Тартип

Kyrgyzstan -- Kyrgyz newspapers. Bishkek, 19Oct2011

Кезектеги гезит баяндамабыз бүгүн жарык көргөн “Дело №…” жумалыгы аркылуу болмокчу.
Редакциянын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев жакында эле Минск шаарына 20 километрге жакын жайгашкан жаратылышы мыкты жерден 1 миллион 700 миң долларга үй сатып алганын, ошентип эми анын Кыргызстанга келейин деген ою жок экенин кабарлаган “Дело №…” гезити күч органдары аны дагы эле издеп таппай келатканын эске салды.

Аталган гезит баш макаласын: “Мегаком”: камакка алуунун экинчи толкуну башталды” деген ат менен жарык көрүп, "Альфа Телекомдун" генералдык деректири Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана “Новострой-Сервистин” деректири Аман уулу Кеңешбек камакка алынганын, бир кызыгы так эле ушундай схема менен күмөндүү иштерди жасап жүргөндүгү үчүн өткөн жылдын жай айында “Мегакомдун” гендеректиринин мурдагы кеңешчиси Раушан Рыкунова-Качиева менен анын күйөөсү Владислав Рыкунов камалып, азыр СИЗОда жатканын, Рыкунованын сиңдиси Айнура Кимге кылмыш иши козголгонун, булардын ичинен качып кетүүгө үлгүргөн Андрей Силич издөөдө жүргөнүн, ошентип “Мегаком” компаниясынын жетекчилерин камакка алуунун эми экинчи толкуну башталганын маалымдады.

“Эгер түрмөлөрдөгү бунт Жаза өтөө кызматынын жетекчиси, генерал Шейшенбек Байзаковду ишинен алып түшкөндө кылмыш жасап кесилгендерди жактагандардын ташы өйдө кулап, мындан ары биздин кандай жашаш керектигибизди түрмөдөгүлөр менен колониядагылар үйрөтүп калат болчу” деп жазган “Дело №…” гезити абактагылардын болуп өткөн чуусун иликтөөгө алган журналист Лейла Саралаеванын макаласын окурмандарга сунуш кылды.

1-СИЗОнун начальниги Марс Жусупбеков кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, анын ордунда иштеген абак жайдын мурдагы башчысы баарын жашырып-жаап келгенин, көрсө тергөө изоляторунун 5 камерасы күндүр-түндүр ачык болуп, анда жатчу “общактар” каалаган убагында каалаган кишисине барып, каалаган нерсесин “жүктөп”, түрмөнүн ичиндеги 1-кабаттан 3-кабатка дейре ээн-эркин жойлоп келгенин айтып берди. “Булардын жашоо шартын айтпа! Биз “общактардын” бөлмөлөрүнөн плазмалык телевизорлорду, кош кабаттуу мудаткычтарды, жумшак матрацтарды жана башка буюмдарды алдык. Эми ушулардын баарын аларга жакындары менен туугандары сатып келип берди дейсиңерби? Булардын баарын алар ушул эле жердеги абакта жаткандардан өндүргөн”, - дейт Марс Жусупбеков.

СИЗО башчысынын кол алдында 235 кызматкери бар. Булардын арасынан түрмөдөгү “общактар” үчүн иштегендери болгон. Жакында мындайлардын баары тазаланды. Түрмө деген түрмө болбой эле соода жасоочу жайга айланып кеткен...
Байзаков мына ушуга каршы күрөш жүргүздү. Бүгүн колониядагы жетекчилердин 80 проценти алмаштырылды. Ал эми мурда колония башчысы кылмышка катыштыгы бар үчүн кызматынан алынса, кайра барып эле башка колонияга жетекчи болуп дайындала берген заман болчу. Генерал Байзаков түрмөнү түп тамырынан бери өзгөртүп жатат. Эми ал тарабынан дайындаган колония башчыларынын баары өз мекемелеринде тартип орнотууда.

Марс Жусупбеков ошону менен бирге эле түрмөдөгүлөрдүн тууган-туушкандарын козутуп жүргөн аялдар барын, алар атайын ОБОН атуу долу катындардын үйүрүнөн жалданып келгендер экенин, муну менен бирге эле ОБОН эркектер да пайда болгонун, андагы маалыматтар боюнча, козуткучтар аларга миң сомдон эки миң сомго чейин төлөп берип турганын, бирок эң башкысы дал ушундай опурталдуу учурда Байзаков баштаган реформаны өкмөт эң жогорку деңгээлде колдоп бергенин, эл колдоого алганын, мындан ары кылмыш дүйнөсүнүн айткан-дегени менен жашоого таптакыр жол берилбей тургандыгын кеп кылды.

“Түрмө аркылуу 3-революцияны жасагысы келген күчтөр болгон” деп айтты укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова “Дело №…” гезитинин суроолоруна берген жообунда.

- Бүгүн эч кимге жашыруун эмес, - деп айтты Исмаилова,- 2005-жылдан тартып бийликтин бардык бутактарына, айыл өкмөтүнөн тартып парламентке чейин криминалдар келди. Байзаковду алып түшүүгө болгон чабуулдун төркүнү тереңде жатат. Алар буга чейинки системаны кайрадан өз ордуна койгусу келген. Жаза өтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин дээрлик көбү Жаныш Бакиевдин адамдары болгон. Алар түрмөнү түрмө эмес эле наркозаттар аркылуу акча өндүрүүчү жайга айлантып алган. Алар так ушундай тополоң жолу менен 3-революцияны жасагасы келген. Мындай карөзгөй күчтөр чындап эле өлкөнү түрмөлөр аркылуу, түрмөдөгүлөрдүн тууган-туушкандары аркылуу кайрадан башалмандык менен ызы-чуунун сазына батыргысы келген.

“Түрмөдөгү зектердин ооздорун массалык түрдө тигип алышы өткөн жылдын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековду төрагалыктан алып түшүүгө карата брген жообу” деп айтты белгилүү саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев “Вечерний Бишкек” интернет сайтына берген маегинде. Какчекеевдин айтымында, бул Келдибековдун кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар экенин далилдейт. Маселен экс-спикер күмөндүү дипломдору бар мурдагы зектерди мамлекеттик иштерге чейин аралаштырып келген, ошондуктан өзүнүн кызматтан кетишинин өчүн мына ушинтип кылмыш дүйнөсүнүн ызы-чуусу аркылуу алгысы келди.

“Премьер-министр Байзаковду колдоду”. “Дело №…” жумалыгы мына ушундай темадагы кабарында, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Жаза өтөө кызматынын төрагасынын орунбасарлары Калыбек Качкыналиев менен Нурлан Орозалиев кызматтарынан бошотулганын, Орозалиев буга чейин Байзаковду сындап келгендердин эң башкыларынын бири болгон депутат Токон Мамытовдун күйөө баласы болорун, эми булардын ордуна премьер-министр Байзаковдун сунушу боюнча Куанышбек Кенебаевди 1-орунбасарлыгына дайындаганын, ал ага чейин Жаза өтөө кызматынын башкы штабын жетектеп келгенин, генералдын айтымында СИЗО-1деги массалык текшерүүгө жетекчилик кылганын, билими боюнча да, иш тажырыйбасы боюнча да чыныгы профессионал экендигин кабарлады.

Калган орунбасаралары Калмурат Байтөлөев менен Эсенбек Жумакадыров да анык профессионалдар.

Гезит ошону менен бирге эле Кыргызстандын күч органдары “мыйзамдагы ууру” жана “положенец” аттуулар үчүн өтө катаал мыйзам керектигин талкууга алышканын, мындан ары бул боюнча иштеп келген мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынганын, ошону менен бирге эле байланыш агенттигине мобилдик операторлор менен биргелешип, өлкөнүн бардык жаза өтөө мекемелеринде мобилдик байланышты болтурбоо маселесин чечүү иши тапшырылганын жазып чыкты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети башка өлкөлөрдөгү коллегалары менен бирдикте эл аралык маанидеги кылмыштуу топтун ишмердигинин бетин ачкан операцияга чекит койгонун, бул боюнча бир топ адам темир тордун артына түшкөнүн маалымдады.

Кыргызстандын түрмөсүндө ушу күндө Африка өлкөлөрүнүн үч жараны камакта олтурат. Үчөө тең ири өлчөмдөгү наркозаттар менен камакка алынып, 15тен 18 жылга чейин кесилген.

Гезит андан ары Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринде окуп жүрүп, акырындык менен наркозаттар менен аткезчилик кылууга өтүп, анан ага кыргыздын чет тилди билген чырактай кыздарын оп тартып кеткен жагдайларды мисалга тартты. Мына ошондой курмандыктардын бири Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили бөлүмүндө окуган Жибек Сакеева болгонун, кыргыз кызы ушу кезде капкаяктагы Индонезиянын түрмөсүндө жатканын, ал эми аны курмандыкка чалып коюп жок болгон нигериялык жаран Кыргыз техникалык университетинин студенти болгонун, ал азыр эл аралык издөөдө жүргөнүн жазып чыкты.