Гезиттер коалиция маселесин ар тараптан талдоого алган макалаларга, маектерге маани беришти.
“Фабула” гезити Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген Фархад Исмаилов деген жаран уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү экенин аныктап берүү жагын депутат Райхан Төлөгөнов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаевден сураганын, анткени депутаттын айтымында Исмаилов Камчы Көлбаевдин жакын адамы экенин, мурда соттолгонун, ал Жогорку Кеңешке Келдибеков төрага болгондон кийин ишке алынганын,
Акматбек Келдибеков Көлбаев менен майрамдаган “Каприздеги” эс алуусун Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көлдөгү башкармалыгы толугу менен төлөп бергенин, акчасы ашып-ташып турган капчыктуулардын катарындагы Келдибековдун элдин акчасына үй-бүлөсү менен эс алганы деги эле эч кандай акылга сыйбай тургандыгын, Кыргызстандын эли салыкты “Келдибеков үй-бүлөсү менен эс алсын” деп төлөп келатпаганын,
Атамбаевдин акыркы дайындоолору жалаң эле бир райондон болуп калганын, маселен Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөндөн, анын орун басары Икрамжан Имиянов Өзгөндөн, Аалы Карашев Өзгөндөн, президенттин басма сөз кызматынын башчылыгына дайындалган Токтогулов деген жигит Өзгөндөн, анан Шамил Атаханов дагы Өзгөндөн болорун, эми мынча болгондон кийин Өзгөндүн кулуну болуп жүргөн Адахан Мадумаровду премьер-министр кылып алса даана жарашарын жазып чыкты.
Баяндамачы Үсөн Касыбеков “Коюнга катылган котур таш” аттуу макаласында коалиция маселесин талдоого алуу менен бүгүн парламентте бир тарабы КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан турган, экинчи тарабы “Ата Журт” менен “Республикадан” турган эки саясий лагер пайда болору анык болуп калганын, болочок коалициялык конфигурация мына ушул экөөнүн карым-катнаштарына ылайык түзүлөрүн белгиледи.
Саясый илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевдин “Алиби” гезитиндеги макаласы “Улуттук коопсуздук комитетин кимге ишенип тапшырдык?” деген ат менен жарык көрдү. Автор Алмазбек Атамбаевдин Шамил Атахановду ушул кызматтын башына дайындоосу жаңылыштык болгонун, деги эле президенттин кадрдык жүрүштөрү элди иренжите баштаганын, маселен Жантөрө Сатыбалдиев А. Акаев менен К. Бакиев учурунда чоң-чоң кызматтарда жүргөн, эбегейсиз ресурстарга ээ болгон 20 чиновник болсо ошолордун бири экенин, анын жанында Эмил Каптагаев кристалдай таза болуп каларын, эгер Атамбаев кызматка өз партиялаштарынан койгусу келсе КСДПнын ичинде деле салыштырмалуу жаш, таза саясатчылар жетиштүү бар экендигин, эң өкүнүчтүүсү мамлекеттик структуранын жогорку тепкичтерине өз чөнтөгүн мамлекеттики менен алмаштырып алчу, күмөндүү жолдор менен байыган “олигарх кулактардын” чыга баштаганында болуп жатканын, бир ойчул ушуга байланыштуу: “соодагерлер, ири байлар, жегич чиновниктер эч качан мамлекеттик ишмер боло алышпайт, алар өз кызыкчылыктары үчүн иштеп жатып өлкөнү жарга алып барып такайт” деп айтканын мисал келтирип, ушуну ойлогондо кайран өлкө кайда баратканын да эстегиң келбейт экен деп каңырыгы түтөдү.
“Алиби” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Парламенттик партиялык-кландык башкаруу Кыргызстандын шору” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Автор ошентип Кыргызстанда кайрадан бийлик бөлүштүрүү, майлуу-сүттүү орундарды талашуу өңдүү сасык оюндар башталганын, ошол эле учурда Кыргызстандын келечеги, эртеңи эмне болот деген олуттуу маселелер унутта калганын, ушул бүгүн бийликке келгендер 2006-жылдагы митингдерде: “Кыргызстанда башкаруу системасын алмаштыруу керек. Биз жеке адамдарга эмес, системага каршыбыз. Эгер биз бийликке келсек, сөзсүз түрдө системаны алмаштырабыз” деп убада беришкенин, анан ал күндөр да келип, бийликке ээ болушканын, партиялык башкаруу системасы Кыргызстанга партиялык-кландык башкаруу системасын орнотконун, маселен Келдибеков төрагалыктан кетсе эле парламент апакай болуп калат дегенге ишене албасын, биздин саясатчылар түзгөн система президенттик болобу, мейли парламенттик болобу, эл үчүн, мамлекет үчүн эмес, бийликке келгендердин өздөрү үчүн гана кызмат кылып калганын өкүнүп жазды.
Болотбек Таштаналиев макаласынын аягында Келдибековдон мурда партиялык-кландык системаны алмаштыруу керектигин, Кыргызстандын шору акаевчилер менен бакиевчилерде же бөрүлөр менен бөлтүрүктөрдө эмес, биз жашап жаткан бийлик менен байлыктын кулуна айланган системада экендигин эске салды.
“Бала бакчага неберемди орноштурайын десем 7 миң сом сурап жатат. Мамлекеттики тартыш болгондуктан жеке менчик бакчалардын күнү тууду. Акысы айына 5 миң сомдон 8 миң сомго чейин өстү. Ушул да жашообу?” деп ыйламсыраган бишкектик окурмандын катын шилтеме кылган “Кыргыз туусу” гезити “Кыргызстан коррупциядан качан кутулат?” деген макаласында мурдагы советтик өлкөлөрдүн баарын кошкондо уюшкан кылмыштуулуктун үчтөн бири Грузияга туура келгенин, дүйнөдөгү эң эле криминалдашкан, коррупциялашкан өлкө болуп келсе, акыркы 5-6 жылдын ичинде президент Михаил Саакашвилинин темирдей эрки менен коррупцияны кыскартуунун эсебинен бюджет 25 эсеге өскөнүн, Кыргызстанда энергетикадагы жоготуу 35-40 пайыз болсо, Грузияда 5 гана пайыз экенин, бул өлкөдө полицияга болгон элдин ишеними 84 пайызга жеткенин, президент Атамбаевдин ант бергендеги алгачкы убадасы коррупцияга каршы күрөш болгонун, жаңы дайындалган УККнын төрагасы Шамил Атахановго коррупцияга каршы күрөшүүчү жаңы органды түзүү ишин тапшырганын, анын натыйжасын жакында көрөрүбүздү жазып чыкты.
“Кыргыз руху” гезити жаңы саны гезиттин кожоюну Арыстанбек Дүйшембиевдин камакка алынышына каяша пикирин билдирген, аны коргоп чыккан макала менен жаңы санын ачты.
Азизбек Келдибековдун макаласы “Атамбаев-Келдибеков тандеми” деген ат менен жарыяланып, анда Акматбек Келдибековдун Атамбаевдин президент болуп шайлануусуна зор үлүшү болгонун, шайлоодо өлкөнүн туруктуулугун ойлоп Атамбаевге жан тартканы үчүн досу Камчыбек Ташиев менен мамилесин суутуп алганын, шайлоо бүткөндөн кийин өтпөй калган талапкерлер баш кошуп, кайрадан ызы-чуу саларда да ортого Акматбек Келдибеков түшүп токтотконун, эми “төө кыядан өткөн соң”деген мамиле башталганын, Келдибеков эт менен челдин ортосунда жүргөн саясатчы эместигин, эгер аны спикерликтен кетиришсе, абдан күчтүү оппозиция түзүлөрүн, ошондо Келдибеков жаңы бийликтин кылт эткен катачылыгынан пайдаланып, Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтүн күтүп отурбастан эле импичмент жарыялап же дагы бир башка оор сокку уруп жибериши мүмкүн экендигин, ошондуктан аны спикер бойдон калтыруу керек деген оюн билдирди.
Ушуга улай эле “Байларды калкалап, байкуштарды талакалаган мыйзамдар кайдан жаралат? Же Кыргызстандагы бүгүнкү коррупцияны ким ооздуктайт?” деген кат президент Алмазбек Атамбаев менен башкы прокурор Аида Саляновага багышталды.
“Жаңы агым” гезити “Атамбаев Саакашвили боло алабы?” деген суроо коюу менен грузин реформаторунун жасаган иштери менен кыргыз президентинин саясаттагы басып өткөн жолу окшоштугун, эми Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшү да Саакашвилинин жасаганына окшош болгой эле деген тилегин билдирди.
Журналист Нурканбек Керимбаев макаласын “Кызматка тырышкан Келдибеков, жарга такаган “Ата Мекен” жана жаңы коалиция машакаты” деп атады.
Гезиттен саясат таануу илимдеринин доктору, таланттуу балдарды таптап келаткан Гүлмира Мамбеталиева менен маекти жана маркум Мелис Эшимкановду эскерген замандаштарынын ойлорун, ырларын окууга болот.