Өлкөбай

"Кыргыз туусу" гезити президенттин «Жол карта» документинин толук текстин окурмандарына жарыя кылды.
Оппозициядагы "Алиби" гезити бул санын «Атамбаев Атаханов аркылуу криминалга баш ийдиби?» деген баштема менен ачып, Жусуп Черик деп аталган автордун колу коюлган макаланы басты. Макалада негизинен кылмыш дүйнөсүнүн аталыктары тууралуу баяндалган.

Гезит Камчы Көлбаевдин келишинин эки себеби барын, бирин Кыргызстандын күч органдарынын Араб Эмиратынын полициясы менен кызматташтыгынын оперативдүү ишинин жемиши, уюшкан кылмыштуулукка каршы катуу сокку катары түшүнсөк болорун, экинчиси Камчы Көлбаевдин келишин азыркы бийлик деле Акаев менен Бакиев сыяктуу криминалдарды жана алардын башчыларын саясий максат үчүн пайдаланганы жатабы деген ой туулуп жатканын жазып чыкты.

Жазнура Токтоболотовага маек курган жогорку даражадагы машыктыруучу Нуркан Осмоналиев мыкты спортчулар башка өлкөлөргө кетип калып жатканын, Казакстан менен Орусияда спортчулардын стипендиясы 1000 доллардан жогору болсо, бизде араң 500 сом экенин, шарттын начардыгын, көйгөйлүү маселе көп экенин айтып кеп кылды.

"Кыргыз туусу" гезити «Өнүктүрүүнүн стратегиясы – мамлекеттүүлүгүбүздүн келечеги» деген баштема менен бүгүнкү санын ачып, эл аралык эксперттердин эсеби боюнча Кыргызстан 2009-жылдын жыйынтыгы менен КМШдагы эң кедей мамлекеттердин бири болгону, калкынын 32 проценти жакырдыктын чегинен төмөн экендиги, 70 проценттен ашууну айылда жашары, жумушсуздук 8 проценттен ашып кеткени кыргыз президентинин «2013-2017- жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча «Жол картасы» деп аталган документте айтылганын маалымдап, документтин текстин толугу менен жарыялады.

Буга карата айрым атуулдардын ой-пикирлери да тартууланды.

«Кара сөздүн каймагы, поэзиянын чолпону» деп аталган аталыштын алдында адабияттын эки алпынын – Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмонов тууралуу ойлор окурмандарга тартууланды. Эртең Айтматовдун туулган күнү болсо, ошол эле 12-декабрь Алыкулдун дүйнөдөн кайткан күнү экенин угармандарыбыздын эсине дагы бир жолу сала кетели.

"Фабула" гезити кандай заман болбосун журналисттердин коомдогу орду чоң экенин, чоңдорубуз «өз агасы турса, бирөөнүн агасын сагалайт болуп» өз журналисттерибиздин барк-баасына жетпей келатканын, кыргыз журналисттери жаман иштеп жатпаганын, албетте кемчилик да кетип жатканын, аларда биримдик жоктугун журналист Баратбай Аракеев кезектеги макаласы аркылуу баяндады.

Ушул эле гезит «Кыргызды малга теңеген Максимдин соттолоор маалы аз калды» деген аталыштагы макаласын сунуш кылды. Анда Максим Бакиевдин соту келерки жылдын 13-майына жылдырылганын, анын күрөөгө койгон акчасы эле 400 миң доллардын айланасында экенин, Максим Орусиянын Куйбышев шаарында туулуп, кийин Тогуз-Тородогу мектепте окуганын маалымдады.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы «Кыргыз өкмөтүнүн коррупцияга болгон кайдыгерлиги» деген ат менен жарык көрдү. Анда булганган айрым соттор жөнүндө да сөз болот.

Башкы прокуратура УКМКнын СИЗОсунда жаткан Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловдун лицензиясын алып салуу боюнча Юстиция министрлигине кайрылганын, себеби 28-ноябрда Ташиевдин иши боюнча материалдар менен таанышсын деп тергөөчү ага бир жума бою телефон чалып, СМС чакыруу жөнөткөнүнө карабастан келбей койгонун, мындан башка дагы коомчулукка Ташиев тууралуу туура эмес маалыматтарды берип келатканын белгилеп, жактоочулук лицензиясын алып салуу өтүнүчү менен кайрылганын,

«Ата Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева парламенттик жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кулматов жакынкы убактарда Москвага качат деп билдиргенин, чынында эле бул кызматты текшерип койо турган айрым бир жагдайлар барын, анткени Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 4 жарым млрд. долларга жеткенин кытай тарап маалымдап жатса, биздин Бажы кызматы араң 450 млн. доллар өткөнүн айтып, аталган көлөмдү 10 эсеге азайтып көрсөтүп жатканын, ушунун өзү эле баягы Акаев менен Бакиев заманындагыдай бажы жыйымы сол чөнтөккө кетип жатканын билдирип турбайбы деп жазды "Фабула" гезити.