Эл бөлүнбөйт!

“Кыргыз туусу” гезити шайлоо алдындагы абалга баа берген талкуусун окурмандарга тартуулады
Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити “Генералдар Алмазбек Атамбаевди колдошот”, “Өз бөйрөгүн уулуна берип, өмүрүн сактап калды”, “Окуучу кызды уурдагандар, ага жардам кылган мугалими жана деректири соттолду” деген баштемалар менен ачты.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков гезитке “Максимдин өнөктөштөрү акталып атса, прокуратура каршылык көрсөтүп койгонго жараган жок” деген ат менен маек куруп, соттор Ширшовдорду, Чудиновдорду, Мамлекеттик мүлк министрлигинин мурдагы жетекчилерин актап атканын, өлкөнү так ушулар талап-тоноп, мамлекеттик мүлктү оңду-солду сатып келгени үчүн эл көтөрүлүп, башын сайгандыгын, минтип олтурса соттор эртең эле Максимдин өзүн актап жиберерине жаны кашайды.

Депутат Исаков ошондой эле “5-канал” боюнча Жогорку Кеңештин чечими эң туура чечим болгонун түшүндүрдү.

“Де-факто” гезити муну менен бирге “Бета Сторестен” дүкөнчү кызды сабап, качып кеткен Гюнеш Йылмаз камакка алынганын,

Жалал-Абад шаардык соту 7-класстын окуучу кызын уурдаганга катышы бар 5 адамды 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарганын, Ош шаарынын тургуну Нургүл Исмаилова 5 жылга, анын апасы Гүлбара Исмаилова 5 жылга, англис тили мугалими, уурдалган кыздын класс жетекчиси Миргүл Жусмаматова 6 жылга, мектеп деректири Рахат Авазова, завучу Айсалкын Тойчиева 2 жылга эркинен ажыратылганын кабарчы Анархан Жаңыбаеванын макаласы аркылуу маалымдады.

Эл акыны Анатай Өмүркановдун айтылуу композитор Түгөлбай Казаков тууралуу баянынын уландысын басты.

“Фабула” гезити Ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаев Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупция башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад облусттук бөлүмдөрү менен бирге өткөзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө түштүктөгү кылмыштуу топтун бардыгы жоюлганын жар салганын, учурда түштүк аймагында эч кандай кооптуу жагдай жок экенин билдиргенин,

Ферганадагы эң чоң базарлардын бири эсептелген Кара-Суудагы “Туратали” базарынын бир кездеги деректири, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы Абдалим Жунусовду 2005-жылдын сентябрында өлтүрүп, ошол бойдон дайынсыз жүргөн 34 жаштагы шектүү адам Сапарали Аканов камакка алынганын кабарлады.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун “Сөз эркиндиги кимге коркунучтуу?” деген макаласы жарык көрдү. Автор Кыргызстанды мурда бир үй-бүлө башкарып келсе, азыр 120 депутат элдин эркин өзүнө ыйгарып алганын, “рейдерчиликти” Жогорку Кеңеш өзү баштап жатканын, анын мисалы катары “5-каналды” атаса болорун сөз кылуу менен парламентти, анын төрагасы Ахматбек Келдибековду сынга алды, массалык маалымдоо каражаттарынын өз алдынчалыгы сакталууга тийиш деген оюн билдирди.

Маркум Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү Садырбаеванын маеги окурмандарга тартууланды. Бах көчөсүнө Садырбаевдин аты берилгенин, бирок аты жазыла электигин, ага 200 миң сом кетерин, шаар башчысы Иса Өмүркулов жаздырып бермекчи болгонун, Докенин санаалаштары Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев баш болгон адамдар келип, жылдыгында жылкы союп, куран окутушканын, маркумду эстегендиктери үчүн Докенин тууган-туушкандары ыраазы болгонун, ошондой эле Каркыраны сактап калабыз деп барып каңыргы түтөп кайткан учурду, Докенин ууланганын, Бакиев жана анын бийлиги менен мамилесинин айрым бир абалын баяндап берди.

Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Демократияны жиндикратия кылып алганыбыздын бир белгиси ушул” деген ат менен маеги кыргыз тилинин тагдырына арналды.

Журналист Болотбек Таштаналиев “Алиби” гезитиндеги “Калп ырыскы кесет” деген макаласында президент болуу деген өтө чоң жоопкерчилик экендигин, президент болуу үчүн адам бүтүндөй өмүрүн даярдашы керектигин, тилекке каршы кыргыз азаматтары мамлекеттик ишмер болуу дегенди мамлекеттин эсебинен жансактоо деп түшүнүп алышканын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити белгилүү публицисттер Эсенбай Нурушев, Кубан Мамбеталиев жана коомдук ишмер Бектемир Мурзуибраимов катышкан талкууну сунуш кылды.

Талкуу төрт күндөн кийин өтө турган шайлоого арналып, утулуп калган талапкер чыр чыгарып, мунун акыры элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып келбес бекен деген суроонун айланасында болду.

Эсенбай Нурушев президенттикке талапкерлер элдин тагдырын өздөрүнүн тагдыры менен чаташтырып алышып, биздин тагдырыбыз кандай болсо элдин тагдыры да ошондой болот деп элди коркутуп атышканын, республика экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн, реванщисттер, сеператисттер чыгышы мүмкүн деп өздөрү көбүртүп, буга Акүйгө кызмат кылган эксперттер жана башкалар кошумча болгонун, бирок анын көз карашында бөлүн десе эле бөлүнүп кеткендей эл акмак эместигин айтса,

Кубан Мамбеталиев эл чуу салбастыгын, чууну утулуп калган талапкерлер саларын, Акаев менен Бакиевдин учурундагыдай диктатура деген азыр жоктугун, анын оюнча бул шайлоодо админстративдик ресурс деген болбостугун, шайлоо элдин добушу менен чечилерин, ошондуктан эртеси мындай болуп калды, тигиндей болуп калды дей бербестен ар бир жаран шайлоого келип добушун бериши керектигин айтты.

Бектемир Мурзубраимов анын оюнча шайлоо тынч өтөрүн, катышкандардын саны 60-70 пайыздан кем болбостугун, шайлоочулардын көбүнүн көзү ачылып калганын, эл өзү да бөлүнбөйлү, жарылбайлы деп, бир талапкерге токтойлу деген билдирүүлөр менен чыгып атканын айтты.

“Кыргыз туусунун” ушул эле санына Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы, академик Бектемир Мурзубраимов “Келечегибиз – тандообузга жараша болот, же шайлоо алдында замандаштарга кайрылуу” деген аталыштагы макаласын сунуш кылуу менен өлкө оор саясый кырдаалдын алдында турганын, Кыргызстанды мындай өлкө, тигиндей мамлекет кылып ийсек, саясый жактан, ал гана эмес, диний жактан көз каранды кылып алсак деген күчтөр арбын экенин, ошондуктан биримдикти жана ынтымакты көрсөтө турган учур келгенин, мамлекеттин башына келе турган кишини туура тандоодон жаңылбай, шайлоону бир тур менен эле чыр-чатаксыз жыйынтыктоону, анткени кыргызстандыктардын түпкү кызыкчылыгы да, максаты да бир экендигин, ошондуктан кыргыз элинин улуу нарк-насилин сактап, ар кандай ушак-айыңдарга ишенбей, куюлган арак-шараптарга, таркатылган акчаларга жана буюмдарга, провокациялык чакырыктарга алданбай, ар бир бөлүнүп-жарылууга карата айтылган сөз кыргызга кыянаттык алып келерин түшүнүү менен татыктуу талапкерди тандап алууга чакырды.

Эл мугалими Султан Мамбеткалиев баштаган окумуштуулар “Атка минерлерди кыскартып, үнөмдөө саясатын жүргүзүү зарыл” деген сунуш менен чыкты.

Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуевдин жаңы ырларын да “Кыргыз туусунун” бүгүнкү санынан окуйсуздар.