Келдибековдун мүлкү сатыла баштадыбы?

Кыргыз гезиттери өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштү талкууга алууда.
“Ачык саясат плюс” гезити өткөндө Атамбаев аябай катуу сүйлөгөнүн, эми президент айткан убадасын кандай аткарат, кеп ошондо жатканын, андыктан өлкөдөгү, өкмөттөгү, парламенттеги Акаевден бери эле алкымын агытып, арам акчага азгырылып бүткөн ууруларды тазалашы керектигин, Атамбаевдин чечкиндүү кадамын эл күтүп да, колдоп да турганын белгиледи.

Карапайым кыргыздын балдары сегиз миң сом төлөп окуй албай атса, Келдибековдун уулу чет өлкөдө жылына 80 миң долларын контрагын төлөп окуп жатканы коомчулуктун оозун дагы бир жолу ачырганын, ал арада Келдибековдун аялы Токтоматова тергөө иштери бүткөнчө үлгүрүп калайын дегенби, Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү “Басан” аттуу оюн-зоок борборун 700 миң долларга сатып жибергенин, анын жаңы кожоюну 18 жаштагы Кадырбек уулу Канат-Бегим деген жигит экендигин, ушундай эле жол менен Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү эки кабат үйү да пулданганын, кызыгы экөө бир күндө сатылганын, эгер Токтоматова токтобосо, аны токтото турган бир гана прокуратура болорун жазып чыкты.

“Фабула” гезити президент Атамбаевдин: -Пенсионерлерди, кары-картаңдарды, майыптарды тоногон бир адам үчүн согуш жарыялайбыз дегендерди көрүп капа болдум. Бул өтө аянычтуу көрүнүш. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллионер болуу мүмкүн эмес. Айрымдар мени митингдер жана башка акциялар менен коркутам деп аракет жасап жатат. Мени коркута албайт. Мен Кудайдан гана корком. Мен президенттик мөөнөтүм соңуна чыкканча коррупцияны талкалоого сөзсүз жетишем. Балким мен жакындарымдан, туугандарымдан жана досторумдан ажырап калышым мүмкүн, бирок эч кимге аёо болбойт. Биз мамлекетте тартипти орнотобуз, коррупцияны түп тамырынан бери жоёбуз! - деп айткан сөзүн дагы бир жолу эл-журттун эсине салды.

“Кыргыз туусу” гезити “Мекеним жанымдан артык” деген ат менен президенттин Чүйдүн Ысык-Ата районундагы ЮСАИД уюму тандап алган 10 ири чарбасына сертификаттарды тапшырууга арналган жыйынынан баяндама берди.

Ысык-Көлдөгү атактуу “Айкол” кооперативин негиздеген Замир Мукашевдин “Барон” деген ысымы бар аты күлүккө чабылып, буга дейре төрт автомашина утуп алганы да ушул “Кыргыз туусу” гезитине басылды.

“Жаңы агым” гезити коррупцияга байланыштуу “кара тизме” түзүлгөнүн укканын, тизменин башында эркин депутат Равшан Жээнбеков, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана анын партиялашы Турсунтай Салимов баштаган он чакты депутат, өкмөттүн 3-4 министри бар деп атышканын, иш ушул темп менен жүрүп отурса, атайылап эле коррупционер-чиновниктер үчүн өзүнчө түрмөкана ачып койсо да болорун кабарлады.

Ушул эле гезитке ЭлТР коомдук каналынын башкы деректири Султан Жумагуловдун “Улуттун жүзү телесинен көрүнөт” деген ат менен интервьюсу жарык көрдү. Султан журналистика, анын ишмердиги, өткөнү, азыркысы тууралуу учкай кеп кылып, жалпыга маалымдоо каражаттары да саясий, партиялык, жердештик белгилери боюнча бөүлүнүп алып, акча берген тараптардын камчысына айланып, ич ара бири-бири менен былчылдашып келатканын, коңшулар биздин журналисттер тууралуу “басмачылар”, “жапайылар” деп шылдыңдап жазышканын окуп ичи күйөрүн, анткен менен кыргыз телеканалдарында өзү үнү бар идиректүү жаштар пайда болуп келатканын айтып өттү.

“Де-факто” гезити Улуттук дөөлөттөргө депутат Карганбек Самаковдой мамиле жасагандар көп болсо жакшылыктар көп болмогун, андыктан Карганбекти канча алкасак жарашарын жазды.

Саясат таануучу Нурлан Орозбаев “Бир саясатчынын амбициясынан мамлекеттин келечеги бийик тураарын түшүнүшүбүз зарыл” деп айтуу менен, азыркы шартта “трайбализм”, “регионализм” саясатын күчөтүп, карапайым калкты алдына салып алып актанган саясатчылар четтен чыгарын, ошондуктан жеп-ичкен чиновниктерди кармоо алдында башка ыкмаларды колдонуу керектигин билдирди.

Президенттин акыркы аракеттерине пикирин депутат Эркин Алымбеков: Президенттин айткандары сүйүндүрүп жатканын, бирок Сатыбалдиевди да иликтетип койсо ишенич пайда болмогун;

Депутат Турсунбай Бакир уулу президент паракорчулук менен аягына чейин күрөшсө туруп алып кол чабарын, Атамбаевди Кудайга ишенген адам катары жакшы билерин, эгер кимде ким адамдын акысын жесе ал эртеби-кечпи Алланын алдында жооп берерин айтты.

“Алиби” гезити “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине каттоого алдырган депутат Карганбек Самаковдун аттуулдук эрдигин даңазалаган акын Темирбек Алымбековдун ыры менен бул санын ачты.

Дайырбек Меймановдун макаласы “Карышкырдын түшүнө кой, коррупционерлердин түшүнө Салянова кирет” деген ат менен жарык көрдү.