"Ким мененсиз, президент?"

Президент А. Атамбаев ким менен экенин депутат Ө. Текебаев “Жаңы агым” гезити аркылуу билдирди.
“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын банк тармагындагы мыйзамсыздыктын азабынан жабыр тартып, акыйкат издеп, көрүнгөн эшикти сүзүп жүрүп жол кырсыгына кабылып, реанимацияга түшүп чыгып, азыр ооруканада жаткан Бурул Абдесова тууралуу баяндаган макаласы: “Акыркы үмүтүм президентте... Болбосо өзүмдү-өзүм өрттөөгө даярмын” деген ат менен жарык көрдү.

Гезиттин Ош боюнча өз кабарчысы Кайрат Жапаровдун Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Кокочоров менен маеги “Кор болгон Ак-Буура” деп аталып, башатты ак мөңгүлүү тоодон алган атактуу дарыя Ош шаарын аралап өткөнчө кир болгон колду чайкаганга жараксыз болуп каларын, дарыянын бою ресторан, даараткана, душ жана башкаларга толгонун, адамдар таштандыдан баштап өлгөн иттин өлүгүнөн бери Ак-Буурага таштарын, жадагалса сауна куруп алып, кир-когун жууп тургандар барын, ушундан улам “суу кордогон кор болор, суу сыйлаган зор болор” деген ата-бабалардын сөзүн эстеп, ичтен сызгандан башка айла жоктугун баяндап берди.

“Жаңы агым” гезити “Ата-Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен интервью басты. Текебаев маегинде: 20-июлдан кийин президент Алмазбек Атамбаевге: “Мырза президент, сиз ким мененсиз? Аферист Юсупов мененсизби же үзөңгүлөш, революциялык өзгөртүү жасап, жанын тобокелге салып күрөшүп жүргөн “атамекенчилер” мененсизби?” деп кайрылганы жатканын, буга Атамбаевдин жообу кандай болорун билерин, ал Кудай алдында жалган ишке баргандан чочулап, Зарылбек Рысалиевди жоопко тартарын, анткени президент Атамбаевге Рысалиев, Бабанов же Юсуповго караганда чыркыраган чындык маанилүү экендигин билдирди.

Өмүрбек Текебаев ошону менен биргеле АКШ тууралуу сөз кылып, Америка өз кызыкчылыгын Борбор Азияда жөн эле бере койбостугун, транзиттик борбордон Кыргызстандын экономикасы үчүн жылына 9 млрд. сом алып турганыбызды, бул “Кумтөрдөн” кем эмес киреше берип турган булак болгонун, эми ушул булактын көзүн өз колубуз менен бууп, Орусияны тандап алганыбызды, ал эми 9 миллиард сомду эми каяктан табарын өкмөт айталбасын, мындай саясаттын жыйынтыгы өкмөт менен президенттин аракетине көз каранды экендигин белгиледи.

“Планета” гезити чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде Батыш өлкөлөрү Кыргызстандагы демократияны колдоорун билдирип, ошол эле убакта конкреттүү ишке келгенде тескери сүйлөөрүн, мындай эки ача мамиленин мисалы катары мурдагы президенттин уулу Максимди Британия канатына калкалап келатканын ачык эле айтканын, кыргыз президентинин бул ачуу чындыкты айтканы анын эрдиги экендигин белгиледи.

Аталган гезит Мырзакматов менен Жекшенкулов тандем түзгөнүн, кечээ түштүктүн Жалал-Абад облсунан башка райондору газсыз калганын кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кыргызгаз” эмне үчүн 1 долларга сатылды?” деген баштема менен ачты.

Гезит алдыдагы шайлоодо электрондук добуш берүүгө кадам жасалып жатканын, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Бишкекти кыргызча сүйлөтө албай келаткандыктары үчүн шаардык кеңештин төрагасы Марат Алымкулов менен шаар башчысы Иса Өмүркуловго нааразылыгын билдиргенин, Тажикстан иштетип келген мунай кендери Кыргызстанга өткөнүн, Бишкек баатырдын эстелиги борбор калаанын Чүй көчөсү менен Фучик атындагы көчөнүн кесилишине орнотуларын, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин сентябрда Кыргызстанга келерин кабарлады.

Гезиттеги дагы бир макала “Максим Бакиевдин миллиондору Кыргызстанга кайтарылабы?” деп аталып, АКШнын бийлиги Максим Бакиевдин банктагы эсеп-чотун жаап салганын, камакка алынган акчанын суммасы 74, 4 млн. доллар экенин, бул акчаны Максим Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кирешелеринен, тагыраак айтканда өлкөнүн алтын кен запастары менен жасаган финансылык махинацияларынын айла-амалы менен алып келгени тастыкталганын белгиледи.