Эрдик кылыш үчүн эрк керек

Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкөнүн ички-тышкы турмушундагы окуяларды чагылдырган материалдарга кенен орун берди.
Бүгүн жарыкка чыккан “Де-факто” гезити Назима Жумаеванын “Улут аралык ынтымак улуттук иедеология аркылуу бекемделет” деген макаласын жарыялап, анысында тынчтыктын, ынтымактын баасын билген адамга - стабилдүү жашоонун, өлкөдө улут, улутуна бөлбөй, бирин бири зекибей, күчтүү мамлекетти түптөө керектигин, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет үчүн өтө маанилүү идеологияны колго алганын, ал коррупцияга, маңкуртчулукка, улутчулдукка жана жер-жерге бөлүнүүгө каршы бөгөт коюуга аттанганын белгиледи.

Президенттин максаты - бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды түзүү болуп жаткандыгы профессор Сыртбай Мусаевдин айткан ойлорунда да бекемделди.

“Де-факто” ошону менен бирге эле “Тартиптүү Акмат Бакиев жана чыккынчы соттор” деген макаланы, Мун сектасы боюнча Турсунбек Чыңгышевдин жана Мавлян Аскарбековдун ойлорун, Шейшенбек Байзаковдун “Акмат Бакиев эле качып кеткен жок, жатак абактардан 1260 адам качып кеткен” деген маегин, Өмүрбек Текебаевдин “Азыр оппозицияда болуу коркунучтуу эмес. Өмүрүңдү, байлыгыңды жоготпойсуң” деген, маегин тартуу кылды.

Журналист Балбак Түлөбаевдин “Айат” гезитинин жаңы санындагы макаласы “Дөшү менен балканын ортосундагы тышкы саясат” деп аталса, Шайыр Маматокторовдун макаласы “Ата Мекен” мындан аркы саясый күрөштү улантуусу күмөн” деген ат менен тартууланды.

Маматокторов аталган макаласында негизинен өткөн шайлоолор тууралуу кеп кылып, коомчулук ашкере саясатташып кеткенин, элдин көңүлүн, айрыкча жаштардын көңүлүн саясатка эмес, илим-билимге, маданиятка, спорт менен өндүрүшкө көбүрөөк буруу керектигин, ишкерлер менен фермерлерге шарт түзүп, олчойгон салыктардан убактысынча бошотуп туруу мезгили келгендигин айтты.

“Айаттын” бүгүнкү санында ошону менен бирге эле Акмат Бакиев күч менен тартып алган ВЛКСМ фабрикасы жана ал басмачылык кылган учурда күлү көккө сапырылган ишкерелер туурасында Жазгүл Карбосованын макаласында баяндалды.

Нарындык журналист Барктабас Белековдун макаласы “Чек арада үзүлгөн өмүр” деп аталып, “Баткендин “Самаркандек” чек арасында зөөкүрлөрдүн огунан курман болгон Канат Дүйшөналиев тууралуу маселе козголот.

Уран калдыктарынын кесепети тууралуу макала “ Миң-Куш эли ууланган суу ичсе, Сузактын Кара-Алма айылдык окургандагы абал алымсындырарлык эмес” деп аталып, ал боюнча экономист Бекташ Кылычбековдун ою да ортого салынды.

“Учур” гезити депутат Канатбек Исаев менен “Атамбаев менен Бабановдун атаандаштыгы бар” деген ат менен маек куруп, коррупцияга каршы күрөшүү идеясы туура экендигин, бирок күрөштүн багыты туура болбой жатканын, себеби күрөш элдин жон терисин сыйырган чиновниктерге каршы багытталбай, тескерисинче мамлекетк чоң киреше киргизип жаткан ишкерлерге каршы багтталып кеткенин кепке алып, буга мисал катары Кыргызстандагы ири ишкерлердин бири Шаршенбек Абдыкеримовго таандык деген “Аюу” компаниясына жасалган текшерүүнү далил катары көрсөттү.

Агасы МАИ кызматынын жетекчиси болгондугуна карата берилген суроого депутат Канат Исаев агасы бул тармакта 2009-жылдан тартып эле орунбасар болуп иштеп келатканын, ал МАИ тармагына Грузиядагыдай чоң реформа жасоо үчүн барганын, анткени президент жана өкмөт башчысы менен ушундай чечимге келишкенин айтып жооп берди.

“Учкун” ишканасынын деректири Кубат Болотканов “Учурдун” ушул санына “Садыркуловду өлтүрүшкөндөн кийин, мени да чаап кетишкен” деген ат менен маек курду.

Жанболот Усупкановдун макаласы “Россия Мадумаров менен Ташиевге деле ишенбейт” деп аталды.

Ушул эле санга депутат Акматбек Келдибековдун “Кеч боло электе элдин үнүн укканга чакырам” деген ат менен маеги жарыяланды. Акмат мырза маегинде сөзүн Ошто болуп өткөн митинг тууралуу баяндап, бийликтегилер бүгүн оппоненттерин куугунтуктоонун башка жолуна өткөнүн, маселен жакпаган адамдарына карата кылмыш иштерин чүргөй салып жатканын, аларга карата мамлекеттик маалымат каражататтары аркылуу жамандоо, каралоо аракет жүрүп жатканын айтты.

Келдибеков муну менен бирге эле азыркы Башмыйзмада бийликтин кызыкчылыктары карама-каршы болуп калганын, анткени ким эмнеге жооп берери белгисиздигин, мисалы эл шайлаган президент азыр мамлекет башчысы катары эч нерсеге жооп бербестигин, Конституцияга гарант боло албастыгын, өкмөт коалициялык деп аталганы менен анын иши айрым адамдардын гана кызыкчылыгы үчүн жүрүп жатканын, эл деле революциядан көңүлү калып бүткөнүн, бардык өнүгүү мыйзам чегинде болушу керектигин, болгону бийлик элдин үнүн угушу зарылдыгын, бийликти ушуга чакырарын кошумчалады.

Жазуучу Асыкбек Оморовдун макаласы “Ош руханий жана маданий борборго айланууда” деген ат менен тартууланды,

Айтылуу жазуучу Кубат Жусубалиевдин журналист Мамат Сабыровго берген “Учур” гезитиндеги маеги “Жүрөктү тазалаш үчүн дервиш бол” деп аталды.

“Арена” гезити бул санындагы макалаларынын негизги бөлүгүн Аксы окуясынын 10 жылдыгына арнап “Тарыхка айланган Аксы трагедиясы” деп атады. Артка кайрылуу менен андагы бийлик колунан окко учкандарды дагы бир жолу сүрөттөрү менен басып, эскерүүлөргө орун берди.

Ошону менен бирге эле “Үзөңгү-Кууштун сатылышына “макул” деп добуш бергендер” деген аталыш менен ошол кездеги депутаттардын аты-жөнүн кошо жарыялоо аркылуу алардын ким экендигин дагы бир ирет элдин эсине салып өттү.

“Арена” гезитинин бул санына “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйкановдун “Коррупция булардын өз баласы, өз баласын өлтүрүшмөк беле?” деген ат менен маеги жарыяланса, белгилүү журналист Турат Акимовдун “Абысын жорук же сүйлөшкүм келеттин” кесепети” деген ат менен маеги окурмандарга тартууланды.

Дыйканов маегинде Акаев менен Бакиев белчеден батырган системаны бул бийлик уратуунун ордуна ошол эле жол менен бартканын айтып сынга алса, Турат Акимов президент Атамбаевдин 100 күнүн сынга алды.

Бүгүн ошону менен бирге эле “Асман пресс” гезити да жарык көрдү. Аны менен күркөлөрдөн таанышып алсаңыздар болот.