Гезиттер: Айкелдер шаары

Гезиттер борбордук аянтка коюла турган айкелдер тууралуу ой-пикирлерди, шайлоого карата маектер менен макалаларды, элине эмгеги сиңген инсандар тууралуу эскерүүлөрдү жарыялады.
“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын депутаттардын тартиби менен маданиятын сынга алган жана борбордук аянтка Айкөл Манас менен Айтматовдун айкелдерин тургузуу боюнча өкмөттүн чечимин кубануу менен кабыл алганын билдирген “Элдин үнү” деген баштеманын алдындагы окурмандардын каттары менен ачты.

Аталган басылма журналист Мырзакат Тыналиев “Байло берген “байталды”, Түлеев келип убактылуу кайта алды... Өмүркулов болсо, маселени мыйзам чегинде чече албай ары-бери чайпалды” деген ат менен макала жарыялады.

№266 токтом менен Арча Бешик турак жай массивинин Кривоносов көчөсүнөн жер тилкелери мыйзамдуу бөлүнсө да, мэриянын жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан долбоорлор бекитилип, үй курууну баштоого уруксат берилсе да жер ээлери азыркыга чейин мыйзамдуу жер тилкелерине бара алышпай жатканын, айыгышкан каршылыктарга карабастан Ош базарын тартипке салган шаар башчысы Иса Өмүркулов ушул иште эмнегедир алсыздыгын көрсөтүп жатканын сынга алды.

Үркүндүн 95 жылдыгына карата жарык көргөн макалалардын катарына тарых илимдеринин кандидаты Мистегүл Махмутбекованын “Тагдыры татаал Үркүн күйөрманы” деген баянын жана Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Үркүн жана “Мисмилдирик” деген макаласын окууга болот.

Кеңеш Жусупов жазуучу Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик” аттуу романын окуп чыгып, андан алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноевдин өмүрүн эстегенин, ал кудум романдагы Мукай сымал элдин тарыхын, санжырасын чогултуп, ыр жазып жүрүп, түрмөгө камалып, Англиянын тыңчысы делип жок болгонун, ушул азыр да орустун бир уулу каза тапса, борбордун чок ортосунан эстелик койгонго дароо жер да, акча да табыларын, ал эми 16-жылдагы 200 миңден ашуун кыргыз каза болгон Боом капчыгайынын оозуна эптеп бир белги салганыбыз өтө ар-намыска тие турган кейиштүү иш болуп келатканын кеп кылды.

ОшМУнун профессору Акимжан Закировдун “Бийлик кызматын азайтуу керек, же Ош коогалаңынын генезисине психологиялык анализ” аттуу макаласы учур маселесине окурмандардын көңүлүн бурду.

“Алиби” гезити “Азаттык” радиосу уктурган материалдарды көчүрүп тартуулоо менен бүгүнкү санын ачып, баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин “Президент болгусу келгендер эмнеге көп?” деген макаласын сунуш кылды. Автор анысында эгер кыргыз ушул темп менен дарбый берсе талапкерлерди каттоо токтотулгуча президент болгусу келгендердин саны элүүгө жетип барарын белгилеп, аларды төрт топко бөлдү.

Папан Дүйшөнбаев андан ары өлкө парламенттик-президенттик башкарууга өтүү менен президенттик кызматтын күчү мурдагыдай болбой, Англиянын ханышасындай болуп калганын, бирок ага болбой эле президент болом дегендердин көбөйгөндөн көбөйүп бараткан себебине токтолуп, биринчиден айрым оор салмактагы талапкерлер башынан эле Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу ачык эле маселе коюп келгенин, кокус алар жеңип чыкса супер президенттик башкарууну кайрадан калыбына келтирерин, ал эми оппозициядагы партия лидерлери президент болуп калса жаңыдан телчий баштаган парламенттик башкарууну коргоп чыгарын жазып чыкты.

Бек Мамашевдин “Алиби” гезитиндеги макаласы “Авторитеттер камалган менен кылмыш азайган жок” деген аталышта жарык көрүп, алдыдагы президенттик шайлоодо криминалдык топтордун таасири болор-болбосун убакыт көрсөтөрүн, анткени кылмыштуу топтордун үчтөн экиси дале боштондукта жүргөнүн, саясый күчтөр тарабынан Камчы Көлбаевдин ордуна “короновать” этилет деген авторитет жакында каза болуптур деген маалымат барын, кылмыштуу топторго каршы күрөштүн эми экинчи этабы башталганын баяндады.

Дани Сары Бекмырзанын катында борбордук аянтка Манастын 17 метрлик айкели орногондон кийин, филармониянын алдындагы Манастын эстелиги артыкбаш болуп калганын, андыктан аны башка жерге көчүрүп, ордуна Токтогулдун айкели коюлушу зарылдыгын айткан сунушу басылды.

“Фабула” гезити сот болом дегендер Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровго баруулары керектигин, анткени Сотторду тандоо кеңешине төрагалыкка шайланган Замирбек Базарбеков экөөнүн үй-бүлөлүк катышы катуу экенин, эми Базарбековдун бул кызматка татыксыз экендиги туш-туштан айтыла баштаганын, ал Кара-Суу районунда сот болуп туруп бир топ иштерди былгытканын, Кыргызстандын борбор шаары Айкөл Манастын аты менен аталса ар бир кыргыз чөнтөгүнөн акча чогултуп, ага кетчү чыгымдарды жапмактыгын, Баш мыйзамга ылайык шаардын атын өзгөртүү боюнча 10 миң кишинин колу керектигин, муну деле заматта чогултуп койсо болорун кабарлады.

Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун “Мындай сынактан мотоцикл айдаган аюулар деле өтүп кетет” деген маеги жарыяланды.

Маегинде Рыскелди Момбеков президенттикке талапкерлерден тил боюнча сынак алуу комиссиясынын курамына кирбей калышынын себептерин кенен түшүндүрүп берди. Маектин жанына тил комиссиясынын курамына киргендердин тизмелери басылып чыкты.

“Ай тамга” коомдук фондунун төрагасы Карыпбек Алымкуловдун маеги “Батыштын кара туманы каптап, улуттук идеологиябызды жоготуп алдык...” деп аталса,

Депутат Марат Султановдун маеги “Шайлоодо жакшы ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүгүм бар” деп аталды.

Мелис Карыбековдун “Дүрбү” деген аңгемеси да “Фабула” гезитинин ушул санында.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, таланттуу жазуучу Аман Саспаевдин өкүнүч маеги “Өлгөндөн кийин сыйлык албай, көзүмдүн тирүүсүндө алсам болот эле” деп аталып, буга чейин Касым Тыныстанов атындагы Каракол мамлекеттик университети "Кыргыз эл жазуучусу" деген наамга көрсөткөнүн, документи Маданият министрлигине бир канча жолу жөнөтүлүп, бирок эч майнап чыкпай келатканын, өзү 82 жашка чыкканын, кара сөз чебери кейип кеп кылды.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Чыңгыз агабыздын аты менен тең ата болгом” деген ат менен тартууланды.