Билимсиз жетекчилер элдин шору

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин маегин “Планета” гезтинен окуңуздар.
“Планета” гезити маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин “Эгер мен сотко берсем утуп алам” деген маегин басты.

Ушул эле гезитке Экономика жана финансы институтунун деректири, экономика доктору Айылчы Сарыбаев: “Мамлекеттик мүлктү сатыш керек” дегендердин оозун тигиш керек” деген аталыш менен интервью берип, Советтер союзу болбогондо бүгүнкү кыргыз болмок эместигин, большевиктер айыл-кыштак, колхоз-совхоз дегенди уюштуруп, 100 процент кыргызды тоо-таштан, кокту-колоттон жыйнап келип адам кылганын, билим берип, сабатын жоюп, окутканын, эми ошол өзүн адам кылган Советтер союзунун нанын жеген бизнесмендер бүгүн ичкен кудугуна түкүрүп, сөгүп турган кез келгенин айтты.

Профессор Сарыбаев ошол совет бийлиги жогорку окуу жайын бүткөн орусу болобу, кыргызы болобу, жаш адистерди адегенде алыскы айылдарга иштөө үчүн жөнөткөнүн, ал адистер бүгүнкүгө окшоп кыйкырбай эле, шарты жоктугуна карабай барып иштеп, үйлөнүп-жайланып, тяншандык кыз-жигиттер Ошко, Баткенге, Жалал-Абадга барып орун-очок алып, бактысын табышканын, ошентип жүрүп Кыргызстан деген мамлекет курулганын эске салды.

Экономист андан ары бүгүн билим берүү системасы ошол 70-80-жылдардын деңгээлине жетпей калганын, эл билимсиз боло баштаганын, мамлекеттин башында отургандар мамлекетти кантип башкарууну билбестигин, билими жок туруп министр же башка чоң кызматта отургандар көбөйгөнүн, Кыргызстандын азыркы трагедиясы дал ушунда жатканын, "Кумтөр жабылса, Кыргызстан жашай албай калат” деп коркуткандарга түшүнбөстүгүн, Кумтөрү жок деле жашап келгенибизди, ансыз деле 10-15 жылдан кийин Кумтөрдүн түбү түгөнөрүн, биз 22 жылдан бери “өз агасын агалай албаган өзгөнүкүн сагалайт” болуп, өз кишилерибиздин акылын укпай, чет элдик мафиоздордун айтканын угуп, ошолордун жетегинде жетеленип келатканыбызды белгиледи.

Энергетика маселесине токтолгон экономист Кыргызстандын арзан энергиясы үчүн инвестор дегендер агылып келиш керек болсо, биз тескерисинче бааны көтөрүү менен аларды качырып жатканыбызды, азыр тарифти көтөрөбүз деп аткандардын баары мамлекеттин же президент Атамбаевдин душмандары экенин, тариф көтөрүлсө президенттин бедели дароо түшөрүн, өлкө саясый туруксуздукка келерин, ошондуктан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу Кумтөргө байланышкан жүздөгөн маселени чечүү менен барабар экендигин билдирди.

Бажы союзу боюнча суроолорго жооп берген Айылчы Сарыбаев соода уюмуна өтүү деген бул саясый чечим болорун, мунун анчалык терс да, анчалык оң да таасири жоктугун, ал эми “Кыргызгазды” Орусияга сатуу деген бул өлкөгө көз каранды болуу дегендик экенин, газ сатылса экономиканы Орусия башкарып каларын, кыргыздар болсо оозуң кана десе мурдубузду көрсөтүп, шалпайып жүрө берерибизди, бизде бүгүн мамлекеттин мүлкүн башка бирөөлөргө сатуу деген рак дарты менен барабар болгонун, “сатам” дегендердин оозун тигиш керектигин кошумчалады.

“Көк асаба” гезитине маек курган жазуучу, “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңешинин мүчөсү Абдымамбет Сариев айрым бир чет өлкөлүктөрдүн заказына ылайыкталып, жаштарды бузуп, багытынан адаштыра турган, уятсыздыкка, шермендечиликке, мыкаачылыкка үндөгөн идеология жүрүп жатканын, көпчүлүк кинофильмдерде кыргыздын менталитетине жат, маданиятына, каада-салтына туура келбеген, киндиктен ылдый түшүрүлгөн, өбүшүп-жытташкан, интимдик итчил кыймыл-аракеттерди үгүттөгөн кино тасмаларды тартуу жаңылык болбой баратканын, ушундай кинолор улуттун рухий дүйнөсүн талкалап жоготорун, дал ушундай бузуку фильмдерге каражат берип, колдоп, атайын сыйлык ыйгаруу билген кишилерге Кыргыз эли үчүн жасалып жаткан диверсиялык иш экенин айтты.

Журналист Кымбат Жолдошеванын баяны “Көзү азиз балдардын комуз үйрөнүү чеберчилиги таң калтырууда” деген аталыш менен жарык көрүп, Бишкектеги “Айгине” маданий-изилдөө борбору учурда “Жаштар көйгөйүн чыгармачыл карым-катыш аркылуу чечүү” деп аталган долбоор менен иштеп жатканын, көзү начар көргөн мектеп-интернаттын окуучуларына Кыргыз эл артисти Нурак Абдракманов өзү ойлоп тапкан “Эн белги” системасы аркылуу комуз үйрөтүп атканын, көзү азиз балдардын көзү көрбөгөн менен сезимталдыгы өтө күчтүү болорун жазып чыкты.

Ушул эле санга тарыхчы Аскар Беделбаевдин “Атаке баатырдын Орусияга жазган каттары Омск, Санкт-Петербург, Москва архивдеринен табылган” деген ат менен интервьюсу жарык көрдү.