова кыргыздын “Жинди бий. Кийиз бий. Шырдак бий” деген бийлери тууралуу айтып чыкса, таланттуу комузчу Нурзат Орозалиева комузчулук өнөрү жөнүндө сөз кылды. Салима Жакшылык кызы айтылуу жазуучу Мурза Гапаровду эскерди.