Жалган

Бүгүнкү баяндамабыз “Дело №....” гезитиндеги жарык көргөн макалалардан болду.
“Дело №....” гезити “Коалиция папка бөлүшүү принциби менен эмес жалпы кызыкчылыктын тегерегинде биригиш керек” деген ат менен өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов менен маекти басты.

Кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып Бабанов премьер-министр болууга мүмкүнчүлүгү чоң экендигин, бирок кандай болгон күндө да парламент чечерин, калк экономикада болобу, социалдык маселелерде болобу, тартипти жөнгө салган, колунан иш келген, профессионалдуу өкмөттү күтүп жатканын, эгер премьер болуп шайланып калса чечкиндүү кадамдарга барарын, биринчи иретте күч блокторун тартипке саларын, МАИ дегендер радар кармап алып көчөлөрдө турбай каларын, алардын ордун жалаң патрулдук кызмат алмаштырарын, билим берүү жана медицина тармагында да иштей турган иштер көп экендигин айтты.

Бабанов андан ары ага сунуштаган өкмөт менен эмес, өзүнүн критерийлерине жаккан өкмөт мүчөлөрү менен иштеше тургандыгын да кошумчалады.

“Шайлоонун алдында Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш кайрадан жанданып, коомчулуктун бүйрүн кызытты эле, анан Атамбаев шайланып бүткөндөн кийин бул иш тынчып калды, же шайлоо алдындагы боло жүргөн дуулдатмайлардын бири беле?” деген суроо менен гезит кабарчысы Садыркуловдун ишине түздөн түз көзөмөлдүк кылган ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевге кайрылганда, кылмыш иши эч кандай тынчып калбаганын, тескерисинче улам тереңдеп казган сайын жаңы жагдайлар пайда болуп жаткандыгын, маселен Садыркулов менен анын шоопуру Сулаймановдун адегенде башына сокку урулганын, жырткычтык менен кыйнаганга чейин муунтушканын, анан өлтүрүп туруп, “авария болуп өлдү” делген жасалма жол кырсыгын уюштурган жерге чейин Слепченко тирүү келгенин, бирок аны таш менен өлтүргөнү ачыкка чыкканын, мурдагы экспертиза Садыркуловдор киши колдуу болгон эмес, денелеринен эч кандай кыйнап өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес, үчөө тең машина күйүп кеткенден кийин газга уугуп өлгөн деген жыйынтык чыгарып келгенин, эми жаңы жагдайларга байланыштуу соттук-медициналык экспертизанын 5 кызматкерине кылмыш иши козголгонун кеп кылды.

"Адахан Мадумаров Садыркулов өлтүрүлгөн кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы эмес беле, биздин гезитке берген маегинде аны суракка алабыз дегендик бул саясый куугунтукка жатат деп айтты эле, Мадумаров суракка алынабы?" - деген суроого генерал-майор Турганбаев:

- Сөзсүз суралат. Бирок тергөөчүлөрдүн иши көп болгондуктан Мадумаровго кезек жетелек,- деп жооп берди.

- Мурунку министр Коңгантиевчи? - дегенге, Коңгантиев да сураларын айтты. Генерал Турганбаев андан ары тергөөнүн кызыкчылыктарына байланыштуу дагы көп нерселерди азырынча ачыкка чыгарууга болбостугун, алынган маалыматтар боюнча, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Айбек Абдыразаков 2011-жылдын январында Калинград обулусунун аймагынан орус жарандыгын алганын, а кезде анын артынан эч ким түшпөгөнүн, бирок эретедир-кечтир жасаган кылмышы үчүн жооп берерин билип, өзүнө “коно турган орун” камдай жүргөнүн, ал азыр Белоруссияга барганын, Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиев да азыр ушул өлкөдө жашап жатканын кошумчалады.

“Дело №....” гезити “Бирөөлөр канын төгүп атса, бирөөлөр кандан “каймак” калпып жүрдү” деген аталыш менен апрель окуясында “атам окко учуп өлдү” деп 1 млн. сом алган бойдон куйругун түйүп жок болгон аферистти милиция издеп жүргөнүн жазып чыкты.

Бул окуя кандайча болду эле? 2010-жылдын 29-апрелинде Эрлан Максымбеков атасынын 7-апрелде окко учуп каза болгондугуна байланыштуу миллион сом алыш үчүн Социалдык коргоо министрлигине келгендигин, ага чейин ал өлүктөрдүн арасынан 47 жаштагы атасынын сөөгүн тааныганын, колунда эч кандай документтин жоктугуна карабастан Эрланга ишенишкенин, алтургай Эрлан Жалал-Абаддын Ала-Букасына барып атасына куран окутканын, ошентип атасы Маралбек Максымбековдун “сөөгү” Ата-Бейитке коюлганын, ошо менен унутулуп калганын, бирок күтпөгөн жерден депутат Алтынбек Сулайманов Маралбек Максымбеков тирүү экенин, Россиянын Екатеринбург шаарында маршрутка айдап жүргөнүн айтып коомчулукту дүң түшүргөнүн, аты Ата-Бейиттеги курман болгон баатырлардын катарында жазылып турган Максымбеков Маралбек 2010-жылдын 7-апрелинде кан төгүлгөн Ала-Тоо аянты тургай Кыргызстанда жок болгонун, ошентип 2011-жылдын 7-июнунда алдаркөсө Эрлан Максымбековго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун, муну угары менен Эрлан качып жоголуп, азыр издөөдө жүргөнүн баяндады.

“Мекен шейиттери” кыймылынын лидери Осунбек Жамансариевдин айтымында, атасын жалган өлтүргөн Эрланга аз жерден квартира берилип кете жаздаганын, эми жакын арада Максымбеков Маралбектин аты Ата-Бейиттеги гранит таштан өчүрүлүп салынарын, ал эми анын ордуна көмүлгөн адам ким экендиги азырынча белгисиздигин, миллион сомду мамлекеттен алдамчылык менен алып, Ала-Букага барып “атам өлдү” деп куран окутуп, андан кийин качып жоголгон кыргыздын бул жигити тирүүлөй атасын гана сатпастан 7-апрелде каны төгүлгөн белгисиз адамдын канын сатып, оңой жол менен табылган акчаны жебей эле, ыйманын жеп жашап келатканын кеп кылды.

Аталган гезиттин мына ушул темага байланыштуу дагы бир макаласы “Баатырлар үчүн ким жооп берет?” деген ат менен жарык көрдү.

Чынында эле 7-апрелдеги окко төшүн тоскон кыргыз жигиттеринин эрдиги ошол кезде дүйнөнү дүң түшүргөнүн, өлкөнүн келечеги үчүн жанын кыйгандар түбөлүк урматталарын, урматталып да жатканын, бирок акыркы кездери апрель баатырларынын атын жамынып, ар кандай шектүү акцияларды жасай баштаган, өздөрүнүн жеке максаттарына шантаж жолу менен жетүүнү көздөгөндөр көбөйүп баратканын, мындай көрүнүштөр коомчулукту иренжиткенге өткөнүн белгилеп, “канткенде жаш кезинде жайраган жаркын балдардын эрдигин таза бойдон сактап кала алабыз? Канткенде алардын эрдигин курал кылгысы келген карөзгөй саясатчылардан коргоп кала алабыз?” деген суроолорду койду.

Ошентип 7-апрелдин туусун көтөргөн түркүн коомдор өлкөнүн саясый турмушуна активдүү катышуу менен барган сайын радикалдуу кадамдарга барып жатканын, басма сөз жыйындары менен митингдерден кийин эми кол көтөргөнгө чейин өтө баштаганын, жарандык коом менен журналисттер буга жакында президент Алмаз Атамбаевдин инаугурациясына байланыштуу сый тамак учурунда күбө болушканын, “оттуу суудан” уруп алган “баатырлар” журналисттер менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн “Биз болбогондо бул жерде силердин жытыңар да болмок эмес!” - деп жөөлөп, ал тургай айрымдары “баарын жоготуш керек!” деп сөз ыргытканын мисалга тартып, жаңы бийликтин алдында дагы бир проблема пайда болгонун, эми моралдык жана психологиялык жактан чыныгы баатыр ким, жалган баатыр ким экенин аныктоо милдети келип чыкканын, эгер антпесек эрдик менен жан кыйгандардын элесине кеткис көлөкө түшүрүп аларыбызды эске салды.