Гезиттер: Оор келип, жеңил кетти

Жума күнкү гезиттер экс-президенттин кетиши, жаңы президенттин келиши, кечээ күнкү инаугурация тууралуу жазып чыкты.
Жарык көргөн гезиттердин баары кечээги күндү, Роза Отунбаеванын өлкөнүн тарыхында биринчи ирет бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги жөнүндө жазды жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришер алдындагы сүйлөгөн сөзүн жарыялап, талкууга ала башташты.

“Жаңы агым” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүүдө сүйлөгөн сөзүн “Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык!” деген баш тема менен тартуулады.

Ички саясаттын интригаларына байкоо салган гезит Ташиев-Келдибеков кармашы күн санап күчөп баратканын, ич ара тиреш “Ата Журт” фракциясын бүгүн үчкө бөлуп турганын, буга чейин мындай көрүнүш Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясында болгонун эске салды. Ошондой эле премьер-министрлик менен спикерлик кызмат үчүн тымызын күрөш жүрүп жатканын талдоого алган “Чатактын башы шаршемби-2” деген макаланы сунуш кылды.

Журналист Назгүл Калмамбетованын паспорт көйгөйү тууралуу макаласы “Өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп санда жок” деп аталды.

Бул санда акын Атахан Кожогуловдун жаңы ырлары да бар.

“Фабула” гезитине баяндамачы Үсөн Касыбеков “Парламент атасынын сакалы менен ойной баштады” деген макаласын тартуулады. Автор азыркы парламент тиешеси бар маселеге деле, тиешеси жогуна деле кыпчылмайды адатка айлантып алганын, анткени анын курамында коммерсанттар, бизнесмендер, шоумендер басымдуулук кыларын, булардын көбү бийликти элге кызмат кылуунун куралы эмес, бизнес жасап баюунун куралы деп эсептешерин, ошон үчүн бийлик кызматтарын камчыга ченеп бөлүштүрүү, чарбалык жана финансылык иштерди колго алуу менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн өнтөлөп жатканы бекеринен эместигин белгиледи.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков макаласын жыйынтыктап жатып эгер Жогорку Кеңеш негизги функциясы болгон мыйзам чыгаруу ишин унутта калтырып, мамлекет башчысына таандык конституциялык укуктарын ушинтип бир четинен басып алуу, өкмөттүн чарбалык-финасылык иштерине обу жок кийлигише берүү, сот системасы менен маалымат каражаттарын кол балага айландыруу, кыскасы парламенттик диктатура орнотуу аркетин уланта бере турган болсо, анда бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү пайда болорун, анан “тойдум байдын кызына” болуп, өтө эле эсирип кеткен Жогорку Кеңешти кууп таратуу иши колго алынып калса, буга таң калып деле кереги жоктугун, анткени өзү казган чуңкурга өзү барып түшкөнү калганын жазып чыкты.

“Саламатта калыңыз... Саламатсызбы, Роза айым!” деп аталган журналист Баратбай Аракеевдин макаласы учурунда мурдагы эки президентти кетире албай, көргүбүз келбей, кутула жадап турсак, бул ирет экс-президент Роза Отунбаеваны кетиргибиз келбей, узакка дейре кол чаап, сый-урмат менен узатканыбызды, кадыр-барк менен келип кадыр-барк менен же өзү айткандай “оор келип жеңил кеткенин”, бир жарым жылдык жолунда жаманга жанашпаганын, жакшыдан адашпаганын, асылып “үрүп” чыккандарга теңелбегенин, Акаев заманында “революциянын локомотиви” аталып, үй-бүлөлүк, авторитардык, андан кийин хандык жеке бийликти курмакчы болгон эки президентти тагынан кулатып, акыры эл эңсеген элдик бийликти алып берген кыргыздын эр жүрөк кызынын бир жарым жылдык ишин учкай баяндап берди.

“Кыргыз руху” гезити “Эл тилеги ишке ашты” деген баш тема менен жаңы санын ачып, “эми мындан ары түбөлүгүбүз түз болуп, кыйшайып барып түзөлгөн мамлекетибизди алдыга сүйрөйлү. Алмазбек Шаршенович кыргыз элине кут жылоологон, Роза Исаковна баса белгилегендей эл ишенимин актап, ал баштаган жолду улаган, Кыргызстандын элинин келечегине кам көргөн ишенимдүү президент болуп берсин!” деген тилегин билдирди.

Дархан Кара аттуу автордун “Баарыбыз акылдуубуз, баарыбыз кедейбиз” деген рубрика алдындагы макаласы “Жолго чачылган 1 миллиард”, “Кыргызстан кимге канча карыз?”, “Кумга куюлган карыз жана улуттук ар-намыс” деген бөлүмдөрдөн турат. Автор 20 жыл аралыгында 3 миллиардга жакын карыз алынса, анын 25-30 пайызы гана пайдалуу жактарга жумшалып, калганы кумга сиңген суудай пайдасыз кеткенин сандардын сан-эсеби менен талдоого алды.

Бакиев заманынын премьер-министрлерин бир сыйра электен өткөрүп чыккан журналист Азизбек Келдибековдун макаласы да “Кыргыз рухунун” ушул санында.

“Алиби” гезити Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип жаткан Мирлан Шакулиев, Чыңгыз Жумалиев жана Джинго аттуу каймана аты бар Кодирбек Досоновду ушул жылдын 14-сентябрында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан кармашканын, жогорку үчөө адегенде Араб Эмираттарына качып, андан соң Ооганстан аркылуу Тажикстанга өтүп келишкенин, коңшу өлкөнүн күч органдары аларды көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө жаткан жеринен колго түшүргөнүн, эми булар келип, дагы бир далай кишилердин абийирин ачканы калганын кабарлады.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Камокчунун деңгээлинен качан көтөрүлөбүз?” деген ат менен жарык көрүп, акыркы 20 жылда адам тагдыры эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин талкаланган тагдырын көрүп келатканыбызды, бүгүнкү күндө саясый партиялардын саны 200дөн ашканын, кырк уруудан турган кыргыз эли 200гө бөлүнүп чачыраганын, бүгүн адамдардын тагдырын казинолордон мурда система талкалап жатканын баяндап, аткаруу бийлиги менен парламентти сынга алды.

Ушул эле автордун депутаттардын бензин жыттанып жатканын иликтөөгө алган макаласы жарыяланды.

Журналист анысында эгер паламент аял болсо башынан таяк кетмек эместигин, Акаев парламентти оң колу менен сылап турса, сол колу менен жаакка чаап да турганын, Бакиев “Ак жолдон” башка эч бир партияны сүйбөгөнүн, эми парламенттик-президенттик башкаруу системасына өттүк деген менен деле парламенттин башынан токмок кетпей келатканын элдин эсине салуу менен депутаттар минип жүргөн 65 автомашинага күнүнө 12 литрден бензин кетсе бир жылда 10 миллион 670 миң сом кетерин, бул суммага бир мектеп куруп алса болорун, ошол эле убакта Баткен менен Жалал-Абадда чатырда окуп аткан окуучулар барын жазды.

Бишкекте көргөзмөсү өткөн түркиялык кыргыз айым Тажигүл Күнтүздүн сүрөттөрү коштогон Нуржигит Болотбек уулунун маегин да мына ушул “Алиби” гезити окурмандарына тартуулады.

"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" кызматкерлеринин кайрылуусу басылып, анда айрым бир “коомдук кыймылдар” деп аталган топтор маалыматтарды бурмалоо менен өлкөдөгү жападан-жалгыз туруктуу иштеп жаткан тоо-кен ишканасынын ишин токтотууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу сөз болот.