Кылмышкердин изи менен...

“Кереге” гезити парламент криминалдардан турарын жазып чыкты.
Парламент криминалдын деңгээлине чейин түштүбү? Ушундай суроо койгон “Кереге” гезити депутат Улан Чолпонбаев буга дейре уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары айыпталып, алтургай каттоодо турганын, каймана аты “Хоп” экенин, дагы бир депутат парламентке келгенге чейин кылмыштуу топтун “банкири” болуп, кылмыш дүйнөсүнүн казынасын кармап келгенин, эми минтип күнү кечээ эле шайланып келери менен “криминал” менен кашык каныбыз калганча күрөшөбүз!” деп эл алдында убадасын берген “атамекенчилердин” катарынан да кылмыш дүйнөсүнүн “жин-шайтандарынын” башы көрүнө калып жатканын, деги эле биздин өлкөдө түрмөнүн жаргондору алтурсун “ата, атка така как” деп алиппени окуй турган балдардын дүйнөсүнө чейин киргенин, тунгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар убагында Рыспек Акматбаевдин “кызматын” пайдаланып, кылмыш дүйнөсүн тунгуч ирет мамлекетке алып кирсе, Бакиевдер криминал менен түз эле коюн-колтук алышып, каны-жини аралашканча кызматташканын кейиш менен кеп кылды.

Ошентип бүгүн бийлик бутактарында кримчөйрөнүн өкүлдөрү бар экени чынбы?
Экс-депутат Бегалы Наргозуев: – Бийликте кримчөйрөнүн өкүлдөрү бар жана алар таасирдүү күч, анткени аларды убагында мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырганга пайдаланышкандыктан карыз болуп калышкан. Алтургай азыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо да алардын талапкерлери жүрөт,–деп.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев:– Бийликте кримчөйрөнүн өкүлдөрү бар экени анык,–деп,

Аликбек Жекшенкулов:–Кайсы мамлекет болсо дагы өткөөл мезгилде бийликке криминалдар келген, алгач АКШда деле ушундай болгон,–деп жооп берди.

“Дело №...” гезити Медет Садыркуловдун өлтүрүлгөндүгү боюнча жүрүп жаткан сот иши аягына чыгып баратканын, прокурор өткөн жумадагы сотто Замир Молдошевди генералдык чининен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жыл түрмөгө кесүү жөнүндө сураганын, ушундай эле өтүнүч менен Нурлан Темирбаевге 20 жыл, Жаныш Бакиев башында турган Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы бөлүм начальниги Марат Турдукуловго, Бакыт Байжановго, Эргешбек Маткайымовго 25 жыл, Садыркуловдун машинасын сүзүп аварияга учуратты деп кармалып, түрмөгө отургузулуп, кайра чыгарылган Өмүрбек Осмонов деген шоопурду түрмөдөн чыккандан кийин өлтүргөн деп күнөөлөнүп жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Сыдык Борбуевге 22 жыл суралганын кабарлады.

Аталган гезит Садыркуловго байланыштуу кезектеги акыркы сот 15-ноябрь күнү болорун, сотко төрагалык кылып аткан судья Марлен Тентимишов акыркы өкүмдү чыгарарын жазды.

“Кыргызстанда эң эле жашыруун сыр – депутаттардын айлыгы! Парламент аны эмне үчүн ачыкка чыгарбай катып жатат?”, “Алыс-жуук командировкалар. Эмнегедир алысынан жакынкысы кымбат”, “Эң эле көп акчалуу депутаттар”, “Деги биз кимди шайлаганбыз?”, “Алтургай экс-депутаттар да машиналарына майды мамлекеттен алып куюшат” деген баштемалардын алдында депутаттардын элге тийгизген “пайдасын” жиликтеген макалалардын топтомун жарыялады.

“Кереге” гезити айрым жарандарга кайрылып, “25-ноябрда боло турган шайлоо таза өтөрүнө ишенесизби?” деп суроо салды.

Саясатчы Азимбек Бекназаров: –Ишенбеске айла жок болуп калды. Акча жана башка нерселерге алданбай, келечек үчүн иштей тургандарды шайласак жакшы болот эле,–деп,

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: –Акыйкат шайлоо болот деп эч качан ишенбейм. Партиялык негиздеги шайлоонун өзү туура эмес. Борбордон алыс аймактарда партүгүтчүлөр добуш сатып алуунун аракетин көрүп жатканын угуп атабыз,–деп,

Саясат иликтөөчү Марс Сариев:– Мурункуларга караганда шайлоо таза өтөт деп айта алам. Анткени эл кандай кыйынчылыкты башынан өткөрүп жатканын билип калды. Айрыкча шаар тургундарынын саясый түшүнүгү бир топ жакшырды,–деп,

Журналист Гүлзада Медералиева:– Акыйкат өтөрүнө баары бир шегим бар. Чоңдорубуз “бөрк ал десе баш алмай” адатын таштабайт окшойт. Тилекке каршы биздин эл өз келечегине кайдыгер, сатылганын таштаса жакыш болот эле,–деп,

Укук коргоочу Рита Карасартова:– Эгер шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтө албай, дагы эле: “баары бир бийликтегилер шайланат” деп көңүл кош мамиле кыла берсе анда шайлоо таза өтпөй калышы мүмкүн,–деп,

“Ак калпак” саясый партиясынын лидери Улукбек Маматаев:– Шайлоонун таза өтүшүнө шайлоого катышып жаткан партиялардын аракеттери түздөн түз себеп болот,–деп жооп берди.