Кыргызстан бирөө гана!

“Фабула” гезити өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда.
Бүгүн “Фабула” гезити жарык көрдү. Өлкөдө башталган башаламандыкка баасын берген басылма: “Бардыгы карайлап калганда жалгыз экс-президент Роза Отунбаева чечкиндүү сөзүн айтып: “Бийликти басып алууга алдын ала даярдалган аракет. Кыргызстан үчүн бул дагы бир сыноо. Бардыгыбыз биримдикте, ынтымакта ушул сыноодон өтө албасак анда Кыргызстанды жоготуп алабыз. Мындай кырдаалда президент демилгени өз колуна алып, чечкиндүү кадамдарга барыш керек, өлкө башчысынын кадамдарын эл колдойт деп ойлойм. Өкмөт бул кырдаалда чабалдыгын көрсөттү. Өкмөт мүчөлөрү борбордо олтуруп албай, жер-жерлерге барууга тийиш, кызматын элдин арасында акташы керек. Бүгүн парламенттин да элдин сынынан өтө турган сааты келди. Парламентаризм – бул бир гана мамлекеттик кызматтарды бөлүштүргөн базар эмес. Партиялар кызматка көтөргөн кадрлардын эл ичинде кадыр-баркы барбы же жокпу, колунан иш келеби же жокпу – аны дал ушул кырдаал көрсөтөт. Фракциялар мындай учурда кайым айтышын токтотуп, көпчүлүк коалиция өлкөдөгү кырдаалды көзмөлдөө үчүн парламентти бириктирүүгө тийиш. Биз өлкөбүздү жоготуп албоого тийишпиз, биздин Кыргызстандан башка өлкөбүз жок!” деп айтып, Кыргызстандын калкына кайрылды.

Ушул эле “Фабула” гезити жалган ушак-айыңдарды атайын тараткан адамдар активдешип жаткан кезде коомдук 1-канал деп аталган КТРК жарытылуу жаңылык айталбай жатканын, маселен Качкын Булатовго окшогон укук коргоочумун дегендер: “Мынча киши оор жаракат алды, мынчасы өлдү” деп карандай калпты ышкыртып, оозуна келгенди оттоп атса, КТРК өкмөттүн кызматы аркылуу “жак ал андай эмес, мындай” деп чындыгын айтып, маалымат берип кое албай акылдуусунган айрым саясатчылардын айткандарын угуп аңырайып олтурганын, бакыйган телеканал ар кайсы маалымат булактарынын айткан-дегендерин кайталагандын ордуна, жер-жердеги өзүнүн кабарчылары аркылуу болуп аткан окуяга өзү күбө болуп, так, туура маалымат бериши бүгүн өзгөчө маанилүү экендигин жазып чыкты.

Аталган “Фабула” гезити андан аркы маалыматын “Жаныш жакындаптыр” деген ат менен атап, Жети-Өгүздө болуп өткөн окуя менен Жалал-Абаддагы болуп аткан башаламандыктын байкаган адамга тамыры бир экенин, экс-президент Роза Отунбаеванын: “Бул окуялар алдын ала даярдалган, бийликти басып алууга болгон аракет” дегени чындыкка жакындыгын, Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги ооздорун ачып уктап жаткан кезинде Ысык-Көл менен Жалал-Абадда башаламандык чагылгандай тездик менен башталганын, ал ортодо өткөн 31-май күнү Баткендеги тажиктердин Ворух анклавынын жанында эки улуттун ортосунда жаңжал тутана жаздаганын, эки тараптан 50-60тай адам кырды бычак абалга жетип калганда ошо кездеги чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов кырдаалдын опурталдуу жолго түшкөнүн алдын ала билип, тажик кесиптеши менен байланыша калып чек араны жаба салып, кырдаалды жөнгө салганын, ага чейин Тажикстанга жакын аймактарда боевиктер топтоло баштаганын да айтканын элдин эсине салды.

Гезит бул кабарын аяктап баратып: “Редакцияга келген маалыматтар боюнча Жаныш Бакиев тишине чейин куралданган 300дөй жалданма баш кесерлерин дайындап, Тажикстанда даяр турганын, ошондуктан уйку-соонун ортосунда ыңгыранып жүргөн биздин күч структураларбыз күчүнүн жарымын Ысык-Көлгө, жарымын Жалал-Абадга жиберип айласын таппай жаткан учурда жаны тынбаган Жаныш Бакиев баш кесерлерин жетелеп алып, түштүк аймагын басып алып кызыл кыргынды салмак экен” деп жазып чыкты.

“Фокус.kg” сайты Камчыбек Ташиев Жалал-Абадды, Садыр Жапаров Көлдү, Өмүрбек Бабанов Таласты жөн коюшпады. Эй, саясатчымын деген жигиттер! Бүгүн дүйнөдө эмне болуп атканын көрүп атасыңарбы? Буг чейин тынч жашаган, таңды-кеч балдарынын күлкүсүн угуп, бактылуу турмушта жашап келген , гүлдөгөн ири мамлекеттер жер үстүнөн жексен болуп кетүү жолунда турат. Кеч болуп кала электе акылыңарга келгиле, элди ойлобосоңор дагы, мамлекет силер үчүн бир тыйынга арзыбаса дагы, өз бала-чакаңарды, ата-энеңерди, тууган-туушканыңарды ойлогула?!“ деп жазды.

Журналист Алмаз Темирбек уулунун “Мыйзам аткарылбаган жерде мылтыктын үнү угулат” деген макаласы да өлкөдөгү болуп жаткан башаламандыктардын чыгуу себептерин талдоого алды. Бүгүн Кумтөр маселеси жөн эле курулай шылтоо болуп жаткандыгын белгилөө менен өзүн “элдик губернатор” жарыялаган Медербек Үсөнов: “Эгерде биздин койгон талаптарыбыздын бирөө эле аткарылып, Ташиев баш болгон үч депутат камактан чыкса, анда биз имараттан чыгып кетебиз. Кумтөр маселесин өздөрү чечип алышсын деп шарт койсо, Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев: “Биздин талап аткарылбаса, бүт бийликти төңкөрөбүз” деп элди көкүтүп, эрдемсигени эмнелерди далидейт?” деген суроо койду.