“Азия ньюс” гезити парламент жана өкмөт тууралуу суроо-жоопторду басты.
“Азия ньюс” гезити Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековду мындан эки күн мурда 9 жылга кесип жибергенин, муну депутат Мадылбеков: – Элдарды Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бербегендиги үчүн камашты. Бул иш Садыр Жапаровду да, Туратбек Мадылбековду да талкалап түшөлү деген ой менен жасалды. Мунун баары жогору жактын тапшырмасы,–деп айтып атканын жазып чыкты.
Гезит андан ары “Парламент менен өкмөттөн пайда барбы?” деген суроо салып, айрым жарандардын жообун басты.
Мурдагы депутат Бегалы Наргозуев:–Бизге президенттен да, өкмөт менен парламенттен да кыпындай пайда жок,–деп.
“Асаба” партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов:– Биздин парламент “чөнтөк” парламент,–деп,
Саясат иликтөөчү Марс Сариев:–Эгер кайра шайлоо болсо бийликке кайра эле ушулар же мындан да деңгээлдери төмөн, акчасы бар адамдар гана келиши мүмкүн. Парламент күз келери менен отставкага кетиши ыктымал,–деп,
Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова:–Башынан эле парламентке партиялык система менен келгендерге каршымын,–деп,
“Кыргызстанды сактоо” кыймылынын башчысы Мукар Чолпонбаев:– Парламент менен өкмөт көп нерселерди тескери жасап жатат,–деп,
“Эркин Эл” партиясынын башчысы Мавлян Аскарбеков:–Парламент интрига, ушак, портфель талашуу, бөлүнүп-жарылуу, комиссия түзүп шантаждоо, добуштарын накталай акчага сатуу менен алек,–деп.
Мурдагы губернатор Мамасадык Бакиров:–Азыркы парламентте отурган партиялар менен алар тарабынан түзүлгөн министрлер кабинетинен жакшылык күтүп деле кереги жок болуп калды,–деп жооп берди.
Ушул эле санда “Кылкылдаган кыргыз журту үч депутатты тосуп алды” деген теманын алдында шайлоочулары менен жолугушуп жүргөн Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Токон Мамытовдун жолугушуулары тууралуу жазды.
Сентябрга чейин эс алууга кетип жаткан “Аят” гезити акыркы санын жарыкка чыгарды. Гезит Бишкек шаарынын тургуну, 50 жылдан бери студенттерге химия боюнча сабак берип жүргөн мугалим Сайнаке Бообекованын “Кумтөрдүн ыры менен чыры же депутат Садыр Жапаровго жети суроо” деген теманын алдында жазган катын жарыялап, ага жооп сурады.
Мугалим Сайнаке Бообекова катын аяктап баратып, кыргыз элинин байлыгын: “бул биздин өрөөндүн кени, бул биздин айылдын байлыгы деп Кудайдын кенин сай-сайга бөлүп, чет элден келген инвесторлорду кубалатып, өндүрүштү токтотуп отурсак каяктагы инвестор келмек эле? Минте берсек мамлекеттүүлүгүбүз жоголот? Тукургучтарды, мыйзамсыз иш жасап, саясаттын сасык оюну менен ойногондорду ээрчибейличи?” деп суранды.
Аталган гезитке Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев “Директорлук бул менин хоббим” деген ат менен интервью берди. Театрдын учурдагы абалын кеп кылган деректир эң чоң көйгөй жарык берүү системасы болуп атканын, ал эми коңшу Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан театрларын заманбап жарык берүү техникалары менен эбак эле жабдып салганын, бул маселени чечүүгө 15 млн. сомдой каражат кетерин, бирок өкмөттө акча жогунан кайрылбаганын, анын ордуна министр Султан Раев Корея элчилиги менен сүйлөшүп, грант суранганын, ошого байланыштуу 200 миң долларга смета түзүп бергенин, эми кореялык фирма ошондой эле театрдын акустика системасын бекер коюп бермей болгонун кеп кылды.
Марат Алышпаев муну менен бирге эле чыгармачылык жөнүндө да ойлорун ортого салды.