Гезиттердин баары Камчыбек Ташиевге байланыштуу окуяларга кайрадан кайрылды.
Бүгүн жарыкка чыккан “Арена.kg” гезити депутат Акматбек Келдибековдун: “Элдин талабы менен эсептешпей коюунун арты жакшылык менен бүтпөйт” деген макаласы менен ачып, үч депутаттын камалышын саясый куугунтук деп атады. Ушул эле гезиттеги сөзүндө саясатчы Адахан Мадумаров: “Мен Ташиевди камай салгыдай оркойгон мыйзам бузууну көрө алган жокмун” десе, саясатчы Азимбек Бекназаров: “Баарынан кызыгы кылбаган кылмышты кылдың деп камап койгонун туура көргөн жокмун. Мен тосмодон ашып түшсөм Бекназаров бийликти басып алат деп кооптонушса жарашмак, Ташиев колунда бийлик туруп, эмнени басып алмак эле. Эртең Камчы бийликтин башына келет, эл алдында дагы акыркы жолу суранам. Алмаз, Камчыны чыгар, кыйналба досум!” деп айтты.
“Асман пресс” гезити депутат Равшан Жээнбековдун: “Максим Бакиев Кыргызстанга келип, бир сөздү айта турган болсо, 3-революция болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ал келбейт” деген маеги менен бул санын ачты. Равшан Жээнбеков маегинде: Азыр президент орундарды алмаштырганга гана аракет кылып жатат. Ошондуктан бүгүнкү камалып жаткан иштерден эч кандай жыйынтык чыкпайт. Учурда үч депутат камалып, айрымдарына кылмыш иши ачылгандан кийин калган депутаттар коркуп калышты” деп айтты. Ушул эле гезитте Акылбек Жапаровдун, Нурлан Мотуевдин маектери бар.
“Пресс.kg” гезити Айзада Абазованын “Ташиевдин артында кандай күч бар?” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Журналист үч божомолун окурмандарга сунуш кылып, 1-си, эгер Ташиевдин артында Максим турса, адатта төңкөрүш болорун ал Садыр Жапаровго айтпайт. Себеби “Кумтөр” үчүн чогулткан эл Садырдыкы, Садыр Бакиевдерге элди жыйнап бериш үчүн гана колдонулат. Эгер айтса Бакиевдер Жапаровго эмес, Келдибековго айтышы мүмкүн. Кокус Камчы камалып калса, сен түштүктү көтөрүп чыгасың. Анан Үсөн аке тымызын жардам берсе, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров өңдүү лидерлерди колдонобуз” деген болуш керек деп жазды. Автордун 2-версиясы Ташиевдин артында Бабанов турушу мүмкүн. Бабанов Камчынын оттон-суудан кайра тартпаган көкжалдыгын билип туруп, 20 спортсмен менен Ак үйдү алып бер, калганын “республикачылар” өздөрү бүтүрөт” деген болуш керек деп, ал эми 3-версиясы Атамбаевдин саясий технологдорунун колу менен президент Атамбаев чет өлкөгө кеткенде ушундай иштер жасалышы мүмкүн деп” жазып чыкты
Ушул эле гезиттеги сөзүндө Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов: Кумтөр алтын кениндеги коррупциялык механизмдердин бетин ачууга аракеттенген оппозиция лидерлерин камоо менен күч органдары карапайым калктын нааразылыгын жаратууда. Эң өкүнүчтүүсү өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө чок салууну жана улуттар аралык мамилени кайрадан бузууну көздөгөн 3-күчтөр түштүктөгү элдин нааразылыгын өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши толук мүмкүн” деп билдирди.
“Учур” гезити 1-бетин: “Жылдыз Жолдошеванын уулу кимди атып салды?”, “Текебаевчилер менен батыровчулар Бакиевдин үйүн тоношкон”, “Бакылдаган Байгожоевдин былыктарынан бир шиңгил” деген баш темалар менен ачып, редакцияга депутат Жылдыз Жолдошеванын карачечекей уулу кимдир бирөөнү атып салганы боюнча маалымат келип түшкөнүн, анын чоо-жайын кийинки санында жарыя кыларын, Эсеп палатасынын башчылыгына Көчөрбай Сапарбаев тапталып жатканын кабарлады.
“Де-факто” гезити окурмандарына журналист Келдибек Назировдун “Атың чыкпаса, Ак үйдү ал!” деген макаласын тартуулады. Автор учурунда Акаев менен Бакиев деле каршы чыккан кишисин түрмөгө тыгып келгенин, эгер Ташиев чын эле Лондон, Минск менен сүйлөшкөнү анык болсо, бийлик ал сүйлөшүүлөрдүн баарын ачыкка чыгарышы керектигин, ансыз эл азыр “имиштерге” ишенбестигин, анын үстүнө: “башыбыздан бир тал чач түшсө, эртең көчөгө 20 миң адам чыгат” деген сөздү Кмчыбек мырза тегин жерден айтпаганын, эгер ал бир нерсеге ишенбесе шымын айрытып, короодон ашып түшпөйт эле” деп белгиледи.
“Айат” гезити журналист Балбак Түлөбаевдин “Кетсиндер!” кайра башталды деген макаласын тартуулады. Автор макаласынын “АКШ, Максим жана Ташиев” аттуу бөлүмүндө өлкөдөгү акыркы окуялар балким атайын жазылган сценарий болушу мүмкүндүгүн, анткени Америка эч убакта келген жеринен жөн эле кете бербестигин, эзели АКШ менен Орусия өңдөнгөн эки дөөнүн жер үстүндөгү күрөшү бүтпөстүгүн, болгону кыргыз айткандай “эки дөө кармашса, ортодогу кара чымын кырылат” болуп, Кыргызстанга гана кыйын болорун кеп кылды.