Жыл сереп

Бүгүн “Жаңы агым” гезити гана жарыкка чыкты.
Жыл аяктап баратып, жыл ортосунда ишинен мыйзамсыз бошогондор сот аркылуу мурдагы кызматына кайрадан орношо баштаганын, анын бири катары профессор Накен Касиевдин Онкология институтунун жетекчилигине кайрадан келгенин мисалга келтирген “Жаңы агым” гезити ушундай эле мыйзамсыз жол менен Бишкек шаарынын башкы архитектору Төлөбай Кеңешов да кызматынан алынганын, анан алгач Ленин райондук соту, андан кийин Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Кеңешовдун кызматтан мыйзамсыз алынганын далилдеген чечимдерин бергенин белгилеп, “бирок эң кызыгы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги ушул кезге дейре эки соттун чечимин аткармак тургай, тоготпой жаткандыгын, мындай өзүмбилем жорукту деги Бабанов билет болду бекен?” деген суроо коюу менен жазып чыкты..

Аталган гезит узап бараткан жылда ташы өйдө кулап, жаңы бийликтин короосуна кирген жана кечээ эле ошол короодо жүрүп, бүгүн андан “чыгып” калган аткаминерлер тууралуу маалыматтарды басты.

Гезит “Каганат строй” ишканасынын жетекчиси Замир Бекбоевдун маегине орун берди. Бажы биримдиги тууралуу кеп кылган Бекбоев эгер биз өндүрүштү сыртка экспорттой алган өлкө болсок, анда Бажы союзуна кошулсак чоң пайда алып келмегин, бизден 3-4 эсе чоң Казакстан Бажы биримдигине кошулгандан бери экономикабыз төмөн түшүп кетти деп нааразы болуп турганын, ошондуктан Бажы биримдигине азырынча кошулбай койо турганда туура болмогун, Орусия деген менен анын да бизде өз кызыкчылыгы барын, маселен АКШнын авиабазасынын пайдасын көрүп келатсак, Орусиянын Канттагы аскер базасынын ушул кезге чейин эч пайдасын көрө электигибизди айтты.

Бекбоев андан ары өкмөттүн кыскарганы жакшы болгонун, бирок мындан да кыскартса болмогун, анын оюнча Маданият министрлиги менен туризмди кошуп салганын жаңылыштык деп эсептээрин, эл болсо жаңы өкмөттүн курамы кандай иштээрине азырынча ишеним арта албай турганын, анткени ар бир партия өз кишилерин жылдырганын, эми ушулар бири-бири менен тил табышып, мындан ары акаевчи, бакиевчи, жапаровчу дегенди токтотуп, жакшы иштеп кетишсе элдин үмүтү акталарын, ал үчүн ар бирибиз колдон келген жардамыбызды беришибиз керектигин белгиледи.

Гезит кабарчысы “Түндүкэлектр” Ачык акционердик коомунун башык деректири Нурлан Кайдуевдин маегине окурман көңүлүн бурду.

Кайдуев катуу сууктун капшабы айрыкча Бишкекке көп көйгөй жаратканын, азыр күнү-түнү эскилиги жетип, жарактан чыккан кабелдерди 20дан ашуун ремонттук бригада оңдоп жатканын, жаңы жылдын түнүндө калк электр жарыгы менен толук камсыз болорун, бирок электр жабдуулардын баарынын эскилиги жетип бүткөнүн, алар 60-жылдардан бери карай жаңыртыла электигин, эми келаткан жылдын жазынан баштап Бишкектин локалдуу түйүндөрүн жаңыртуу боюнча германиялыктар менен биргелешкен долбоор башталарын, 2-3 жылдын ичинде электр жабдуулары менен кабелдер толук жаңыртыларын, көйгөй ошондо толугу менен чечилерин кеп кылды.

Айтылуу “Де-факто” гезитинин кожоюндары Жеңишбек Эдигеев менен Чолпон Орозобекова ушул күндө Швейцариянын Женева шаарында жашап туруп Бишкектеги гезитти чыгарып жатышат. 2008-жылы Бакиевдин бийлиги Жаныш Бакиевдин баласы машинеси менен бир жигитти тепсетип кеткени жөнүндө жазган алакандай кабары үчүн гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобековага кылмыш ишин козгоп, мойнуна 5 млн. сом айып салып, Жаныштын желдеттери Чолпондун үй-бүлөсүнүн артынан түшүп, басса-турса аңдууга ала баштаганда чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. “Жаңы агым” гезити бүгүнкү санына мына ушул Чолпон Орозобекова менен маек куруп, “Женевада туруп алып кантип гезит чыгарып атканыңарды окурмандарга айтып берсеңер?” деп суроо койду.

Чолпон Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин эле гезитти кайрадан чыгарсакпы деген ой келгенин, анан эл аралык уюмдарга долбоор жазып кайрылышканын, Жеңиш менен Чолпондун англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөй алгандыгынын пайдасы аябай тийгенин, анан эл аралык демократияны колдоо уюму грант берип, ошонун аркасы менен гезит кайрадан калыбына келгенин айтты.

Бийлик менен гезиттин мындан аркы мамилеси тууралуу сөз кылган Чолпон Орозобекова “Де-фактону” Бакиевдин убагында Жаныштын кысымынан катуу коргогон Алмаз Атамбаев болгонун, бирок Атамбаев ал кезде оппозициянын башындагы адам, бир гана партиянын башчысы болсо, азыр президент экенин, бүтүндөй Кыргызстандын элинин башында турарын, ошондуктан анын макамы азыр башка экенин, ошого байланыштуу гезит аны курулай мактай бергендин ордуна кемчилигин бетине айтып, сындап турганда гана ага чындап жардамын берээрин, ансыз да Атамбаевди мындан ары айга-күнгө теңеген кошоматчылары арбын болорун, кошоматчылык деген бийликтин көзүн май менен сүйкөп, сокур кылып саларын, мурдагы эки президенттин көзүн да кошоматчылардын майлаган майы басып кетип, көр дүйнөдөн, ичип-жемейден бөлөктү, жадагалса өз элин да көрбөй калганын, эми дагы бир жолу ушундай болсо анда Кыргызстандын шору катарын, ошондуктан гезит Атамбаевдин кылган ишин эмес, кылалбай жаткан иштерин көбүрөөк жаза тургандыгын белгиледи.

- Акыркы кездери кыргыз гезиттерин “ушакчы” деп сындай башташты, буга сиз эмне дээр элеңиз?-деген суроого Чолпон Орозобекова:

- “Де-факто” гезитин эч ким ушакчы дей албайт деп ойлойм. Биз имиш жазсак да аныкталган булактар аркылуу алып, тактагандан кийин жазабыз. Ошол имиш сөзсүз кийин чын чыгат. Бакиевдин тушунда уулу Максим менен иниси Жаныштын былыктарын канча жаздык, кийин ошонун баары чын чыкты го, бүгүнкү күндөн бир эле мисал келтирели, бир ай мурда биз “Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков болот, себеби ал Атамбаевдин көңүлүндөгү талапкер имиш” деп жазганбыз. Бирок бул “имиш” Акүй менен Көкүйдүн өзүнөн алынгандыктан акыры келип чын чыкты го,-деп жооп берди Чолпон Орозобекова.

Баса “Жаңы агым” гезити да “жыл мыктыларын” аныктап, жылдын мыкты гезити катары күн санап окурмандарынын саны арбып бараткан “Де-факто” гезитин атады.

Ошондой эле “жылдын мыкты төкмө акыны” деп Аалы Туткучевдин, “мыкты айыл өкмөтү” деп Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Аким Батыровдун, “жылдын мыкты мугалими” деп Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Илхамжан Абдулкасимовдун, “мыкты депутат” деп 120 депутаттын ичинен Манастын айкелин орнотууга 5 млн. сом, Сүймөнкулдун эстелигин орнотууга 1 млн. сом берип, “Кыргыздар” деген 14 томдон турган керектүү китепти чыгарууга демөөрчү болгон Карганбек Самаковдун, “улут сыймыгы” деп Атай Өмүрзаковдун ысымдары, “мыкты журналист” деп биздин “Азаттык плюстун" кабарчысы Жанар Акаевдин ысымдары аталды.