“Титаник” чөгүп баратат...

“Дело №...” гезити “Бүгүнкүдөй парламенттин кереги барбы?” деген суроо койду.
“Бүгүн жарык көргөн “Дело №” гезити ГАС “Шайлоонун” эсеби боюнча КСДП 1-орунга чыгып, Бишкек шаар кеңешиндеги депутаттык 21 орунга ээ болгонун, андан кийинки орунга 11 депутаттык орун менен “Республика” партиясы, 7 орун менен “Ата Мекен” партиясы, 6 орун менен “Замандаш-Современник” партиясы жеңишке жеткенин кабарлап, партиялардын ичинен республика боюнча бир да орунга ээ боло албаган “Ар-намыс” партиясы бул жолу толугу менен жеңилгенин жар салды.

Ушул эле гезит айрым жарандарга кайрылып: “Бизге мына ушундай жалкоо, саны көп парламенттин кереги барбы?” деген суроо салды.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев:– Буга бир жактуу жооп бериш кыйын. Эгер депутаттар аз болсо, аларды ар кандай жол менен макул кылуу же сатып алуу оңой болот. 60 депутат кылып койгондон деле бюджет толуп кетпейт, анткени 60 депутат айлыгын азыркыдан эки эсе жогору коюп алышы мүмкүн.

Мен депутаттардын саны эмес, сапаты жакшырышын каалайт элем. Кызмат машиналарын алыш керек. Депутаттарды тейлеген аппаратты 5 эсеге кыскартыш керек. Мыйзамды жалдап алып, мамлекеттин эсебинен акча төлөтүп иштеткен юристтер эмес, депутаттар өз мээлери менен жазсын. Ошондо гана бүгүнкүдөй жалаң акчанын артынан кууп жүрүп депутат болом дегендер парламентке келбей калат,–деп,

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева:– Бүгүнкүдөй парламенттин барынан жогу. Мен Конституциянын долбоорун даярдоо кеңешинин мүчөсү кезимде себепсиз 30 күн ишин калтырган депутаттар дароо мандатын тапшырып кете берсин дегенди киргизе албай койгом, буга Текебаев каршы болуп туруп алган. Эми кеп президентте гана калды. Саясий дымагы бар экени чын болсо, бул парламентти таратыш керек. Ошол эле убакта кониституциялык реформага баруу зарыл. Бул үчүн күргүштөгөн акчанын да, референдумдун да кереги жок. Муну бир отуруп эле жасап койсо болот. Атамбаев үчүн акыркы мүмкүндүк ушул. Же ал мамлекеттүүлүктү түптөп, жаңы Ататүрккө айланат же көз жаш жана шылдың менен кетет,–деп,

Укук коргоочу Чолпон Жакупова:– Мага депутаттардын санынын көптүгү эмес, алардын жыйыны маанилүү. Тилекке каршы каалагандай болбой жатат. Праламенттин негизги милдети – мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө болуш керек эле. Экөө тең ойдогудай болбоду. Азыркыдай акылсыз Конституция менен эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эмес. Эч ким эч нерсеге жооп бербеген жерде жашап жатабыз. Эл жөнүндө айтпай эле койолу. Элдин парламентке таасир бере турган революциялык жолдон бөлөк бир дагы мүмкүнчүлүгү калбай калды. Мен ошону менен бирге эле дал ушул Конституция үчүн добушун берген шайлоочулардын коркоктугун күнөөлөгүм келет. Бүгүнкү мародерлор менен акча ячейкаларын тоногондорду эл өзү шайлаган. Өзү шайлагандан кийин анын азабын да өзү тартыш керек. Элибиз кандай болсо парламентибиз так ошондой,–деп,

Саясат талдоочу Марс Сариев:– Азыркы парламент чындыгында эле саны көп жана жалкоо. Менин оюмча кайрадан эки палаталуу парламентке өтүү керек. Жогорку палата 40 депутаттан туруп, такай мыйзам жазуу менен иштеген профессионалдардан, ал эми төмөнкү палата жылына эки жолудан сессия өткөргөн эл өкүлдөрүнөн турушу керек. Ушул жол бийликти узурпациялоодон сактайт. Эгер мурда бийликти президенттер басып алып бийлеп келсе, бул жолу партиялар басып алып бийлеп жатат. Ортодо баягы эле эч нерсеси жок эл калды. Буга Жогорку Кеңештеги депутаттардын өздөрүнүн да көздөрү жетип, айрымдары чабадандарын жыйыштырып, айрымдары Бишкек шаардык кеңешине жылып кете баштады. А “Титаник” болсо чөккөндөн чөгүп баратат,–деп жооп берди.

“Дело №...” гезити “Мадылбековдун уулунун “ишинен” Елисеевдин изи чыга баштады” деген темада макала жарыялап, 15-ноябрда Жогорку Сот камактагы Элдар Мадылбековду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алганын, буга нааразы болгон Башкы прокуратура ушундай чечим кабыл алган Жогорку Соттун үч мүчөсүн тартиптик жазага тартуу үчүн Соттор кеңешине кайрылууга аргасыз болгонун, мындай чыр-чатактуу чечимди Жогорку Соттун Канатбек Турганбеков, Лепес Темирбеков жана Арызбек Акиев деген судьялары кабыл алганын, баса, азыркы Жогорку Соттун төрагасынын орун басары жана кылмыш, административдик жазалар боюнча коллегиясынын башчысы болуп турган Канатбек Турганбеков менен депутат Туратбек Мадылбековдун жолу бир жерден кесилишкен кездер болгонун, Мадылбеков Чүй облмилийсасын башкарып турганда Канатбек Турганбеков дал ушул Чүйдүн соту болуп турганын элдин эсине салып өттү.

Мадылбековдун уулу ушул тапта үч кылмыш иши боюнча күнөөлөнүп жаткан кези.