Манас тарыхта болгон инсан

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Көк асаба” гезити гана жарык көрдү. Кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктаган басылма, биринчи бетине “Кытайдан алынган, Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрөттөр” деген, “Манас” изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Биздин Беш Бээжинге баратканыбызды угуп, Пу Еңшең мырза: “Силер Манастын келген жолун эми туура таапсыңар” деди” деген, “Жашоо сабактары” жана “Америкадагы кыргаздар” деген баш темаларды жарыялап чыкты.

“Айгине” маданий-изилдөө борборунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева гезиттин суроолоруна жооп берип жатып “Манас” эпосунун ЮНЕСКОго карай баскан жолу кандай болгонун, эл аралык бул абройлуу уюмга катталыш үчүн эмне деген иштер жасалганын, алгач манасчылардын айтуусундагы 25 сааттык видео дисктерди чыгарып, ага чакан китепчелерди тиркеп мектептерге, окуу жайларына таратышканын, жакында Баткен менен Жалал-Абаддын да мектеперине, жогорку окуу жайларына таратыларын, интернеттерге да коюлуп жаткандыгынан кенен кеп салып берди.

Ушул эле гезитке “Өлкө башчылары Саруу айылынын эли менен жолугушуп кетүүсүн күтөбүз” деген аталыш менен бийликтин үч бутагынын башчыларына кайрылган кат жарык көрдү.

Кат: "Биз кыргыздын Сол канатына таандык уруулардын: Саруу, Кытай, Кушчу, Басыз, Мундуз, Чоң Багыш, Жетиген, Төбөй урууларынын өкүлдөрү кечээ жакында Саруу айылынын тургундары менен жолугушуп кайттык. Чынында, Саруу айылынын жигиттери көтөрүп жаткан бул маселе бир эле саруулуктарга тиешелүү эмес, бүт көлдүктөрдүн жана жалпы Кыргыз улутунун маселеси!” деп башталып, “Кумтөрдүн” алтындан кийинки экологияга тийгизчү кесепети, Көл өрөөнүнүн келечеги жөнүндө сөз кылган.

“Көк асабанын” өткөн сандарынын бириндеги журналист Азизбек Келдибековдун “Жаңы борбор керек” деген макаласына ардагер журналист Кенжалы Сарымсаков “Бишкектин тагдырын эртелеп ойлойлу” деген макаласы менен оюн кошту. Автор Бишкек заңгыраган хан сарайлары, ошону менен бирге эле жепирейген жер тамдары бар, бай-кедейи алаканга салгандай көрүнгөн шаар десең шаарга, айыл десең айылга окшобогон чакчелекей калаага айланганын, муну менен бирге эле бүтүндөй Кыргызстанга жашылча-жемиши, данын берип келген миңдеген гектар суу баскан жерлери улам басыла берип бүгүн жер үйлөргө толуп чыкканын, убагында маркум Апсамат Масалиев ушундай болорун билген өңдүү көпкө дейре уруксат бербей кайышканын, бирок баскынчылык, аны менен кошо келген алдым-жуттумдук ушул абалга апкелгенин, эми Азизбек Келдибеков айткандай жаңы борбор куруу идеясын жалпы эл менен талкууга коюу маселеси бышып жетилгенин жазды.

“Жаңы муундун коалициясы” деп аталган коомдук бирикменин мүчөсү Тимур Саралаевдин “Кыргыз жерлери 49 жылга берилишине каршыбыз!” деген аталыштагы макаласы тартууланды.

Кол өнөрчү Гүлмира Акматованын маеги, уулунун чакыруусу менен барып Американы көрүп келген Кеңеш Бакир уулунун “Америкадагы кыргыздар” деген ат менен жарык көргөн интервьюсу да кызыктуу. “Көк асаба” гезити ошондой эле “Кытайдагы Айтматовду эскерүү толкуну же бир ууч топурак” деген макалага да окурман көңүлүн бурду.