"Майлуу" схема уланууда

“Дело №...” гезити энергетика тармагынын көйгөйлөрүн дагы бир жолу чоңдордун кулагына куйду.
“Дело №...” гезити “Кыргыз энергетикасынын кыйын күндөрү” деген аталыш менен окурмандарга он жылдан бери жеке энергетикалык компанияда иштеп келаткан Бийназар Бердикеевдин маегин тартуулады.

"Келаткан кыштан эмнелерди күтсөк болот?", – деген суроого Бердикеев:

– Корко турган эч нерсе жок. Кыш өткөн жылдагыдай суук болбойт. Ал эми энергетиктердин “электр энергиясы жетпей калышы мүмкүн” дегендеринин баары суу кечпеген сөз. Биздин электр станциялар жылына 14 млн. киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Мына ушунун өзү эле Кыргызстандын ички керектөөсүн толугу менен камсыз кылганга жетет,–деп айтты.

"Анда эмне үчүн кыш бололек жатып эле Бишкектин тегереги жарыксыз калууда?", – деген суроого Бердикеев:

– Ушунун баарына Түндүк электр ачык акционердик коому жооптуу. Бүгүн Бишкектин каалаган квартирасына барып, кире беришиндеги электр щиттерин карап көргүлөчү, баары ап-ачык, дат баскан, оролбогон, чатышкан, үзүлгөн, уланган проводдордон башың айланат. Мен жай бою байкап чыксам, Түндүк электрдин кызматкерлеринин бирөө да ушуларды ремонттон өткөрүп койгонго колу барганын көргөн жокмун.

"Энергетиктер маселе коюлса эле каражаттын жетпей жаткандыгын бетке кармашат. Чын эле акча жетпейби?" деген суроого Бийназар Бердикеев:

– Жөнөкөй мисал келтирейин. Жеке бөлүштүргүч компания - Электр станцияларынан энергиянын бир киловатт саатын 41 тыйындан түз сатып алат. Ал эми Түндүк электр ААК бизден төрт эсе арзан, же бир киловатт саатын 12 тыйындан гана алат.

Электр энергиясын транзиттөө үчүн Улуттук электр түйүндөрү дегенге бир киловатт саат үчүн дагы 20 тыйындан төлөйбүз. Түндүк электр ААК болсо 17 тыйындан төлөйт. Жыйынтыгында жеке компаниялар 61 тыйындан, Түндүк электр ААК 34 тыйындан төлөгөн болот. Бирок элге сатканга келгенде бирдей баада – 70 тыйындан сатабыз. Кыскасы бул схема Максим Бакиевдин учурунан бери эле өзгөрө элек. Бөлүштүргүч компаниялар иш жүзүндө мамлекеттики болгону менен мамлекет башкарбайт.

Бизде мамлекет деген бар, бирок мамлекеттүүлүк деген жок. Мыйзам бар, мыйзамдуулук деген жок. Эң башкы проблема мына ушунда! Чоңдор энерготармактын маселеси пайда болсо эле килемге Энергетика министрлигин чакырып ур-бергиге аламай адаты бар. Бирок бийлик башындагылар Энергетика министрлигинин Энергия бөлүштүргүч компанияларга таасир бере турган рычагы жок экендигин, ал тургай бул компаниялардын эң жөнөкөй кызматкерин да кызматтан алып койо албасын билет болду бекен? Бөлүштүргүч компаниялардын кадрларын кызматтан алуу же коюу Мамлекеттик мүлк министрлигинин колунда. Эки жылдын ичинде ошол эле Түндүк электр ААКнын беш генералдык деректири алмашты. Алмашып отуруп, акырында ушул жарайт дешти окшойт, гендеректир кылып кесиби боюнча энергетика дегенден алда канча алыс зоотехник Искендер Кадырбековду алып келишти.

Буга дагы бир мисал, өткөндө кышка даярдык боюнча Жантөрө Сатыбалдиев чогулуш өткөрүп жатып: “Кокус свет өчүп калса эмне болот?” деп сурады эле Түндүк электрдин зоотехник гендеректири селт этип да койгон жок, деги эле анын иши эмес сыяктуу. Анын ордуна энергетика министри Автандил Калмамбетов башын оортуп, чуркап жүрөт. Мен Жантөрө Сатыбалдиевдин ордунда болсом "сен кимсиң? Сен зоотехник болсоң ким сени бул кызматка койду эле?", – деп сурайт болчумун.

Совет мезгилинде энергетика тармагынын башында турган жетекчи ар бир трансформатор авария болсо, анын себебин дароо чоңдорго жадыбалдай жат айтып берчү. Эми карабайсыңарбы, бирдеме десең эле, ”ал энесинен туулгандан эле менеджер” экен деген шылтоо менен көрүнгөн кишини көрүнгөн жакка койо берип тармакты такыр талкалап бүтүштү. Керек болсо уялбай туруп, көрүнгөн бирөөнү алып барып киши сойгон доктур же оркестрдин дирижеру кылып койгон абалга чейин жеттик. Акаевден, Бакиевден бери келаткан, Ширшов түзүп кеткен схема кайрылып келүүдө. Максим Бакиев бир эле ТЭЦтен жылына 5 млн. доллардан саап алып турчу, – деп каңыргы түтөдү.

“Кереге” гезити аркылуу пикирин билдирген эксперт журналист Садырбек Чериков: “Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалыгына мурдагы КГБнын катарында 24 жыл иштеген, тажырыйбасы мол чекист Бейшенбай Жунусовдун келиши менен бул кызматтагылар: “акыры өз кишибиз келди” деп кубануу менен кабыл алышыптыр” деп белгилеп, коомчулук күч түзүмдөрүндөгү кадрдык алмаштырууларды туура көрүп жатканын, бирок ошол эле учурда күчтүү опер катары саналган, эл кадырлаган Мелис Турганбаевдин министр болбой калганы суроо бойдон калды деп жазды.

Ушул эле гезит саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Рысалиевди алмаштыруунун кажети жок болчу” деген аталыштагы маегине орун берди. Азимбек мырза ички иштер министри Рысалиев профессионал опер экенин, ал талаада калбастыгын, кыйын кезде келип көп иштерди жасаганын, сыягы мародерлук боюнча тергөө иштеринин ачыкка чыгып кетиши да шылтоо болуп калдыбы деп ойлоорун, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев келип эле Рысалиевге асылды деген да сөз болгонун айтты. Бекназаров андан ары карай, “азыркы депутаттардын жарымы мародер, жарымы решеткага асылып аткандар, жарымы түрмөдө отургандар болсо, кантип парламенттик өлкөнү курабыз деп мага окшогондор сүйлөйт экен да” деди.