Басма сөз: Мите

Бүгүнкү гезиттер жаңы өкмөттүн айланасында кеп кылды.
“Жаңы агым” гезити жаңы өкмөткө кимдер келерин тизмелеп, парламенттеги айымдардын айланасындагы чырдын башы калк көйгөйү эмес, кайдагы бир кийим-кечеден чыгып жатканын, Мурат Суталинов жогору жактагы ким бирөөгө 1 млн. доллар берип анан келген имиш деген кеп тарай баштаганын кабарлады.

Гезит ошону менен бирге эле 12-декабрда саясат таануу илиминин доктору, Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сааданбековго Англиядагы Оксфорд лидерлер саммитинин алкагында “Илимдеги таанымал инсан” аттуу эл аралык Сократ атындагы сыйлык ыйгарылганын, анын талапкерлигин Европалык бизнес ассамблеясы, эл аралык Сократ комитети жана Европалык ректорлор клубу сунуш кылганын, ошентип Жумагул абабыз атактуу окумуштуулардын дүйнөлүк тизмесине кошулганын сүйүнчүлөдү.

Журналист Нурканбек Керимбаев макаласын “Жаңы долбоор өнүгүүнү камсыздайбы же өлкөгө коркунуч алып келеби?” деп атап, Өмүрбек Бабановдун парламентке койгон өкмөттүн долбоорун Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынан башкасы толук колдогонун, бирок колдогон менен коомчулукта ага карата ар кандай ой-пикирлер айтылып жатканын, талаш-тартыш айрым министрликтердин кыскартылышына байланыштуу чыгып жатканын жазды.

Аталган гезитте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын начальниги Кубанычбек Кененбаевдин маеги, кабарчы Мелис Совет уулунун Казакстандагы акыркы окуяларга байланышкан “Калк сизден, күйөө балдарыңыздан чарчады!” деген макаласы бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасынын орун басары Курбаналы Узаков маек куруп, ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө 14 диний уюм жойлоп жүргөнүн, исламга жат диний агымдар сырттан финансыланып турарын, дагы бир өкүнүчтүүсү баптисттердин катары Ош, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында калыңдап баратканын, буга байланыштуу атайын резолюция иштеп чыгып, өкмөт менен парламентке сунуш кылышканын кабарлады.

“Алиби” гезити Баткен облусуна барган күйүүчү май элге жетпей эле, аткезчилик жол менен Тажикстанга өтүп кетип жатканын, өкмөттүн “бир жуманын ичиндей тыйылсын” деп Бишкекте отуруп алып сүйлөп койгонунан эч нерсе чыкпаганын, Лейлек районунда бензиндин баасы 50 сомдон түшө электигин, бирок жергиликтүү эл ошого да жетпей кор болуп келатканын, анткени алардын көзүн күйгүзүп, күн сайын көчөдөн май тарткан машиналар дардактап, Тажикстанды көздөй убап-чубап өтүп жатканын, майды бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өткөрүп келаткан аткезчилер ар бир литрден 25 сомдон пайда табаарын, жакында эле Кайрагач-Беш-Кент жолу менен май тартып бараткан 40 тонналык машина күйүп кетип, ичиндеги шоопуру эки жүргүнчүсү менен кошо күйгөнүн, шоопурдун жардамчысы чыга качканга үлгүрүп, азыр ооруканада жатканын, бул тууралуу “Алиби” гезитине лейлектик Нигмат Жээналиев менен Орозбек Абдраевдер кабар кылганын жазып чыкты.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Элдин курсагын тойгузсаң бийликсиң, болбосо...” деген макаласын жарыялады. Анда бийликтин иши менен сөзүнүн айырмасы тууралуу баяндалат.

Гезит баяндамачысы Үсөн Касыбеков өкмөт түзүмүн талдоого алып, министрликтерди биттеп кеткен көйнөккө салыштырса болорун, анткени биттин кан соргон мителик жайы ар экени баарына белгилүү экендигин, айрыкча көптү билген карыялардын айтымында элдин жону жукарган жокчулукта биттин күнү тууп кетерин, бирок чынына келгенде калктын канын соргон мителер министрликтер эмес, анда иштеген аткаминерлер экенин, 5 жарым млн. калкы бар чакан өлкө үчүн 20 министрлик бюджеттин 30 процентин соруп отурган 52 миң аппарат чиновниктери ашкере көптүк кыларын талдоого алды.

Автор министрликтердин кыскарышына каршы чыгып жаткан мекеме жетекчилеринин же андагы бийликтин бир бучкагын чоюп жүргөн кызматкерлеринин көбүнүн жеке ич күптүлүктөрү барын, көбү майлуу-сүттүү орундарынан кол жуугусу келбей жатканын, эгер жаңы өкмөт айткан кыскаруу кабыл алынса, 3 миң чиновниктин орду жоюлуп, 1 млрд. сом үнөм болорун эсептеп коюшканын, 20 жыл ичинде 23 премьер- министр алмашканын, бирок дагы эле эл күткөндөй майнап чыга электигин, кай бир радикалдуу көз карашты тутунган депутаттар дагы эле ийкемсиз өкмөт түзүлгөнү калды деп ичи чыкпай жатканын кеп кылды.

Үсөн Касыбеков андан ары жаңы өкмөттүн түзүлүшүндө адам факторунун ролу баары бир чоң экендигин, маселен мурдагы өкмөт курамында алдым-жуттум чиновниктер, ошондой эле партиялык-кландык кызыкчылыктардын негизинде иштин көзүн жакшы билбеген, кол куушуруп чоң болуп отуруп бергенге корстон болгон, элге пайдасынан зыяны көп бюрократ-дилетанттар иштеп келгенин, ал эми азыркы колдонула турган “жумшак рейтинг” процедурасы убарасы көп, машакатуу болгон менен мамлекеттик жетекчи кызматка татыктууларды тандап алууга дурус өбөлгө түзөрүн, ошондуктан депутаттардын бул демилгеси колдоого татыктуу экендигин, барып-келип эле эң башкысы - жаңы өкмөттүн ишти жөндөп алып кетиши, жаңы премьердин командасынын таза жана иштин көзүн билген профессионалдардан куралышына байланыштуу болорун унутпоо керектигин эске салды.

Журналист Айбек Шамшыкеев Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы коррупция тууралуу баяндады.

Кыргыз эл артисти Табылды Актановдун “Акындык өнөр да майдаланып барат” деген аталыштагы маеги тартууланды.

Табылды маегинде көркөм өнөрдүн төкмө акындык жагдайындагы оош-кыйыштарына кенен токтолуп, обон чыгарып, ыр ырдап жүргөндөр тууралуу оюн айтты. Азыр акындык дегенден түшүнүгү жоктор акын болуп, көрүнгөнү көрүнгөн ырдын сөзүн жазып, так ушундай тантырактарды ыйык сахнага, радио менен телеге койо берип, улуттук өнөрдүн өңү бозала болуп, күн сайын абалы начарлап, ооруп, жок болуп баратканын, азыркы топ-топ болуп чыгып жаткан жылдыздардын тантыраган тексттери коомду бит баскандай басканын, кийинки муундун аң-сезимин байлап, матап, талкалап, маңкурт кылып жатканын, муну бир эле Маданият министрлиги жок кыла албастыгын, буга каршы бүтүндөй кыргызмын деген жарандар каршы туруусу керектигин, акыркы кездери эл деген “Тилибизди сактайлы!”, “Дилибизди сактайлы!”, “Жаштарыбыз бузулуп баратат. Ушундай тантыраган ырларга тыюу салалы!” деп пикетке чыгуунун ордуна, тескерисинче ичип-жеп, өзүн кудай сезип, жакшы иштебей, өсүп-өнгөн жерин, өстүргөн элин жамантты кылып кызматтан алынып жатса, кайра андайларды коргоп пикетке чыгып калганын, катардагы карапайым пенделерден эле эмес, калайык-калктан нарк кеткенин, салт кеткенин жаны ачып кеп кылды.

Ал ошону менен бирге фонограмма маселесине да токтолуп, муну жою үчүн катуу мыйзам кабыл алып, анан ал мыйзамды көп мыйзамдардын бирине окшотуп талаага таштап койбостон иштешине көзөмөлдүк кылмайын фонограмма жоюлбастыгын, ансыз деле фонограмма жоюлса караңгы каласыңар деп жылдыздар коркута баштаганын айтты.