Баатыры да башкача

Жарык көргөн гезиттер коомдук турмуштун ар кыл жагдайларын талдоого алган макала, маектерге орун берди.
Бүгүн жарыкка чыккан “Фабула” гезити бул санын журналист Баратбай Аракеевдин “Атамбаевдин аброю ичте да, сыртта да өсүп турат” деген макаласы менен ачып, өлкө башчысынын Казакстанга барып келген иш сапарын баяндап, ал жемиштүү аяктагандыгын, казак тарап азербайжандар куруп бермекчи болгон мунайзат иштетүүчү заводко мунайзат берип турууга, Кемин-Алматы электр тармагын куруп, бизден 2,5 млрд. киловатт электр энергиясын сатып алууга сөз бергенин кабарлап, Казак президенти Назарбаевдин Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге жасаган мамилеси эки элдин эзелтен бери келаткан жакындыгынын айкын далили болуп калгандыгын белгиледи.

Ысык-Көл губернатору Мирбек Асанакуновдун маеги “Көлдө мыйзамдаштырала элек 2000 гектарга жакын жерге үйлөр салынып калган” деген ат менен жарык көрдү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Төрөбай Зулпукаров “Тил, дин маселесине келгенде корко беребиз” деген ат менен маек куруп, өзбек улутундагы адамдар: “Биз Кыргызстанда жашап тургандан кийин кыргыз тилин билишибиз керек, балдарыбызды окуталы деген оюубуз бар, жок дегенде күнүнө бир сааттан, жумасына беш жолу кыргыз тилин окутса болмок” деп жатат, ал эми биз буга шарт түзуп бере албай жатабыз, күнөөнүн баары өзүбүздө” деп айтты.

“Фабуланын” бул санында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү манас таануучу Айнек Жайнакованын “Манас жана манасчылар” деген макаласы да бар.

Айтылуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин “Арты булганган саясатчылар айтышка келбейт, мен жөнүндө эмнени айтып ийет деп коркушат” деген аталыштагы кызыктуу маеги да “Фабула” гезитинин бүгүнкү санында.

Журналист Асыран Айдаралиевдин Хельсинкиден жөнөткөн макаласы жарык көрдү. Макала “Рысбек Акматбаев ким болгон?” деп аталды.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин “Алиби” гезитинин бүгүнкү санындагы макаласы “Бүгүнкүнүн баатырлары кимдер?” деген аталыш менен окурмандарга тартууланып, автор анысында акыркы кездери кандуу апрель окуясын бетине карманган карөзгөй жандардын тобу пайда болгонун, маселен мындан бир топ мурун Апрель окуясынын баатыры аталган, Бишкек шаарынан 36 жаштагы Таалай Элебесов деген адам “Карактоо”, “Атайылап денеге залал келтирүү”, Атайылап бирөөнүн мүлкүн тартып алуу” деген айыптар менен 1-СИЗОго камалганын далилге тартты. Каракчылык кылып жүргөн адамдын канды тепсеп жүрүп кантип баатыр деген наамга жетип алгандыгынын моралдык жагына басым жасап, айрым жерлерде күбөлүгүн бетиңе такап, “мен деген апрель баатырымын, мага иш бергиле, мен деген президенттин көзөмөлүндөмүн” дегендер көбөйүп баратканына, мына ушундай бөтөнзордук менен дөөгүрсүү апрель революциясына да, ал аркылуу бийликке келген аткаминерлерге да кеткис көлөкө түшүрөрүнө көңүл бурду.

Ушул эле гезиттеги журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы алтындын ызы-чуусунунан арылбай келаткан Таластагы Андаш кенине арналды. Макала: “Айыл элинин ынтымагын ыдыраткан “Андаш” кени деген ат менен жарыяланды.

Канышай Мамыркулованын макаласы “Батыш казакты “Бораттын”, кыргызды Эгендин көзү менен тааныйбы?” деп аталып, кинорежиссер Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” аттуу кинотасмасына көз карашын билдирип сынга алды.

Бул санга кыргыз киносунун корифейлеринин бири, айтылуу кинорежиссер, Кыргыз республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун 70 жашка чыккандыгын, жалпы кыргыз коомчулугу өзүнүн чыгаан уулу менен чын жүрөктөн сыймыктана тургандыгын чакан куттуктоо аркылуу окурмандарга жар салды.

Журналист Мээрим Бактыбек кызы менен маек курган Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев: “Уруумду билбейм. Атамды тааныбайм. Мени багып алышкан” деп айтты. Кабарчынын суроосуна жооп берген депутат мырза: “Саясатчылар элди экиге бөлсө, санжырачылар элди сегизге бөлөт” деп айтышат, мен деги эле элди бөлүп көргөн эмесмин. Далилдеп берейин. Керек болсо мен уруумду билбейм. Менде “отчество” деген жок. Молдобаев Нарынбекмин. Молдобай деген кишини тааныбайм. Атамдын атын билбейм. Мени багып алган. Анан мен эмнеге элди бөлөм” деп айтты.

“Ак шумкар” жаңы конушунун тургандарынын Бабанов баштаган чоңдорго жазган кайрылуу каты салына элек жаткан мектепти сатып жиберишкен жергиликтүү бийлик адамдары жөнүндө сөз кылды. Кайрылууга улай эле бул ишке түшүндүрмө берген гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Мыйзамдуу алдоо” деген макаласы кошо басылды.