Гезиттер Келдибековдун байлыгын санады

Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга байланыштуу макала, маектерге орун берди.
“Фабула” гезитине бүгүн Апрель революциясынын баатыры Рыскелди Момбеков “Бакиевден коркпогон баатырлар анын кошоматчыларынан коркмок беле?” деген аталышта интервью берди. Рыскелди мырза эң биринчи 7-апрелде элдик ыңкылап эмес, куралдуу көтөрүлүш болду деген сөздү Курманбек Бакиев айтканын, ал муну өмүрү өткөнчө айта берерин, азыр анын сөзүн куйруктары тынбай кайталап келатканын, айтып эле тим болбой колдорунан келсе апрелде курман болгон, жарадар болгондордун, аянтта жүргөндөрдүн үстүнөн кылмыш ишин козготконго чейин жетерин белгилеп: “Ошон үчүн тез арада “Апрель революциясынын баатырларынын” 1-курултайын өткөрүп, бирикмесин түзүп, аны Юстиция министрлиги аркылуу каттоодон өткөрүп, ар кандай саясий акцияларды уюштуруп, өлкө башчысына өз талаптарыбызды койбосок бучук саясатчылар бузук саясаттарын уланта беришет” деп айтты.

“Бир аз мурун “Дело №...” гезити Ахматбек Келдибеков менен анын жубайы Аида Нурманбетованын байлыктарын эсептеп чыгыптыр. Укмуш экен!” Келдибеков парламент жыйынында катуу айтат. Бийликке сын айткан сайын ушундай жигиттер көп болсо деп тилейсиң. Анан эле айткан кеби менен гезит жазган байлыгын салыштырып отуруп оңкоңдон сайыласың. Гезит санаптыр: Бишкектеги Табалдиев көчөсүндөгү үйдүн жарымы, Сагынбай көчөсүндөгү жер тилкеси, Табалдиев көчөсүндөгү дагы бир үй, Геология көчөсүндөгү дагы бир үй, Ахунбаев көчөсүндөгү дагы бир үйдүн жарымы, Тынчтык проспектиндеги квартира, Сухомлинов көчөсүндөгү квартира жана гараж, Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылындагы жер тилкеси жана кырман, Ош шаарындагы имарат, Орто-Сай айылындагы үй, Ысык-Көлдүн Бостерисиндеги жалпы аянты 55 гектар “Илбирс-Саадат” пансионаты, ошол жерден Келдибековдун жубайы 14 коттедж алган, ар биринин баасы 100 миң доллардын тегерегинде, ошол эле Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы жалпы аянты 78 чарчы метр коттедж, аталган айылдагы 4 бөлмө квартира, “Карвен четыре сезона” пансионатынын четиндеги квартира, 5 автомобиль, эң кымбаты 120-150 миң доллар. Булар билингендери гана, ал эми билинбегендери, башкаларга катталгандары канча? Ал Ахматбек Келдибековдун өзүнө катталгандар, үйлөр, машиналар да бар. Бирок декларациясы менен таанышкан адамдын боору ооруйт, тим эле боздоп жибергиң келет” деп жазды журналист Баратбай Аракеев “Фабуланын" бүгүнкү санындагы макаласында.

Ушул эле санда Айбек Шамшыкеевдин “Атаханов Ички иштер министрлигине “жараксыз” кадрларды топтоп кетти” деген макаласы жарыяланды.

“Алиби” гезити “Манас” ааламы – кылым долбоору” деген ат менен ушул долбоордун башында жүргөн белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев менен аңгеме-дүкөн курду. Топчуке “Манас” борбору курулганы калганын, качантан бери эл барбай аңгырап турган “Манас” айылы, “Ысык-Көл” мейманканасы, “Манас” ааламы – мына ушул “Манас” борборун түзүү үчүн берилгенин, жалпы аянты 15 гектарга жакын жер экенин, долбоорду ишке ашыруу үчүн бери дегенде 50-60 млн. доллар кетерин, биринчи кезекте “Манас” музейи, “Манас” академиясынын имараты куруларын айтып берди.

“Алиби” гезити ошондой эле “Эл үнү” деген баш теманын алдында “Биздин трагедия демократия менен анархияны чаташтырып алгандыгыбызда” деген ат менен Талас облусу боюнча революцияны коргоо комитетинин төрагасы Соотбек Токтогазиевдин макаласын тартуулады.

Макаланын аягында: “Жаңы жыл алдында өлкө башчыбыз мен бардык тармактарга кийлигишем” деп айтты. Бул эң туура. Ансыз да президент бир жылды текке кетирди. Ант берген күндөн эле катуу башташ керек болчу. Анын бир гана жолу бар – элге кайрылуу, элдин кеп-кеңешин угуу, катуу бир силкинип, тайманбай туруп чечкиндүү кадамдарга баруусу шарт. Азыркы система менен соттор эч качан оңолбойт. Айлыгын 5 миң доллар кылып койсо да алардын паракорчулугу токтобойт” деп айтты.

Экс-депутат Бегалы Наргозуевдин интервьюсу “Бийлик жазга чейин системсиз оппозицияны системдүү оппозициянын астына жасалма түрдө киргизүүгө аракет кылат” деген ат менен жарык көрдү.