Мектеп “соодасы”

Гезиттер бийликти айлангандардын 20 жылдан бери алмашпай келатканы, шайлоо, Маскөөдө кыргыздарды тоноп жүргөн кылмышкердин кармалышын, мектептеги коррупциянын бир кенедей бучкагын жазып чыкты.
“Эң өкүнүчтүүсү, Акаев менен Бакиев заманынан бери бийликте жүргөн, өз чөйрөсүнө жаңы муунду киргизгиси келбеген, бийликке ким келбесин коюн-кончуна кире калганга маш, саны 200-300 чамалуу саясый элитадан дароо кутула албайт окшойбуз. Демек кыргыз элине дагы далайга бел бекчейтип, көз чекчейтип, чыдай турууга туура келет” деп жазды журналист Темирбек Алымбеков бүгүн жарыкка чыккан “Жаңы агым” гезитиндеги макаласында.

Автор 20 жыл ичинде эл үчүн иштеген бийлик дээрлик жок болгонун, Кыргызстандын бардык бийлик бутактарын паракорчулук, коррупция, трайбализим деген айыкпас дарт каптаганын кейиш менен кеп кылды.

Андан ары “Жаңы агым” гезити желдирме кабарлары аркылуу “Генерал Өмүрбек Субаналиев президенттикке талапкерлигин алдырып салса ички иштер министрлигин же “үч тамга” жетекчилигин алышы ыктымал” деп,

“Кокус макул болсо Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов транспорт министрлигине барышы мүмкүн” деп,

“Коалициялык өкмөттү таркатууга эки жолу аркет көрүлүшү ыктымал. Биринчиси – сентябрдын ортосунда, экинчиси- президенттик шайлоодон кийин. Жыйынтыгында “Ата-Журт” фракциясы парламенттик көпчүлүктөн чыгып, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков жылуу тактысы менен кош айтышы мүмкүн” деп,

“Кадимки Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад ички иштер башкармалыгына дайындалары билинип калды” деп,

“Түшпөс хан” аталган Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматов үч күндөн кийин ээлеген ордун өзүнүн 1-орунбасары Таалай Сабыровго өткөрүп берет экен” деп маалымат таратты.

“Алиби” гезити жаңы санын Тынчтык Алтымышевдин “Кооптондурган коопсуздук” аттуу макаласы менен ачып, мурдагы КГБ, азыркы Улуттук Коопсуздук комитети аталган атайын кызматтын ишмердүүлүгүн сынга алды. Кыргызстандын талап-тоноого учурап, жери менен кенинен ажыроодо, өлкөнүн бүгүнкүдөй экономикасы алсыз абалга келишине дал ушул комитеттин шалаакылыгы, ашкере саясатчыл, аймакчыл, бийликчилдиги, 20 жылдан бери мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, бийлик башына келген бир ууч топтун чапанын жаап, камчысын чаап келатканы себеп болгонун айтып чыкты.

Аталган гезит айкөл Манас боюнча атайын мыйзам жазып, анын чыгымын да өзү көтөрүп, ЮНЕСКОго чейин барып, “Манасты” каттоо иштерин тактап, айкөлдүн арбагы үчүн күйүп-бышып келаткан азаматтардын бири, депутат Карганбек Самаков Манас менен Улуу Чыңгыздын аянтка коюла турган айкелдерин тургузууга 5 млн. сом кошконун,

Эгемендиктин 20 жылдыгына карата абактан 7 миң киши боштондукка чыгып, үй-бүлөсү менен жүз көрүшмөкчү болгонун,

Сентябрдын аягында ар бир райондун мектептеринде бардык мугалимдерди тестирлөө башталарын, тесттен өткөндөрдүн эң мыктыларынын айлыгына 10 пайыз кошумча акча кошуларын, тесттен кулаган мугалимдер иши менен кош айтышарын кабарлады.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун алдыңкы сабында делген чечен улутундагы Казбек Билалов Орусиянын борбору болгон Москва шаарына качып кирип баш калкалап, ал жакта да жөн жатпай, мигрант кыргыздарга күн көрсөтпөй, салык салып, талап-тоноп жүргөндүгүн, уюшкан кылмыштуу топтун бул эргулун 19-август күнү Кыргызстандан атайын аны кармаш үчүн командировкага жөнөтүлгөн күчтүү опер топ колго түшүргөнүн, Казбек Билаловду кармоо учурунда анын Бахтияр аттуу шериги 4-кабаттан секирем деп жан кыйганын маалымдады.

“Азаттыктын” угармандарына айта кетели, Казбек Билалов илгери Рыспек Акматбаев кылмыш дүйнөсүн “кың” эттирбей башкарып турган кезде абактагы Камчы Көлбаевди Азиз Батукаевдин балдарынын кандуу колунан арачалап калганы, 2004-жылдары Феликс Кулов менен бир камерада олтуруп, аны да тумшуктууга чокутпай, калкалап келгени айтылып келет.

“Фабула” гезитине маек курган экс-депутат, ишкер Рахатбек Ирсалиев сот реформасына токтолуп, Америкада сотторду эл өзү шайлаарын, бизде да ушундай шарт түзүлүшү зарылдыгын, 5 млн. калкы бар делген Кыргызстандын парламентине 120 депутат көптүк кыларын, 15 млн. калкы бар Москва шаарынын депутаттарынын саны болгону 37 гана экенин, ошондуктан азыркы парламентти таратуу керектигин, жакында “Башмыйзамды өзгөртүп, президенттик башкарууга кайтып келиш керек” деген демилгечи топ кол топтой баштаганын баяндады.

Ишкер Рахат Ирсалиев ошону менен бирге эле өзү Ала-Бука районунун Шакафтар айылына турак жайлардын ичи-сыртын жасалгалоого колдоно турган таш чыгаргыч завод курганын, бүгүн анда 80 адам иштеп жатканын, өндүрүлгөн продукциянын 90-95 пайызы Казакстан менен Россияга экспорттолорун, анткени завод чыгарган продукциянын бир чарчы метри сапатына жараша 15 доллардан 20-25 долларга чейин болушу жергиликтүү адамдар үчүн кымбатка туруп жатканын айтты.

“Жаңы агым” гезитине журналист Темирбек Алымбековдун “Ушундай министрликтин кереги барбы?” деген макаласы басылды.

Журналист Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл болгонун, төрөлгөн балдар 20га чыгып солкулдап турган менен мектептен кандай билим алгандыгы жанды кейитерин, анткени 20 жылдын аралыгында дээрлик каралбай калган тармак билим берүү тармагы экенин, Бакиевдин тушунда 70 миң бала мектепке барбай калды деп чуу түшкөн учур болгонун эске салды.

Макалада мектептердин башкы көйгөйү окуу куралдарынын жетишсиздиги. Мамлекет быйылкы окуу жылына карата окуу куралдары үчүн 200 млн. сом бөлгөнүнө карабастан ал 62 пайызга гана камсыз болгон. Дагы бир армандуу жагдай Кыргызстан билим деңгээли боюнча дүйнөдө 65-орунда калды. Борбордун мектептериндеги орун жетишпегендик болуп көрбөгөндөй коррупцияны пайда кылып, балдардын мектепке кабыл алынышы базардагы кадимки соодага айланууда. Мектеп фондусу делип төлөнө турган взностун көлөмү 5 миңден 25 миң сомго чейин жетти. Билим минстринин орунбасары Гүлжигит Сооронкуловдун айтымында, 1-каласска кирчү баа, 5 миң сом менен эч ким сүйлөшпөй, 8 миң сомго чыккан. Мынча акчаң болбосо балаңды жетелеп алып кайра үйүңө кете берсең болот.

Автор аталган макаласын аяктап баратып: “Билим берүү жана илим министрлиги мектеп деректирлерин иштен алалбаса, мектепке бөлүнгөн бюджеттик каражатка ээ болалбаса, анда мындай министрликтин кимге кереги бар? Жоюп эле салбайлыбы?” деп суроо койду.

Бул санда Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын уюштуруу жана Курманжан датка жылын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы деректири Султан Раевдин маеги да бар.