Басма сөз: Талапкерлердин акчасын санайбыз

Гезиттердин биринчи сөзү шайлоо жарышына түшкөндөрдүн аракеттерине арналууда...
“Добулбас” гезити “Кечээ президенттикке талапкер Марат Султанов өз талапкерлигин алып салып, добушун Нариман Түлеевдин пайдасына бере тургандыгын билдирди” деп,

“Дагы бир талапкер Акылбек Жапаров шайлоо жарышынан баш тартып, талапкерлигин алып салары дайын болду” деп,

“Атамекенчи” Кубатбек Байболов да калың топтон суурулуп чыкчу кайсы бир талапкерге ыктоонун аракетинде” деп,

“Президентикке талапкер Нариман Түлеевдин кечээ Маскөөгө кеткени дайын болду” деп кабар таратты.

Ушул эле гезит “Парламент кумарканалардын бир эшигин жапты, бирок казинолорго күчү жетпеди” деген, ошону менен бирге эле Боршайкомдун учурдагы ишмердигин сынга алган, президентикке талапкерлер Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров тууралуу макалаларды тартуулады.

“Алиби” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Жаныш Бакиев коркунучтуубу же диний радикалдарбы?” деген макаласын жарыялады. Былтыркы Ош коогалаңы башталарда мечиттерден азан чакырылганын эске салган автор бүгүн ошол эле Ош аймагындагы 722 мечиттин 177си мыйзамсыз, тагыраак айтканда эч кандай каттоосуз иштеп жаткандыгын, деги “булардын ишин жөнгө салган мыйзам же мекеме барбы, же Кыргызстанда ким каалаган намазын окуй берсе болобу?” деп коңгуроо кагуу менен, соңку жылдары тыюу салынган радикалдык диний агымдар республиканын түндүк аймагында да күчөп баратканын белгилеп: “бийлик, бийликтин күч түзүмдөрү элди Жаныш Бакиев кирип келди деп коркуткандан башка да кыла турган иши барбы, улам ашынып бараткан радикалдык күчтөрдү тизгиндей алабы?” деп суроо койду.

Ушул эле гезит кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай уулунун “Мен Кыргызстанга ат тезегин кургатпай келсем, өз элиме, өз жериме келгендирмин” деген ат менен маегин окурмандардын ой элегине салды. Макелек мырза маегинде кыргыздагы “кыргылчалдык”, чагымчылдык, эл бузарлык жагдайында кенен кеп оодарды.

“Фабула” гезити жаңы санын журналист Эрнис Балбаковдун “Кайсы талапкердин капчыгы калың?” деген макаласы менен ачып, президенттик жарышка түшкөндөрдүн шайлоо куржунундагы акчасынын эсебин тизмеге алганда эң эле акчасы арбыны Адахан Мадумаров, акчасы азы Шамшыбек Медетбеков болуп чыкты. Адахандыкы 16 миллион 872 миң 80 сом болсо, Шамшыбектики болгону 30 миң сом экен...

Аталган гезиттин кабарчысы Айбек Шамшыкеев Кыргызстандын Россиядагы элчиси Улукбек Чыналиев менен маектешти. Элчи мырза маегинде Бажы союзу, миграция, шайлоо маселеси тууралуу суроолорго жооп берди.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Кыргызстанда өзбектер кыргыз тилинде билим алууга ынтызар” деп аталып, мамлекеттик тилди ар бир улуттун өздөштүрүүсү этникалык карама-каршылыктарды жоюуга эң сонун шарт түзөрүн баса белгилеп, анын жүйөөлөрүнө токтолду.

“Де-факто” гезити “Ташиев район деңгээлиндеги лидерби?”, “Мадумаров неге Бакиевдин штабында олтурат?”, “Айдар Акаевдин жарым миллиону кимдин капчыгында?”, “Соттордун “сойкулугу” жана калпты чындай чыңырган Садыр Жапаров” деген майда макалалар менен ачты.

Президент Роза Отунбаеванын Биринчи радионун кабарчысы Сабыр Абдымомуновго берген маеги “Шайлоону өткөрттүрбөйбүз деген саясый күчтөр жок” деген ат менен жарыяланды. Президент өз сөзүндө элдин кооптонуусуна эч кандай коркунучтар жоктугун, коопсуздук кызматтары чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарып турганын, мобилизациялык күчтөр жетишээрлик экендигин кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Чаткалдын алтынынын пайдасын ким көрөт?”, “Ажылыкка визаны сатып пайда көрүшкөн”, “Сары Өзөн Чүйдүн талаалары таштандыга айланабы?” деген баштемалар менен ачты.

Баткендин Лейлегине караштуу Маргун, Жаңы-Жер, Бешкент жана Кулунду аймактарынын 48 миң 500 тургунун атынан кол койгон 162 адамдын жол көйгөйү тууралуу бийлик башындагыларга багышталган каты жарык көрдү.

Кат жазгандар маселени тез арада чечүүнүн бирден бир жолу катары – Кулунду-Маргун-Мадиген-Самаркандек автожолунун эң оор делген Мадиген участогун оңдоо керектигин, ал болжол менен 15-20 чакырымды түзөрүн, муну жергиликтүү элдин демилгесин колго алып ашар ыкмасы аркылуу чечсе деле болорун айтышкан. Эгерде бул жол бүтпөсө төрт айыл округунун 48 миңден ашуун эли келечекте Тажикстандын жолдору аркылуу каттап каларын, мындай көрүнүш барып-келип эле анклавдык азапты жаратарын белгилеп, аталган жол курулуп калса биринчиден чек ара бекемделерин, экинчиден ички жана тышкы миграция кыскарарын, үчүнчүдөн мамлекеттин экспорттук көлөмү көбөйөрүн, анткени жол курулуп калса Арка өрөөнү аркылуу Тажикстанга, андан ары Ооганстан менен Ирандын чоң рынокторуна жол ачылып, чекене сооданы өнүктүрүүгө анык шарт түзүлөрүн, муну менен бирге 15 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөрүн, бул деген келечегинде дагы бир район түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин түшүндүрүшкөн.

Кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай уулунун Кытайдагы “Кыйлоңжыяндык кыргыздар” тууралуу макаласынын корутунду бөлүгү басылып чыкты.

Белгилүү акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун “Азаптын элүүнчү ыры” деген деген ыр жыйнагы тууралуу сынчы Самсак Станалиевдин макаласы “Тагдырдын поэзияга айланышы” деп аталды.

Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаарынын жака-белин кыдырып чыккан Дүйшөн Каримовдун “Кыргыз туусу” гезитиндеги макаласы “Сары Өзөн Чүйдүн талаалары таштандыга айланбы?” деген аталыш менен жарыяланды.

Кайсыл жаккка барбасын, жалаң таштандылардын уюугуна туш болгон автор, жол жээктеринде, өзөн бойлорунда, карьер-аңгектерде, кокту-колоттордо, такыр талааларда, алтургай мүрзөлөргө чейин таштанды басып кеткенин кейиш менен кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министри Алмасбек Абытовдун “Мени кубандырганы – жарандарыбыздын четте жүрүп байыган көптүгү” деген аталышттагы окурмандар менен түз байланыштагы суроо-жообу тартууланды.