Кыргыз гезиттери өлкөнүн ички-тышкы турмушундагы окуяларга байкоо салган макалаларды басууну улантты.
“Де-факто” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маегин басты. Болуп өткөн шайлоонун мыйзамдуу жагдайларын түшүндүргөн Текебаев, Конституцияга ылайык премьер-министрликти кимге берерин президент өзү аныктарын, мындан сыткары сот системасын калыптандырарын, аларды кызматтан аларын, башкы прокурорду дайындап, кызматтан аларын, демек муну менен мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө мүмкүндүгү бар экенин, деги эле парламенттин колдоосуна ээ болгон, парламентте фракциясы бар президент күчтүү болорун айтты.

Көз карандысыз серепчи Кубат Каныметов маегинде .Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирсе Бажы биримдигинин коркунучу жок болорун, Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин Казакстан менен Беларус да кирүүгө аргасыз болорун, эгер антпесе алардын абалы кыйындарын, ал эми Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-сатык алалкалары мурда кандай болсо ошол бойдон кала берерин, анын үстүнө Бажы биримдигине Кыргызстан дароо эле кире калбастыгын, документтери менен мыйзам жагын бекемдегиче эле 1-2 жыл өтүп кетерин, ага чейин Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирип, Бажы биримдигинин мааниси деле калбай каларын, эгерде соода-сатык маселеси буга дейре Орусиянын каалоосуна жараша болуп келсе, ал Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден баштап кичинекей Кыргызстан менен эсептеше баштарын, ал эми кыргыз өкмөтүндөгүлөр Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү менен Бажы биримдигинин коркунучу болбой каларын билишеринен күмөн санап турганын, анткени өкмөт ушул жаатта жаман иштеп жатканын билдирди.

Ушул эле “Де-факто” гезити Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун “Элдин тынчтыгын бузам дегендердин тилеги таш капты” деген аталыштагы маегине орун берди.

Губернатор Жээнбеков, Мадумаров менен Ташиевдин атынан тополоң уюштурууга аракет кылган “дүжүр митингчилердин” баарын таанырын, булардан эл да тажап бүткөнүн, ошондуктан жалпы эл бейпилдикти самап турганда түштүктө абал курчуп, коогалаң кайталанат деген сөздөр суу кечпей тургандыгын, шайлоо мезгилинде мамлекеттик кызматта иштеген бир да жетекчи Атамбаевге добуш бересиң деп эч кимдин артынан түшпөгөнүн, тескерисинче мамлекеттик аткаминерлердин арасында Мадумаров менен Ташиевге иштегендер болгонун, бирок элдин тилеги башка болуп, татыктуу деген адамды шайлап алганын белгиледи.

Губернатор учурда Ош шаарындагы 17 анклавдын жер маселесин бир жактуу кылуу үчүн Атамбаев буга дейре демилге көтөргөнүн, эми облуска караган жерлердин баарын шаардын карамагына өткөрүп, Ош шаарын кеңейтели деген ойго келишкенин, бул маселе жакында чечилерин кошумчалады.

“Де-факто” гезити ошондой эле “Жогорку Кеңештин бир депутаты 4 млн. сом турат” деген теманын алдында бир депутат үчүн сарптала турган каражатты эсептеп чыкты. Жогорку Кеңештин депутатынын айлыгы мурдараак 18 миң сом болсо, азыр 22 миң сомго жогорулаганын, депутаттардын иш тажрыйбасына жараша 3 миңден 6 миң сомго чейин, мамлекеттик чини болсо дагы 1000ден 3 миң сомго чейин, чет тилдерин билсе 300дөн 1000 сомго чейин, вице-спикерлерге 2000сомго чейин кошуларын, жылдын аягында же майрамдарга карата премия дегенин да аларын, жакында эле депутат Өмүрбек Текебаев: “Айлыгым менен премиямды кошкондо 90 миң сом алып таң калдым” деп айтканын маалымдады.

Депутат Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы мурда ага бир депутатка 4 млн. сом кетет деп маалымат бергенин, бирок жакында бир депутатка 800 миң сомдун тегерегиндеги эле акча кетерин айтканын, кандай болгон күндө да президенттин, өкмөттүн иш башкармалыктары кыскартууга баруулары керектигин кеп кылды.

“Фабула” гезити мурдагы депутат, маркум Медет Садыркуловдун жакын санаалаштарынын бири Эрик Арсалиевдин маегине окурман көңүлүн бурду.

Кабарчынын суроосу башынан аягына чейин Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан суроолор болду.

Мадумаров да “Садыркуловдун өлүмү жол кырсыгынан болгон” деп кылмышкерлерди актагысы келип жатканын, маркумдун кимдердин курмандыгы болгонун эл беш колдой билерин, жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаев “Мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев мени колдоп атат” дегенин укканда аябай жаман болгонун, анткени Садыркуловдун өлүмүн Конгантиевдин билбей калышы мүмкүн эместигин, керек болсо кылмышты уюштуруучулардын бири дал ошол Конгантиев болгон деп ойлоорун, ошондуктан Конгантиев баш болуп, ошол убакта таасирдүү кызматты ээлеп тургандардын баары жоопко тартылса жакшы болорун белгиледи.

Ушул күндөрү 60 жашка толуп турган айтылуу композитор Атайбек Бөдөшов 9-декабрда өтө турган юбилейлик кечесине даярдык көрүп жатканын кабарлап, өнөр дүйнөсүнө кантип келгенин кенен кеп кылды. Азыркы күндүн обончулары тууралуу сөзүндө бүгүн алар үчүн чет элдик даяр обондорду уурдап ырдамай адат болуп калганына, кыргыздар көрө албастыгын токтотмоюн өсө албастыгына, улуттук маданиятты баарылап колдоого албаса, Батыштын маданияты маданият болуп бербесине токтолду.

“Фабула” гезитине макаласы басылган өнөр жай кызматкери Алтынай Сулайманова айым орусиялык гезиттер жазып чыккандай президенттин шайлоодогу жеңиши Алмазбек Атамбаевдин гана жеңиши эмес, Кыргызстанды өтө кыйын кезде колуна алып, ушул күнгө жеткирген президент Роза Отунбаеванын да жеңиши экендигин, чынында эле 7-апрелден бери Роза Исаковна аял башы менен эркектер көтөрө албаган оор жүктү көтөргөнүн, Бишкектеги кан төгүүлөр, Ош окуясындагы кыямат күндөр, ыйлап, боздогон уйкусуз түндөр, күнү-түнү жол жүрүп, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, кыргыз мамлекети үчүн моралдык да, материалдык да жардам издеген узак жолдор...

Кандай деген күндө да кыска мөөнөттө дүйнө таң кала тургандай иш жасалганын, ага дейре Кыргызстанды теңине албай, митинг менен ызы-чуудан башы чыкпаган өлкө катары көрсөткүсү келип, жаманатты кылгандар бүгүн өздөрү ишене албай тургандыгын, кыйналган Кыргызстанда кудая шүгүр, тынчтык орногонун, эл аралык карым-катнаш жолго салынганын, эң башкысы бийликтин 20 жылдан берки такка тырмышкан мыйзамсыз чынжыры үзүлгөнүн, Борбор Азия аймагында биринчи болуп президент өз бийлигин ыктыяры менен жаңы шайланган президентке мыйзамдуу өткөрүп бергенге жол чапканын, бул жакшы жөрөлгө малекеттин жаңы тарыхында татыктуу ордун ээлей тургандыгын кубанып сөз кылды.

Алтынай Сулайманова макаласынын аягында Алмаз Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кайрылып, жогорудагы эмгегин эске алуу менен Роза Отунбаевага “Кыргыз эл Баатыры” наамын ыйгарып, дүйнө элинин көз алдында татыктуу узатуу керектигин миңдеген кыргызстандыктар каалап турганын билдирди.

Ушундай эле ойду журналист Баратбай Аракеев да бүгүнкү макаласында баяндады.