“Планета” гезитине өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдиевдин маеги басылды.
“Барометр” гезити парламенттеги саясатчылардын талашына айланган “Кыргызгаздын” тагдыры кандай болот?” деп бир катар белгилүү адамдарга суроо салды.
Кемел Ашыралиев: “Кыргызгаздын” орустарга өтүшүн туура деп эсептейм. Орустар бизди тоготпогон Өзбекстан менен да, Казакстан менен да сүйлөшө алат. Өзүбүз жага турган газ болбогон соң тигилердикинен арзан Орусиянын газын жакканыбыз оң. Эртеби-кечпи, баары бир Орусия менен жакын болобуз;-деп;
Сагын Жекишева: Туура чечим;-деп;
Жыпар Жекшеев: 5 жыл ичинде 700 млн. долларга бардык эскирген жабдууларды алмаштырып, азыркы заманга ылайык иштетип берели деп аткандан кийин анан кимге берген оң? Ошондо биз Өзбекстан менен Казакстанга газ берип коюп койчу деп жалдырап, алардан кымбат сатып алгандан арылабыз-деп;
Темирлан Сманбеков: Мамлекеттик маселелерди саясатташтыра бергенден эл тажады. Мындай маселени саясатчылар эмес, адистер чечиши керек,-деп;
Жедигер Саалаев: Орустун макалы бар: “Чөптүн үстүндө жаткан ит чөптү же өзү жебейт, же жегиси келгенге бербейт” деген. Биз бүгүн ошол абалдабыз. Миллиондогон карызынан кутултуп, элди кыштыр-жайдыр үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылгандын эмнеси жаман? Калп эле упай топтоп, кара күчкө патриот көрүнүп, калкты алдоонун эмне кереги бар?-деп жооп берди.
“Планета” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Эси кеткен Эсеп палатасы” деген макаласы менен жаңы санын ачып, “иштен айдалган кызматкерлерди кайра сот ордуна коюп койду” деп өз кудуретсиздигин мойнуна алган Эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова президент Алмаз Атамбаев тапшырган ишти аткара алган жок деп белгиледи.
Бул боюнча оюн билдирген экономист Кубанчыбек Идинов, тармакты оңдоо үчүн Эсеп палатасын толугу менен жаңы, таза, профессионал кадрларды конкурс жолу менен жаңыртуу зарылдыгын айтса, депутат Ыргал Кадыралиева “Мен аталган органдагы коррупцияга аралашкан аудиторлордун, инспекторлордун үстүнөн иш козголушун, алардын мыйзам чегинде жоопко тартылышын колдойм” деп айтты.
“Планета” гезитинин бул санына өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Бизде оппозиция жок, кыйкырып жүргөн соодагер саясатчылар гана бар” деген ат менен интервью берди.
Өкмөт башчысы Санкт-Петербургда өткөн КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны, Медведев менен миграция маселесин сүйлөшкөнү, кышка даярдык, газ, энергетика жөнүндө кенен кеп курду.
Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү маалында ал деректир болуп турган кездеги жасалган иштерди баяндап, “Кумтөр” тууралуу айтты. Өкмөттүн ушул жылда жасаган иштерине токтолду.
“Москвадан жүрөгүнө операция жасатты” деп жазган кабарлар калп экенин, ден соолугу жакшы экенин, мамлекеттик кызматтарда иштеген жакындары жоктугун айтып, көптөгөн суроолорго жооп берди.
“Планета” гезити: Коррупцияга каршы коомдук аң-сезимди кантип өзгөртөбүз? Камалгандарды калкалаган адатты кантип калтырсак болот?-деп суроо салды.
Жазуучу Чолпонбек Абыкеев: Мыйзам президенттен тартып кайырчыга чейин так аткарылыш керек,-деп;
депутат Өмүрбек Абдрахманов: Коррупция кыла албай турган система түзүү зарыл. Чиновниктердин санын кыскартып, айлыгын көтөрүү керек. Эл, массалык маалымат каражаттары көзмөлдүк кылууга тийиш. Ага болбосо камаш керек,-деп;
журналист Үсөн Касыбеков: Коррупцияга карата коомдук пикир кадыресе өзгөрө баштады. Келдибековго боор тартып, үстүнө түшө калгандар бирин-экин эле киши: Жылдыз Жолдошева, Абдырахманов, анан “Ата-Журттун” депутаттарынын үтүрөйгөн тобу. Аида Салянованын репутациясы бекеринен асмандап кеткен жок,-деп;
Акылбек Сариев: Мен эч нерсе айта албайм. Коррупция боюнча эч кандай маалыматым жок,-деп;
жаш активист Мурат Соорбеков: Коррупцияга каршы күрөш жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Бирок коррупцияга каршы күрөштү бийликтеги адамдардан баштаса мындан да таасирдүү болмок,-деп;
депутат Равшан Жээнбеков: Коррупцияны жок кылуу үчүн мамлекеттик система түзүлүшү керек. Бийлик бир гана кишинин бийлиги болбой, бардык тармакка таралышы керек. Бир адам башкарган жерде сөзсүз акча жана коррупция боло берет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш болгон жок. Биз жөн гана адамды камакка ала берсек, анда өлкөнү түрмөлөрдүн мекенине айлантабыз,-деп,
политолог Токтогул Какчекеев: Биз көрүнгөн адамдардын сөзүнө кирип жүрүп ыйман менен адилеттиктен ажырадык. Уят деген калбай калды. Жаат-жаат, өрөөн-өрөөн болуп бөлүнөбүз. Баш мыйзамды эч ким көңүлүнө албай калды. Биз мыйзамды туу тутушубуз керек,-деп жооп берди.