“Дело №...” гезити Кыргыз мамлекетине өтө ири суммадагы зыян келтирген “бакиевчилердин” кыргыз соттору аркылуу четинен актала баштаганын жазып чыкты.
“Кереге” гезитинин бүгүнкү саны негизинен президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди колдогон макалалардын топтому менен жарыкка чыкты.
Жазуучу жана журналист Түлөн Акматалиев ушул гезиттеги макаласын “Эрке бала – элдин эрмеги же тамадалык өнөрдү тастыктоо” деп атап, илгерки жар чакырган акын-төкмөлөрдүн ордун азыр той башкаруучу эрке бала же тамада алмаштырып калганын, заман акыры Бишкекте “Тамадалар борборун” ачууга алап келгенин, бул борборду ата-тегинен кан кууган чечендиги бар Эшенкул Барпиев уюштуруп, иштетип келатканын кеп кылды.
Түлөн Акматалиев андан ары совет доорунда партиялык, комсомолдук уюмдун жетекчилери деле салтанаттуу тойлорду башкарганын, маселен сөз кеменгери Салижан Жигитов, журналист журтун тейлеген Тилектеш Ишемкулов, артисттер Кыргызбай Осмонов, Темирлан Сманбеков, Асылбек Өзүбеков тойду өткөрүүнүн мыкты үлгүсүн өнүктүрүп, өстүрсө, алардын артынан Нуркан Койчуманова, Чокойбек Сулайманов, Калипа Чалова, Дарика Сагынбаева, Акылбек Алыбаев, Улан Үсөнов аттуу таланттуулар келатканын, эми ушулардын баары биригип тегерек үстөл өткөрүп, бул өнөрдүн батыш-чыгышын иликтеп, кайсыл тойду кандай алып баруу керектигин кеңешип, пикир алышып алса жакшы болор эле деген оюн айтып чыкты.
Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити бул санын Кыргызстандагы карачай диаспорасынын лидери Исмаил Кочкаровду 2009-жылдын январында өлтүрүп кеткен кылмыштын бети ачылганын кабарлап, ушул ишке катышы бар делеген ички кызматтын полковниги Меликозу Маматалиев менен 16-колониянын жетекчисинин орун басары, полковник Агит Алиев жана Кочкаровдун өлтүрүлүшүн баяндаган журналист Вадим Ночевкиндин үч бетке толгон иликтөө макаласын тартуулады.
Бакиев режиминин башкы каармандарынын бири болгон Алексей Ширшов соттон аппак болуп чыкты. “Кыргыз энергетикасынын серый кардиналы” атыккан бул адамдын артынан эми Максим Бакиевдин командасы толугу менен акталабы?
Ушул суроого жооп издеген “Дело №...” жумалыгы Алексей Ширшовго бир нече кылмыш иштери козголгонун, бирок ал сотко келүүдөн чочуганын, Ширшов азыркы күндө үй-бүлөсү менен Киевде, тууган-туушкандары менен жашап, баарына сырттан байкоо салып турганын, биздин соттор да аны сыртынан соттоп, сыртынан актаганын, анын кымбат баадагы 5 жеңил автомашинасы, Валерий Белоконь деген өнөктөшүнө таандык делген “Манас Банкындагы” акчасынын эсеби да өзүнө кайтарылып берилгенин, эми Ширшов “Манас Банкындагы” акчасынан каалаган учурда каалагандай пайдалана бергенге укук алганын, ошентип анын Кыргызстанга келтирген башка ири өлчөмдөгү зыяндарын айтпаганда да, бир эле “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрүндөгү” трансформаторлор аркылуу мамлекетке 38 миллион сомдон ашуун зыян келтирген Алексей Ширшов Бишкектин 1-Май соту тарабынан сүттөн таза болуп чыкканын, эми мына ушул райондук соттун Ширшовду актаган чечимин Бишкек шаардык соту жокко чыгарары же күчүндө калтырары президенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша болорун, шайлоонун жыйынтыгын Киевде жаткан Алексей Ширшов кандай күтсө, Максим Бакиев менен анын жакын табакташтары болгон Михаил Надель, Валерий Белоконь, Алексей Елисеев да үмүт менен күтүп жатканын окурмандардын оюна салды.
Муну менен бирге эле Бишкектин 1-Май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов “Кыргызгаз” аркылуу мамлекетке 67,5 млн. сом зыян келтирген Игорь Чудиновду актаган чечимин чыгарганын, муну менен бирге эле Чудиновдун Бишкектин Чокморов көчөсүндөгү ага жана анын жакындарына таандык деген үч үйүнө салынган арест да алынып салынганын кабарлап, Алексей Елисеев, Михаиль Надель, Турсун Турдумамбетов өңдүүлөрдүн иши ушул жол менен баратканын жазып чыкты.
Гезиттин башкы макалаларынын дагы бири Бажы союзуна арналды. “Эмне үчүн Кыргызстан Бажы союзуна кирүү үчүн макулдугун берүүдө?” деген суроого жооп издеген басылма өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун айткандарына таянып, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 44 пайыз үлүшү негизинен Казакстан менен Орусиядан алынарын, Кыргызстанда товар экспорттоонун көлөмү башка өлкөлөргө салыштырганда Бажы союзуна кирген өлкөлөрдө 2 эсе жогору болуп жатканын, ошондуктан Кыргызстандын Бажы союзуна киргенден башка ылаажысы жоктугун, ага кирүү менен коңшулаш өлкөлөр менен бажы чек аралары ачыларын, товарлар бажы декларациясы жок эле ташыла баштарын, Кыргызстандын эмгек мигранттарына бир катар социалдык шарттар түзүлөрүн айтканын маалымдады.
Бирок Бажы союзунун анык мүчөсү болуш үчүн дагы далай нерселер барын, союзга киргиси келбегендер өлкөнүн ичинде жетиштүү санда экендигин эскерткен гезит бул боюнча эксперттердин бири, экономист Жумакадыр Акенеевдин оюна орун берди.
“2010-жылдын июнь трагедиясы ким үчүн керек болгонун мезгил аныктайт” деген ат менен ушул коогалаңды иликтөө боюнча убактылуу комиссияны жетектеген Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытовдун маеги басылып чыкты.
Токон Мамытов, Кыргызстандагы улуттар аралык кагылышуунун күнөөкөрү Бакиевдин үй-бүлөлүк – кландык режими болгонун, адегенде Курманбек Бакиевдин катышуусу менен 7-апрель күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы тынч жарандар атылганын, Бакиев Жалал-Абадга качып баргандан кийин да бейкүнөө адамдардын каны төгүлгөнү жөнүндө ойлоп коймок тургай, маадемектен өлкө кыйрап кетсе да элди аккан канга чөктүрсөм дагы бийлигимди кайра апкелем деп айтканын эске салды.
- Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаевди оппоненттери качып жүргөн Кадыржан Батыров менен байланышта болгон деп күнөөлөшүүдө. Чын эле ошондой болгонбу?-деген кабарчынын суроосуна Токон Мамытов:
- Байланышта болгон эмес. Ооба, Алмазбек Атамбаев менен Кадыржан Батыров жолуккан. Бирок Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун аракеттерине жана анын “Ватан” аттуу партиясынын дарегине терс пикирин билдирген. Ал эми Батыров жана анын санаалаштары үчүн кыргыздын да, өзбектин да тагдыры бир тыйынга турган эмес,- деп жооп берди.
Токон Мамытов Жалал-Абад менен Оштогу ошол каргашада кыргыздын да, өзбектин да уюшкан кылмыштуу топторунун айрым лидерлери менен мүчөлөрү катышканын, муну Ички иштер министрлигинин материалдары да тастыктап турганын айтты.
- Эми мындан ары Кыргызстандын ошол Маевка, Ош, Жалал-Абадында болуп өткөн окуялардын кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?-деген суроого генерал депутат:
- Комиссиянын отчетунда эмне кылуу керектиги боюнча республиканын президентине, өкмөтүнө, күч түзүмдөрүнө, депутаттарга 29 беренеден турган сунуштар берилген. Булардын баары керек, бирок эң башкысы – майда-барат деп эсептелген улутчулдуктун ар кандай көрүнүшүн алдын алуу жана ага катуу чара көрүү болуп саналат. Анткени Кыргызстан буга окшогон дагы бир кандуу кагылышты көтөрө албайт,-деп жооп берди.