“Алиби” гезитинен башка гезиттердин баары “Кумтөрдөн 3 млн. доллар “өндүргүсү” келген эки адамдын жоругу тууралуу жазып чыкты.
“Үч млн. доллар бербесеңер силерди иштетпейбиз, президенттен да, өкмөттөн да коркпойбуз, керек болсо граждандык согуш баштап жиберебиз” деген чала сабат бандиттер кыргызды башкарат имиш... Оозуңа таш!” деген тема менен жаңы санын “Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин макаласы менен ачты.
Аракеев минтип жазат: “Мына мен да жетиөгүздүкмүн, менин да туугандарым бар, менин да жигиттерим бар, анан алардын Кыргызстанга кыргын салабыз, граждандык согуш баштайбыз дегендерин уккан жокмун. Ал эми жанагы “Кумтөрдөн” 3 млн. доллар өндүргүсү келген эки хулиган-чилишти мурда эле өпкөгө коюп, камап салыш керек эле. Бири бычак сайган бандит экен.
Сүйлөшкөн сөздөрүнөн көрүнүп турат, мектепти эптеп бүткөн немелер, килейген мамлекетти ойноткусу барбы? Башкабыз бүтүп, өлкөнү эми ушул эки чала сабатка башкартып коёлубу? Жети-Өгүз жергесинде Кыргызстан дегенде нечен бир оттой күйгөн, чоктой жанган жигиттер бар, качыргандын кабыргасын сындыра кармачу кыраан бүркүттөй болгон. Анан ошолор ушул эки шүмшүктү ээрчип кетет бекен? Минте берсе былжырап, ылжырап турган бийлик байкуш абалына келет. Ошонун айынан жогорудагыдай чала сабаттар баарын талкалайм деп тантып турат. Андыктан күч органдары жигиттик намысына келип, өзүн баатыр сезген ээнбаштардын энесин таанытып, карапайым калктын ишенимин кайтарышы керек. Бул өлкө жетекчилерине айтылчу кеп. Андай иш колунан келбесе, колунан келчүлөргө берсин. Колунан келчү жигиттер бизде бар!” деп жазды журналист Баратбай Аракеев.
“Де-факто” гезити “3 млн. доллар үчүн кендин жолун торотуп, элди садага чабуунун артында Садыр Жапаров турабы?” деген макаласын жарыялады.
“Планета” гезити “Кумтөрдөн өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер же инвесторлор менен “рэкетче” сүйлөшүү” деген тема менен видеотасмадагы сүйлөшүүлөрдүн текстин толугу менен басып чыкты.
Бул боюнча пикирлерин айткан саясат иликтөөчү Марат Казакбаев: Бул деген уюшкан кылмыштуу топтордун саясий талаада активдешпестен, “Кумтөрдүн” үстүнөн көзмөл кылгысы келе баштаганынын далили. Андыктан бийлик кылмыштуулук менен кагаз жүзүндө эмес, чыныгы күрөш жүргүзүшү керек,-деп,
Депутат Өмүрбек Текебаев: Эгер бийлик “Кумтөрдөн” 3 млн. доллар талап кылган окуяга реакция жасабаса, анда мамлекет жоголгону калган экен деп түшүнсөк болот. Мына Жети-Өгүздөгү окуяда кылмыштуу топтун лидерлери бийликке чакырык таштап, өз кызыкчылыгын ишке ашырып, мамлекетти кулаткысы келүүдө. 3 млн. доллар талап кылуу деген бул кылмыш дүйнөсүнүн ачык коңгуроосу. Андыктан күч органдары күрөштү күчөтүүлөрү зарыл,-деп,
Вице-премьер-министр Токон Мамытов: Мага таң эртең менен Ысык-Көлдүн ар кайсы райондорунан чалып, “Кумтөрдү” митинг менен коркуткан эки жигитке катуу нааразы болушканын билдиришүүдө. Чалгандар аларды “кой терисин жамынган карышкырлар” деп атышат. Учурда аларды камакка алууга тапшырма берилди,-деп жооп берди.
“Жаңы агым” гезити да буга карата атайын макала арнады. Гезит муну менен бирге эле Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев менен маек курду.
Рафик мырза эми мындан ары “смотрящий”, “положенец”, “авторитет”, “вор в законе” дегендер автоматтык түрдө камалып, жоопко тартыларын, аларды качан кылмыш кылат деп күтүп олтурбасын айтуу менен бул жаңы мыйзамга жакында эле президент кол койгонун, мурда 10-15 жылга кесилген кылмыштуу топтун мүчөлөрү “жүрүм-туруму оңолду, эми мындай кылбайт” деген мүнөздөмөлөр менен 1-2 жылдан кийин бошоп кетип жүрсө, эми жаңы мыйзамга ылайык кылмышкерлер 15 жылга кесилсе, 15 жыл бүткөнчө абакта олтурарын, бандиттерге эч кандай жеңилдик берилбей турганын, “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаев барып алып Россияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарын талап-тоной баштаптыр деген маалымат түшүп, аны москвалык күч органдары менен бирдикте текшергенде Батукаеви жок эле Камчы Көлбаевдин тобуна кирген өзүбүздүн кыргыз балдар кыргыздарды тоноп, коркутуп, токойго алып барып сабап жүргөн фактылар аныкталганын, мына ушундай тогуз уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын, булар Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болуп чыкканын айтып берди.
“Кыргыз туусу” гезитинин жаңы саны жаңы башкы редактор Жедигер Саалаевдин жетекчилиги менен жарык көрдү. Президент Алмазбек Атамбаевдин “Азаттык” радиосуна берген “Мамлекеттик кызмат акча тапчу инвестиция эмес” деген аталыштагы интервьюсу басылып чыкты.