Бүлүнгөндөрдүн бүлдүргүсү

Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити “Тери бөлүшмөй” деген рубриканын алдында “Менчиктештирүүбү же мендиктештирүүбү?” деген баш макала менен жаңы санын ачып, Бакиев бийлиги кан төгүп качкандан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү “өлө элек аюунун терисин бөлүп атып": “биз Бакиевдердин мыйзамсыз басып алган байлыгынын баарын улутташтырабыз” деп чыкканын окурмандарга эстетти.

Макала андан ары мындай улутташтыруу тарыхы Акаев Москвага качканда да болгонун, ошондо ал кездеги 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Америкадагы элчи кыз Замира Сыдыкова аркылуу Либерман аттуу из кубарды таптырып, аны мамлекеттин эсебинен 500 миң долларга жалдап келип, анысы болсо “бечара Акаевдин эч кандай байлыгы жок, тоголок кембагал экен” деп беш жүз миң долларды чөнтөгүнө салган бойдон баса бергенин, анан ошондон көп өтпөй эле, Бакиев бийликке келген 2005-жылдын 24-мартынан кийин “Айдар Акаев менен Максим Бакиев Москвадан жолугуп, кыймылсыз мүлк, бизнестерин тең бөлүшүптүр” деген сөз эл арасына тараганын, ошондон аз өтпөй ага чейин аты-жыты анча дайынсыз Максим Бакиев чагылгандай тез байып, саясаттын астанасын аттап, аттап эле тим болбой, дароо төрүнө өтүп, алтургай Англиядагы футболдук кулубдарга да акционер болгондугун дагы бир жолу эсибизге салды.

“Кереге” гезити андан арылап бүгүн чуу түшүп аткан “Альфа Телеком” ошондо Айдар Акаевдин колунан Максим Бакиевдин колуна өткөнүн, кийин сыпаа саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы күнөөлөнүп, бир азга түрмөнүн жытын жыттап чыкканын, Бабанов менен Жекшенкуловдун жекелешмейи дал ушул компаниядан улам болгонун, ошондогулар компаниянын базар баасы 500-600 млн. доллар турарын айтса, эми жүз сегиз млн. долларга эле кармата берсекпи деп баштары катып жатканын, кашайып компаниянын 51 процент акциясынын артында Алексей Елисеев, анын артында Максим Бакиевдин өзү турарын жазып чыкты.

Ушуга улай эле “Улутташтырылган объектилердин тагдыры кандай болот?” деген суроо менен гезит айрым атуулдарга кайрылды.

Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев: Менин жинимди келтирген нерсе улутташтырылган байлыктарды аукционго коюп жаткандыгы болууда. Бул туура эмес кадам,-деп,

Конфликтолог Жыргалбек Касаболотов: “Кыргызтелеком” негизги стратегиялык объектилердин бири. Анын карамагында РПО РМТР деген өтө маанилүү техникалык тармак бар. Эгер аны менчикке берип жиберсек өлкөнүн маалымат коопсуздугу коркунучта калат,-деп,

Коомдук ишмер Мирослав Ниязов:- Бюджет азыр өтө оор абалда. Мамлекет улутташтырылган объектилерди, тоо-кендерин сатканга аракет кылып жатат. Аларды сатпаса сырттан кредит, гранттар келбей калды. Мамлекет бул кадамга аргасыздан барып жатат. Себеби сентябрь айына чейин бюджет жеткен менен андан аркысы кыйын болуп калышы мүмкүн,-деп жооп берди.

Ушул эле “Кереге” гезитинин дагы бир макаласы “Аблязов, Үсөнов, Батыров, Курсалиевич. Кезекте Надель” деп аталып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров качкындагы кан досу Данияр Үсөновдон жана ал аркылуу казак сүткору Муктар Аблязовдон миллиондогон доллар алганын, Камчыбек Ташиев Минскидеги Бакиевдин өзүнөн колдоо тапканын, Ахмат Келдибеков болсо февралдын соңунда космонавт Салижан Шариповдун жардамы менен июнь окуясынын башкы күнөөкөрү Кадыржан Батыровго Швейцариядан жолугуп, акча маселесин сүйлөшкөн имиш деп айрым маалымат каражаттары жазып чыгышканын, эми оппозициянын “демөөрчүлөрүнүн” катарын “Азия Универсал банктын" мурдагы жетекчиси Михаил Надель толуктаганы калганын, мындай божомолго толук негиз бар экенин, анткени Надель “Азия Универсал банктын” улутташтырылып кеткенине ичи ачышып, банкты кайтарып алыш үчүн расмий бийликти сотко бермей болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Ахмат Келдибеков “сүйүнчүлөгөнүн”, ал Наделди жатындашынан бери жактап, эгер соттон утулуп калсак, 400 млн. доллар төлөп бере тургандыгыбызды “сүйүнчүлөдү” деп кабарлады.

Депутат Равшан Жээнбековдун маеги “Бабанов куру кыйкыра берип өлкөнү жарга такаганы калды” деген ат менен жарык көрдү.

Равшан Мырза бүгүнкү күнү мамлекеттин жалпы финансы-кредиттик саясаты бузулганын, анткени “Респбулика” саясый партиясынын лидери, азыркы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өзүнүн шайлоо алдындагы популисттик убадаларын мамлекеттин эсебинен аткара баштады деп сынга алды.