Алгандын бермеги бар

Кыргызстанды тышкы карыздан кутултса болобу? “Көк асаба” гезитине жеке ишкер Кубанычбек Кантөрөев ушул боюнча оюн билдирди.
“Кыргыз туусу” гезити мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата чыгармачыл адамдардын арасында сынак жарыялады. Сынакка Масалиевдин кайталангыс образын ачкан роман, повесть, аңгеме, поэма, ыр, адабий макалалар кабыл алынарын, баш байгеге 50 миң сом, биринчи байгеге 25 миң, 3-байгеге 10 миң сом коюлганын кабарлады.

Улуу Жеңиш күнүнө арналган макалалардын топтомун гезиттин экинчи жана башка беттеринен окуйсуздар.

Журналист Бермет Маткеримованын макаласы “Расмий никеге турбай, балдарга күбөлүк алгандар көбөйүүдө” деп аталды.

Журналист Сактанбек Кадыралиев жыл сайын Ысык-Көлдү дүйнөгө рекламалап бергендиги үчүн Жириновскийге рахмат айтса болорун, жатып алып эле Швейцария, Малайзия, Сингапур болгубуз келерин, алыбызга ченеп иш кылбай, кудайдын куттуу күнү кузгун учуш менен салпактап көрүнгөн өлкөлөрдөн карыз сурап жүргөнүбүздү, карыз алган соң аны төлөш керектигин, төлөй албасаң карыз албаш керектигин айтып кейиди.

“Дүйнөлүк 2-согуштан кийин талкаланган жапондор колунда болгондорун ортого салып чогултуп туруп мамлекеттин турмуш-шартын оңдогондой биз дагы Акаев менен Бакиевдердин активдерин мамлекеттештирип, буга чейинки карызды ичип-жеп келгендерди тизмелеп, аныктап, азыркы ичип-жеп жаткандарга кошуп кустуруп, баарын ортого салып, киши башына 300-400 доллардан туура келет экен, карызыбызды төлөбөйлүбү, Жириновский сыяктуулардын кебине кемтик, сөзүнө сөлтүк болуп, Каркыраны берип коюп, Манастын тукумубуз деп мактанып коюп, жомокто баатыр болуп жүрө бербей?” деп жазды.

Ал арада “Алиби” гезити Жалал-Абаддын Барпы айылында депутат Ташиевге эстелик коюлганы жатканын кабарлады. Гезиттин Баткен дубаны боюнча өз кабарчысы Кубатбек Айбашов гезиттин ушул жылдын 1-майындагы санына “Диний экстремисттик уюмдар аркылуу тынчтыкты бузган Батыш өлкөлөрү” деген макаласы чыгары менен коркутуулар болуп жатканын билдирсе, “Алиби” гезити редакцияга өздөрүн “Таблиги-жамаат” диний уюмунун өкүлдөрү деп тааныштырган адамдар келип дооматтарын айтып кетишкенин, өткөндө эле белгисиз бирөөлөр Кубат Айбашовдун үйүнүн эшигине от коюп кетишкенин, Айбашов тиешелүү органдарга кайрылган менен эч майнап чыкпаганын, эми болсо ага телефондон коркутуулар болуп жатканын, ошондуктан гезит Улуттук коопсуздук комитетине кайрылууну туура көргөнүн айтты.

“Алиби” гезитиндеги Дөөлөт Нусуповдун макаласы “Балыкчы–Жалал-Абад жолу баш оорута баштады” деп аталып, Транспорт жана коммуникация министрлиги сунуштаган 448 узундуктагы Балыкчы-Кочкор-Чаек-Казарман-Жалал-Абад жолунун кемчиликтерин санап көрсөтүү менен Нарын облусунун 4 районун жана борбору Нарын шаарын бойлоп өтчү жолго байланыштуу өз сунушун берген.
Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Манастын элин мародер дебегиле?” деген ат менен жарык көрдү.

Акаев менен Бакиев бийлигине тирүүлөй 20 жыл өрттөнгөн, 20 жыл бою таланып-тонолгон бүтүндөй кыргыз элин “мародер” деп атаганыбыз туура эмес болорун, өрттөнсө, таланып-тонолсо, Акаев менен Бакиевдин мүлкү дегендер өрттөлгөнүн, жамандын кесепети демекчи, ушул эки жалаңкычтын кесепети жөнөкөй бизнесмендерге тийгенин кеп кылуу менен: “Эмне үчүн Акаев менен Бакиевдин 20 жылга созулган баскынчылык, талоончулук бийлиги менен кыйраткыч саясатын айыптабайбыз да 7-апрелдеги талап-тоноочулукту “кыргыздар мародер” деп айыптайбыз?” деп суроо коюу менен “Эгер Кыргызстанда мародер дегендер болсо, анда алар–Акаев менен Бакиев! Алардын үй-бүлөсү. Башка эч ким!” деп айтты.

“Көк асаба” гезити 88 жаштагы ардагер Токтогул Бейшалиев 6 жылдан бери квартира сурап кыргыз бийлигине кайрыла берип майнап чыгара албаганда аргасы түгөнүп, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылганын, өзү жесир калган үч балалуу кызынын колунда, бир бөлмө жатаканада жашап жатканын, убагында Сталинградды бошотууга катышып, Берлинге чейин барганын айтып берген.

Жеке ишкер Кубанычбек Кантөрөев макаласын “Байлар менен бийликтегилер жеп-ичкенинин 30 пайызын элге берүүсү зарыл” деп атап, “Президентибиз баш болуп элге чындыкты айтып кайрылып: “Калайык-калк, мен тапкан байлыгымдын 30 пайызын эл-журтума берейин, башкалар да берсин, кыргыз оңолсун, уурдап-жеп ичүү токтотулсун десе, анда башка чиновниктер да президенттин кадамын улап байлыгын элге бере баштамак, өлкөнүн жыртык бюджетин улам тытмалап, элин улам эзе бергенден көрө ушундай чечкиндүүлүккө барышса, элдин таарынычы чындап жазылмак, өлкөдө башкача аура, башкача мамиле орномок. Ата Түрктөй, Махатма Гандидей болуп ысымдары тарыхта калмак. Тышкы карыздан да куткарышмак” деди.