Кимдин заманы?

Гезиттер алдыдагы шайлоо, өлкөнүн ички турмушун чагылдырган окуяларга басым жасады.
“Жаңы агым” гезити өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Нарын аймагын кыдырганда аны 70тей адам коштоп, айрыкча жансакчылары, жеке доктуру, ашпозчусу жанынан карыш жылбай, өкмөт башчыдан мурда казы-карта менен чайды өзүлөрү ооз тийип, анан өз шефине берип турганы, Ат-Башынын ак мөңгүсүнөн агып түшкөн сууну чанып, “Легенда” суусун чакалатып ташытып жуунуп, жалаң “Легенда” менен чай ичкенин көргөн жергиликтүү элдин өкүлдөрү ичинен башын чайкаганын белгилеп:

“Жантөрө мырза казынанын акчасын үнөмдөгүсү келсе, облустарды кыдырганда жандоочуларын азайтып, бир мекемени милдеттүү түрдө тостуртуп, анын эсебинен ичип-жегенди токтотсо эле канча үнөм болот эле. Чаап алчудай болуп каптап барган 70 кишинин жеп-ичкени азбы?” деп жазды.

Ушул эле гезит “Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов кызматтан кетет экен деген шыбыш тарады” деп,
“Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков жакшы иштеп атат, Нарын шаары кадимкидей оңолду” деп,
“Парламентти жазга жеткирбей таркатуу демилгеси күч алды” деп,
“Жантөрө Сатыбалдиев Ибрагим Жунусовду министрликтен шыпырып түшүү үчүн кайра-кайра текшертип, эч нерсе табалбай жатат” деп кабар таратты.

“Алиби” гезити бул санын гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Ала койду бөлө кырккан жарыбайт” деген каты менен ачып, 7-ноябрь күнү КСДП партиясы басма сөз күнүнө карата сый тамак уюштуруп, журналисттерди чакырганын, бүгүнкү бийлик партиясына айланган бул партиянын “Ак жол” партиясынан, аны түптөгөн Алмаз Атамбаевдин Курманбек Бакиевден айырмасы эмнеде? Булар журналисттерди тамак менен сатып алууга аракет кылып жатышабы?” деп суроо койду.

“Де-факто” гезити журналист Келдибек Назировдун “Кыргыз кедей жашайт, бирок байга тете өлөт” деген макаласын басты. Анда автор кыргызча үйлөнүүнүн чыгымдарын санады. Маселен түштүктө бардар үй-бүлөлөр нике тоюна 800 миңден 1 миллионго чейин акча чачса, түндүктө 500-600 миң сомдун тегерегинде акча чачыларын, ошондо ар бир тойго кеткен чыгымды орточо 250 миң сом менен эсептегенде эле кыргыздар үйлөнүү тою үчүн бир жылда 10 миллиарддан ашуун акча жумшаарын маалымдады. Ал эми статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аш-тойлорго болжол менен 50 млрд. сом айланып-тегеренип турат. Дүйнөдө кымбат туулуп, кымбат өлгөн кыргыздай эл жок экенин дагы бир жолу эсибизге салып өттү.

“Фабула” гезити мурунку коргоо министри, Бакиевдин карачечекей жээни Бакыт Калыев апрель окуясына байланышкан сотто адамдын акылына сыйбаган, тубаса дарты бар адам да айтпай турган “укмуштуу” сөздөр менен көрсөтмө бергенин, атап айтсак ал: “Менин бир кулагым 100 пайыз укпайт, экинчи бир кулагым 40 пайыз укпайт, ошондуктан 7-апрелде атышуу болуп, ок атылганын деле уккан эмесмин. Бакиевдин оң жагында отурчумун, бирок ал кеңешмеде эмнелер тууралуу сүйлөшүп жаткандарын боолголоп эле билбесем, укчу эмесмин” деп айтуу менен сот жүрүшүн угуп, көрүп отургандарды жерге түкүрткөнүн, “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген ушул экенин, жалаң укмуштуу оорулар менен ооругандар, кулагы укпагандар, бөйрөгү каерде экенин өмүрү билбегендер кантип эл башкарып жүргөнүнө таң калган гезит: “биздин чиновниктер айыбы ачылары менен эле оорулуу, келесоо, дүлөй, жижиң боло калмайды адатка айлантып алышты. Эгер чындап эле мамлекет атыбыз болсо “мындай акмакчылыктарга жол бербей, чечкиндүү чара көрбөсө болбой калды” деп жаны кашайды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын экономика министри Темир Сариевдин “Кыргызстандагы экономика каатчылыгы, миллиарддар жана жаркын келечек” аттуу маеги менен ачты.

“Дааратканадан акчаны аяп...” аттуу макалада Кара-Сууунун Туратали базарындагы кырсыктуу окуянын чоо-жайы баяндалды.

Академик Турар Койчиевдин “Экономикалык идеологияны гумандаштыруу керек” деген макаласы да ушул санда.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргыздар, силер баатыр элсиңер!” аттуу баш теманын алдында Монголиядан мейманчылап келген монголдордун кыргыз эли тууралу ойлоруна орун берди.

“Кылым сүрөтү – Кыргыздар” деген сүрөттүү баянда белгилүү кыргыз сүрөтчүсү жана таланттуу кара сөз чебери Үсөн Сарыбаевдин чыгармачылыгы жана ага карата ой-пкирлердин топтому жарыяланды.

Таланттуу жазуучу Самсак Станалиевдин Шекербек Сартов жөнүндөгү “Жүрөк кагышында жашай берет” деген эскермеси да гезиттин жаңы санында.