Гезиттер Медет Садыркуловду жырткычтык менен өлтүргөндөрдүн бети ачылып, кандуу из дагы далайлардын “артынан” баратканын жазып чыкты. Мындан тышкары саясат, эл турмушунун ар кыл өңүтүн баяндаган маалыматтарга орун берилди.
“Жаңы агым” гезити күтүүсүз дүйнөдөн кайткан Мелис Эшимкановдун сүрөтү жана көңүл айтуу менен бүгүнкү санын ачты.
Чынында эле улуттук басма сөздүн эркиндик келгенден кийинки кантип жазарды билбей турган белгисиз жолунда оттой жанып чыккан тубаса туюму күчтүү, сергек, өмүргө да, өлүмгө да өзгөчө жол издеген бунтар, авантюрист, досу канча көп болсо, касы андан да көп, жакшы көргөндөрү канчалык арбын болсо, жек көргөндөрү андан да толтура, эң башкысы басып жүргөн өлүк эмес, күн сайын тирүү турган, күн сайын күйүп турган, күн сайын жанып турган, жалган менен чындай, ак менен карадай, өзгөгө да, өзүнө да өтө карама каршы инсан, жаңы кыргыз журналистикасынын негизин салып, түбүн түптөп кеткен чыныгы атуул, чыгаан саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимканов күтпөгөн жерден дүйнө салды.
Биз дагы, “Азаттык” радиосунун эмгек жамааты орду толгус жоготууга туш болгон Мелис Эшимкановдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жакындарынын, тууган-туушкандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, мүчөөлүү болгон 48 жашында кете берген Мелистин жанын жаннатан берип, топурагынын торко болушун Кудайдан тилейбиз.
Акыркы такталган маалымат боюнча Мелис Эшимканов менен коштошуу зыйнаты буга чейин маалымдоо каражаттарында айтылгандай 17-сентябрда эмес, дем алыш күнү - 18-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болорун эскерте кетмекчибиз.
Ушул эле гезит журналист Алым Токтомушевдин “...мания” аттуу макаласын тартуулады.
“Манас жомок болуудан калды. Өзүбүз жомокко айландык. Манасоманиялар борбор шаардын атын Манас коебуз деп ураан чакырып, мамлекет жетекчилерин демитип келет. Ошондо гана жыйырма жылда карарган дилибиз агарып, басынган ар-намысыбыз башын көтөрүп, экономикабыз бутуна турат имиш. “Манас” эпосун вульгаризациялоо - көрүнгөн жерге көтөрүп чабуу көбөйүп кетти” деп жаны ооруп жазды.
“Жаңы агымда” ошондой эле “Медет Садыркуловдун өлтүргөнгө шектелген генералдар жана Мадумаров” деген макала бар.
“Кыргыз руху” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Жаңыл мырза, Курманжан датка, Роза баатырбы?” деген макаласында Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Роза Отунбаева ордун өз эрки менен бошотуп бергендиги менен дүйнө тарыхында кала тургандыгын белгилеп, анын бийликтеги ишмердигин кеп кылып, эми аны кызматынан жөн узатпай, кыргыздын чыгаан кызына “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берип узатуу керектигин кеп кылды.
Журналист Жыргалбек Турдукожоевдин “Кыргызстандын патриоттору силер эмессиңер, мырза фарафоновчулар!” деген маеги жарык көрүп, ал анысында “Согласие” деп аталган славян кыймылынын анабашы Владимир Фарафонов Кыргызстанды кантип жаманаттылап, каралаган макалалардын серияларын кантип жаздыртып келатканына жаны кашайса, Жыргалбек Турдукожоевдин бул маегине каяша кылган фарафоновчулардын жообу жанына жарык көрдү. Маек да, макала да орус тилинде.
“Фабула” гезити Алмаз Темирбек уулунун “Садыркуловду сабап, муунтуп өлтүрүшкөн, андан соң өрттөшкөн” деген, Айбек Шамшыкеевдин “Бир карын майды чириткен бир кумалак - милиция же муфтийдин сырдуу өлүмү...” жана “Согуш” жарыялаган 15 депутат, соккуга кабылган Кулов” деген макалалары жарык көрдү. Гезитке ошону менен бирге эле жетиөгүздүк Бейшеналы Жамгырчиевдин сандан санга жарыяланып келаткан курултайлар тууралуу макаласы, Эртабылды Аттокуровдун талашка түшкөн “Тайгүлүк” балдар бакчасы тууралуу баяны бар.
“Алиби” гезити шайлоонун алдындагы ар кандай аракеттерди, саясат айдыңында аркы-терки жортуп жүргөн кеп-келечтерден кабар таратты. Маселен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун тирешин, “Кыял” бирикмесинин талашка түшүп жатканын, Бакиевдин дагы бир качып жүргөн иниси Марат Бакиевдин кыргыздын айрым аткаминерлерин Казакстандын бир бурчуна жыйнап алып, президенттикке кимди колдой тургандыктарын мээлерине кыттай куйганын маалымдады.
“Садыркуловдун өлүмүнө Мадумаровдун катыштыгы барбы?” деген Абай Капаровдун макаласы да ушул “Алиби” гезитинин жаңы санында.
“Кыргыз туусу” гезити жума күнкү санын “Эски бийликтин былыктары эми чындап чубалмакчы” деген баштема менен ачып, 13-сентябрь өлкөнүн соңку тарыхында сенсациялуу күн болуп кирерин, анткени дал ушул күнү Ички иштер министрлиги Курманбек Бакиевдин кылмыштуу кланынын эң эле мыкаачылык ишинин бетин ачканын баяндаган журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы менен ачты.
Гезиттен Кытай сапарында болгон өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин “Темир жолду курууну создуктурууга болбойт” деген сөзүн шилтеме кылган Назира Алиеванын макаласын, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кыргызстандын калкын шайлоо алдында биримдик менен ынтымакка чакырган кайрылуусун, Бишкек жылуулук борбору менен Кыргыз радиосунун мааракелерин окуйсуздар.
Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиеванын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү маеги да “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санында жарык көрдү. Ардак наам, орден, медалдардын тегерегиндеги ар кандай ой-пкирилердин келип чыгышына эмнелер себеп болуп келаткандыгын комиссиянын жооптуу катчысы кең-кесири кеп кылып берди.
Мамлекеттик токой агенттигинин деректири Баянбек Кадыровдун макаласы токой кызматкерлеринин 18-сентябрда белгилене турган майрамын утурлап жарык көрдү.
Саясый илимдердин доктору Жолборс Жоробеков макаласын “дагы бир жолу Ош окуясы тууралуу” деген рубриканын алдында жарыялап, анысын “Улуттук комиссиянын тыянагы туура болгон” деген ат менен чыгартты.
Профессор Жолборс Жоробеков Ош окуясын иликтеп чыккан комиссиянын материалдарын талдоого алуу менен аягында “Чын-чынына келгенде Абдыганы Эркебаев башында турган комиссиянын жыйынтыктары өтө салмактуу, мамлекеттик көз караштан теңдештирилген туура чечим болгон. Муну кийинки ушуга окшогон топтордун отчеттору даана көрсөттү” деген ой менен жыйынтыктады.
Белгилүү акын Субайылда Абдыкадырованын көзү өткөндүгүнүн бир жылдыгын эскерген кызы Жылдыз Тойбаеванын, калемдештери: айтылуу акын, Кыргыз Республикасынын баатыры Сүйүнбай Эралиевдин, акындар Меңди Мамазаирова менен Бурулкан Карагулованын ойлору жарык көрдү.
Эми кайрадан публицист Алым Токтомушевдин “Жаңы агым” гезитиндеги “Манастын” айланасында ой толгогон макаласына келели. Акыр заман болордо көзү ачыктар менен бүбү бакшылар көбөйөрү Ыйык Китепте айтыларын мисалга алган автор, өткөн жылы бир короо киши Соң-Көлгө кут түштү деп жылкы сойдуртуп, кымыз ичип, “Манас” айтып 41 күн баса жатканын, ошондон жыйырма жылдан бери карарган дилибиз агарып, басынган ар-намысыбыз башын көтөрүп, экономикабыз ордунан тура чуркап кеткен имиштигин, кыскасы буга дейре экономикабызды Москва, Кытай, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк кредиттери көтөрүп келди деп келсек, эми буга айкөлдүн арбагы кошулганын какшыкка алды.